(Биринчи макала)

Ошентип, кечээ күнү БШК Бабановдун доо арызы боюнча “Чагылган” маалымат сайтынын аккредитациясынан ажыратуу боюнча экинчи ирет жыйын өткөрүп, анын жыйынтыгы менен биздин сайттын аккредитациясын алышты… БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул маселе боюнча өз пикирин калыс айтты эле. Бирок БШКдагы башка бабановчулар жеңип кетти. Эмесе, бул маселе боюнча кеп башынан болсун…

Окурмандарга белгилүү болгондой  биздин “Чагылган” сайты бийликке да, оппозицияга да жан тартпайт. Эки тараптын тең жакшы-жаманын бирдей жазып келет. Өзгөчө кыргыз мамлекетинин канын сүлүк курттай соруп, мүлжүп жаткан коррупционерлердин,  таза эмес, жийиркеничтүү атка минерлердин абийирин төгүп, былык иштерин байма-бай жазып, элге жакшылык кылбаган, арам жол менен байыган чиновник сөрөйлөрдүн  арам дөөлөтүн, мыйзамсыз иштерин ашкерелеп келет. Бул жаатта Бабанов Өмүрбек Токтогулович деген “алдар көсөнүн” кантип байыганын, кимдер менен байланышы бар экенин, мыйзамсыз иштерин абдан көп жазды. Алдыда дагы жаза бермекчи. Учурда Бабановдун былыгын жазбаган ЖМКлар аз эле. Айрым  ЖМКлар гана Бабановдун “эмчегин” эмип, жагалданып, акчасын алып, камчысын чаап жатышат. Мейли, аларды өз абийирлерине койдук.

“Чагылгандын” огу таза эмес атка минерлерге багытталган…

Бул маселеде БШКдагы Бабановдун “шестёркалары” Атыр Абдрахматова, “саясый сойку” алгач чоң саясатка Бабанов аркылуу келип, кийин Төрөбаевдин партиясына секире качып, бирок дале болсо Бабановдун таасиринен чыга албай жүргөн чала саясатчы Назарали Ариповдор чоң роль ойношту. Себеби, бул маселе боюнча Арипов БШКда жумушчу топтун төрагасы болсо, Абдрахматова анын орун басары болчу. Анан Бабановдун камчысын чабышкан немелер, Бабановдун каалаганындай кылышат да. БШК да бул жерден туура эмес кылды, Бабановчуларды дал ушул маселени каратып. Башкаларды койсо болмок, калыс адамдарды. Алар Бабанов эмне десе, ошону кыңк этпей аткара турганын ушул жолу дагы тастыкташты.  Негизи жыйында БШК төрайымы эки тарап келишип алгыла деген мааниде калыс сөзүн айтты. Бирок Жумушчу топтун төрагасы Арипов баштаган бир катар Бабановчулар жанын сабашып, ыйлактап жиберишти. Алардын максаты эптеп эле, “Чагылгандын” БШКдагы каттодон алдыруу болчу. Алар алдындагы микрофонду каалашынча пайдаланып, жазылган маалыматты көркөмдөп айтышып, өздөрүнчө артист болушту. Алардын ашыкча сүйлөгөнүн Сентябрь телеканалы тартып алган тасмадан деле көрүүгө болот. Кыскасы,  бул эки адам Бабанов үчүн өлүп берейин дешти го, чиркин.  Өлөбү, тирилеби, өз иштери деңизчи. Бирок бир мансапкор, таза эмес жолдор менен байыган атка  минерге анчалык адвокат болуу жакшы эмес. Аз да болсо, анчалык жагалданбай абийирди сакташ керек! Эми бул жагы өздөрүнө өлөрчө жагып жатса, эмне кылалы. Билген намазын окуй берсин дейли…

Күрддөр өзү деле Бабановду Президент болот деп сыймыктануу менен жазып жатышат…

Күрддөрдүн сайтына чыккан макала

Окурмандарга айта кетели, Бабановдун жанын чыгарып,  чачын жулдурган макаланын аты “Рабочий партия Курдистана, Бабановду каржылашы мүмкүнбү?” деп аталат. Бул макаланы “Чагылгандан” башка дагы бир катар маалымат сайттары жазып чыкты. Эл көп окуп, колдоого алып, Бабановго катуу сын-пикирлерди жазып жатат. Таптакыр жалган, ойдон чыгарылган маалыматтарды эл мынчалык колдоого алып, кубаттап окушпайт. Эл кайсы маалыматта чындыктын үлүшү көп, кайсында чындыктын үлүшү жок, аны өзү билет. Ал жагын үйрөтүүнүн кажети жок.

Ал макалада “Күрдистандын жумушчу партиясынын” Бабановго ылым санап жатканы, себеби, Бабановдун энеси күрд экени, ошон үчүн Бабановду күрддөр колдойт деген мааниде жазылган. Себеби, бул маселенин башын күрддөр алгач өздөрү жазып чыккан. Алардын “Риатаза” аттуу сайты “Энеси күрд Бабанов, Кыргызстанга Президент болушу мүмкүн” деген ат менен февраль айында  эле макала жарыялашып, бирок аны кийинчерээк өчүрүп салышкан. Эмнеге өчүрүп салышканы – бул да табышмак. Балким, бул маселе боюнча биз жактан да аракеттер көрүлгөн чыгаар…

Мындан тышкары, аталган макалада, акыркы жылдары күрддөр Түркияга коркунуч туудуруп жатканы, эки улут ортосунда келишпестик бар экени,  андыктан өз алдынча мамлекет болууга жан үрөп жаткан күрддөрдөн сак болууга, Кыргызстанда да күрддөрдүн таасирин күчөтпөй, күрддөшүүгө жол берилбешин улуттук маселе катары жазылган. Ансыз деле акыркы жылдары Кыргызстанда кытайлардын, орустардын, түрктөрдүн таасири барган сайын күчөп жатканы жалганбы? Биз аз эле, кичинекей мамлекет болсо да, Кыргызстанда бир да мамлекеттин саясатын күчөтүп, аларга жан тартып, жан үрөбөшүбүз зарыл. Бабановчулар бул жерде ушул маселени улут аралык мамилеге  жана эне маселесине такап жатышат. Биз айтат элек, бул жерде эч кандай улут аралык маселе жок. Күрддөрдүн өзүнчө мамлекет эмес. Алар менен Кыргызстандын эч кандай дипломатиялык мамилеси жок экени белгилүү. Анын үстүнө ал макалада Кыргызстандагы күрддөр тууралуу сөз жок. Түркиядагы күрддөр айтылып жатат. Ал эми күрддөр  тымызын түрдө Түркияга коркунуч жаратып жатканы чындыкпы? Чындык! Бул чындыкты бабановчулар кайда катат экен. Өздөрүнүн штабынабы?        …Эми эне маселеси тууралуу. Аталган маалыматта Бабановдун энеси тууралуу эч кандай жаман сөз жок. Болгону кашанын ичине энесинин улуту күрд экени жазылган. Муну эл жалпы билет. Себеби, ким гана болбосун, улуту ачык айтылат. Бабановдун энеси күрд экенин баары эле айтып жатпайбы. Ал тургай жогоруда айткандай, күрддөрдү сайты Бабановдун энеси күрд экенин сыймыктануу менен жазып жатышат. Бабановдун энеси күрд болсо болуптур да, анда эмне күнөө? Биз ал маселеге эч кандай дообуз деле жок. Жараткан кайсы улуттун өкүлү кылып жаратса, же каны таза эмес, башка улуттардын аралашмасы менен жаратса, ошол буйрукка баш ийишибиз абзел. Жанын сабап мен тазамын дебеши керек, эл алдына чыгып. Ооба менин аралашма бар деп койсун, андан эч нерсе болбойт. Бул жерде эч кандай талаш болбошу керек.

Бабановдун өзү жана анын жайнаган “шестёркалары” бул макаланы “Чагылганчылар” өздөрү ойлоп жазышкан, автору өздөрү, максаты Бабановду каралоо деп эсептешип, жанын жеп, жанын сабап жатышат. Ушундай да акмакчылык болот экен эй. Колдо акча бар, мансап бар деп эле, күчкө сала берсе болбойт да. Кадырыңар жан болсун, Кудай турат, бул макаланын автору “Чагылганчылар” эмес. Буга окшогон маалыматтар социалдык сеттерде жана айрым маалымат каражаттарына жайнап эле чыккан. Ал эми “Чагылган” бул бышыкталып жазган маалыматты алгач “Фейсбуктан” алып, жумшартып, суроо коюп, жазган. Бабановдун былыктарына байланыштуу мындан да жаман суроо иретинде жазылган маалыматтар абдан көп. Аларды Бабанов өзү деле окуп, чачын жулуп жатса керек. Жула берсин…

Бабановчулардын улут аралык маселеге такашканы жөн гана шылтоо. Себеп башкада…

Негизи, Бабановдун чачын жулдурган бул макала деле эмес. Биздин сайт Бабановдун эл билбеген былыктарын биринчилерден болуп жазып чыгып, ал макалалар өз  кезегинде  коомчулукта кызуу талкууга алынып, анын кесепетинен Бабановдун аброю түшүп, өзүнө шек  кетип жаткан. Муну  Бабанов өзү да, өзүн колдогондор да билет. Ал макалалар:  Таластагы Жер-Үй алтын кени Муса Бажаевге афёралык жол менен сатылышы, анын чыныгы баасы, Бабановдун катышы, андан кийин “Азия -Мол” аттуу азыр салып бүтүп жаткан соода түйүнүнө  Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондуна 17 млн. долларды 4 пайыз менен алышып, ошол эле учурда өзү Садыбакасова Шарипа айымдан Максимдердин күчү менен тартып алган “Кыргызстан” банкынан элге 20 пайыз менен насыя берип жатканын да биздин сайт биринчилерден болуп жазып чыккан.

Андан кийин Бабановго чагылгандын огундай тийген дагы бир сокку- Зарылбек Рысалиевдин   (биздин сайтка, “Багыт” гезитине, орусчага оодарылып, “Гезиттер” орг.   ж.б. бир катар сайттарга чыккан) көлөмдүү, сандан-санга жарыяланган макала-маеги болду. Генерал Зарылбек мырза, ал макалада Бабановдун чыныгы жүзүн, жеткен алдамчылыгын, сараңдыгын, элге жакшылык кылбагандыгын, ач көздүгүн,  Кудайдын антын оюнчук кылганы ж.б. курч маселелерин ачык айткан. Айтканда да катуу айткан. Алдыда ал макалардын уландысы уланмакчы дагы да. Бул маек гезиттерге жана сайттарга сандан-санга жарыяланып баштаганда Бабанов жана бабановчулардын жаны чыгып кетейин деди… Бул боюнча алар кандай аракеттерди көрүшкөнүн, жүгүрүп келип, маекти чыгартпай сатып алууга аракети жазашканын кийинки экинчи макаладан окуй аласыздар.

Ал эми энесине байланыштырып, улут маселесине такап, бөйрөктөн, шыйрак чыгарып жаткан Бабанов жана анын жандоочуларынын жолу болсун дейли. Албетте, бул бир катар маалымат каражаттарына чыгып жарыяланып жаткан бул маалымат да Бабановго оор тийип жаткандыр. Оор тийсе, ким күнөөлүү? Эл ичинде айтылып жаткан ар кандай сөздөрдүн чындыгына жетүүгө, негизги маселени ачыктоого аракет кылып жаткан журналисттер күнөөлүү болушу керекпи? Андай маалыматтар бекер жерден да чыкпайт. Элибизде “Жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” деген жакшы кеп бар. Андыктан аны да эске алуу зарыл. Күрддөр жана алар туу туткан “Күрддөрдүн жумушчу партиясы”  тууралуу бүт чындыкты да ушул эле макаланын уландыларынан окуй аласыздар…

Булак: Чагылган

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here