Чагылган: Бегилүү болгондой ЖК депутат Жанар Акаев буга чейин Венгриядагы гранттык орундарга атка минерлердин балдары гана окуй турганын айтып чыгып, ал маселе коомчулукта кызуу талкууга алынган болчу. Эми аталган өлкөдөгү гранттык орундарга өткөндөрдүн аты-жөнү белгилүү болду. Окуу жайдын бакалавриатка 10, магистратурага 10 жана докторантурага үч кыргызстандык өткөн. Үчөө: Билим берүү министрлигинин стат катчысы: Калысбек Шадыкановдун, КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминов жана Билим берүү министрлигинин бөлүм башчысы Марат Усупбековдун кыздары болуп чыккан.

Сынактын 2-баскычында Шадыканов менен Усупбековдун кыздары окуудан баш тартканы маалым болду.  Калысбек Шадыканов коомчулуктун басымынан кийин кызы башка окууну тандоого аргасыз болгонун «Азаттыкка” билдирген. Бул адамдын аз да болсо уяты бар экен эй.   Ал эми КСДПнын депутаты Мурадыл Мадеминов болсо элдин сынынан, каргышынан коркпой, билгениңерди кылгыла деп кызын ал гранттык окууга өткөрүүгө өзгөчө “крыша” болгон позициясынан жазбай турат. Уят деген жок экен да. Элди эмес, жалаң гана жеке кызыкчылыгын ойлогон ушундай эл өкүлдөрү аман эле болсун. Мындайлар барда мамлекеттин өнүгүшү кыйын.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here