Өзүнөн 25 жаш улуу адамга турмушка чыккан келин анын биринчи аялынан туулган баласына ашык болуп калганын, интернет аркылуу элге айтып берген. 

Келечектеги күйөөм менен студент кезде таанышкам. Мен анда мейманканада иштечүмүн. Ал жакка келгендердин көбүнүн көзү түшүп турчу эле. Бизге келген меймандын  жашы 50гө келип калса да анын сымбаттуулугуна, маданияттуулугуна  көңүл бура баштадым.

Өзүнүн курагына караганда бир топ жаш көрүнгөн кишиге, бир нече жыл мурун аялы менен ажырашып кеткенин уккандан кийин жолугууга бел байладым. Жолугушуулар дагы уланып, кийин үйлөндүк..

Бир күнү күйөөм биринчи аялынын баласын чакырып экөөбүздү тааныштырды. Жаш болсом да өгөй эне аталган мен, анын баласына кандай ашык болуп калганымды билбейм.

«Мен ага турмушка чыгарда уулу бар экенин билчү элем. Бирок мен аны көргөн эмесмин. Ата энем күйөөмдүн адамкерчиликтүү, жакшы адам болгон үчүн биздин никебизге руксатын берген. Эми менин ага болгон сезимдерин күндөн күнгө өчүп барат. Өгөй баламды көргөнүмдө катуу кысылып, не кылаарымды билбей каламын»

Арийне, мен анын астында баарын айтканга кадырым жок чыгаар. Бирок бул азаптан кутулуу үчүн күйөөм менен ажырашууга бел байладым. Эчкимди алдап өмүр сүргүм келбейт»- деген Асем улуу адамга турмушка чыкканына өкүнгөнүн айткан.

Мен бул никеге акча үчүн макул болгон эмесмин. Күйөөмдүн адамкерчилигине ашык болгонмун. Эми ага кыянтчылык кылып, башканы сүйүп жүрө албаймын. Ошондуктан кыздарга айтаарым «тең теңи менен, тезек кабы менен » экенин унутпаңыздар. Өз теңдүүлөр менен турмушка куруңуздар деп акылын айткан Асем.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here