«Элес» тобунун мурдагы мүчөсү Айдин Жумалиевге боор рагы деген диагноз коюлду. Эми текшерүүдөн өтүү үчүн беш миң доллар талап кылынууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине музыканттын тууганы Айгерим Аширбекова билдирген. Sputnikке Аширбекова буларды айтып берген:

«Дарыланууга кете турган каражат диагнозго жараша болот. Текшерүүдөн өтүүгө жана дарыларга беш миң долларга жакын каражат керек. Бул сумманы 11-августка чейин чогултуу зарыл болуп жатат. Учурда Элсомго 900 сом гана түшүптүр. Көпчүлүк жардам бергилери келип жатканын айтканы менен жыйынтык башка болуп жатат«


Айдин Жумалиев «Элес» тобунун мүчөсү болгон. Музыканттар тобу 1985-жылдан 2002-жылга чейин элге кызмат кылган. Бул убакыт аралыгында алар беш альбом чыгарган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын июль айында топ кайрадан түзүлгөнү маалым болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here