Орусиянын Биринчи каналындагы “Пусть говорят” берүүсүнүн алып баруучусу Андрей Малаховдун кызматтан кетүүсүнүн себеби эми ачыкталды көрүнөт. Себеби шоумен алгачкы ирет “ата” статусуна ээ болуу алдында турат. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тележылдыздын жубайы Наталья Шкулева кош бойлуу. Мындан улам Малахов карьерасын аз убакытка токтотуп, ымыркай бир аз торолгуча жанында болууну каалаган. Бирок бул пикири телеканалдын продюсерине жакпай же үй-бүлөсүн, же карьерасын тандашы керек болгон. Алып баруучу үй-бүлөсүн тандаган.

Учурда түгөйлөр бул тууралуу өздөрү билдирүү таратыша элек. Алдын-ала маалыматтарга караганда Малаховдун жубайы ушул жылдын ноябрь айында көз жармакчы.
Булак:super.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here