-Кудайым колдоп, Жараткан жалгап, жеке демилгем жана каржылоом менен тарыхый Истанбул калаасындагы тарыхый Халич өрөөнүнө Айкөл Манас атабыздын айкелин орнотуу иши аяктады.
Айкөл Манас атабыздын келбетин иштеп чыгууда көмөктшкөн Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев, академик Абдылдажан Акматалиев, илимдин доктору Аскар Медетов, Манасчылар Рыспай Исаков, Улан Исмаилов жана Саякбай Манасчы коомдук фондуна;
Истанбулда айкелди тургузуу үчүн уруксат иштерине көмөктөшкөн Кыргыз Республикасынын Истанбул консулдугуна, Анкара элчилигине;
Айкелчилердин Истанбулга жол чыгашаларын каржылаган Арыкан Иншаат фирмасына, ишкер Бакыт Мамбетакунов, Азамат Байтүлеев, Кубат Жуманазаров жана Эмил Өмүралиевге;
Айкелчилерди Истанбулда 8 ай коноктогон Истанбулдун мурдагы мэри Бедреттин Далан, Аскар Айтматов, Али Шахин Чөне жана Йедитепе университетине;
Айкелдин айлана чөйрөсүн жасалгалоо жана курулуш иштерине зор салым кошкон Түркия Республикасынын Бишкектеги элчиси Метин Кылыч жана Истанбул мэриясына;
Бул иштин аткарылышы үчүн менден көп убакыт жумшаган абам Айбек Сарыгулов, Тимур Такабаев жана Каныбек Осмоновго;
Айкелди ажайып жазаган айкелчилер Токталы Мурзакаримов, Садабек Ажиев, Сейитбек Калбаев жана алардын шакирттерине;
Айкелдин ажайып шаар Истанбулда тургузулушуна көмөктөшкөн баардык башка досторума ТЕРЕҢ ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРЕМ- деп өз баракчасына жазган коомдук ишмер Темирлан Зарлыкбек уулу.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here