Аз күн мурун Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Кутушев Орозбай атабыз 85 жашында каза тапты. Белгилүү болгондой кыргыз элине эмгек сиңирип, өз өмүрүн билим берүү, агартуу тармагына арнаган бул инсан  Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Кутушев Абдыманап мырзанын атасы. Төмөндө Орозбай атанын өмүр баянын окуп олтуруп, анын элдик адам болгонуна толук ынанып, ыраазычылык билдиргиң келет экен. Ал 42 жыл бою бир катар мектептерде иштөө менен бирге, жооптуу кызматтарды аркалап келген. Биз да атасынан айрылып, кабыргасы кайышып турган эл уулу Кутушев Абдыманап мырзага көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. «Атага тең уул, атадан кем уул, атадан артык уул» -демекчи, Абдыманап мырза, ата-эне үмүтүн актап,  эл кызматында, эл ишеничинде жүрөт. Демек, атага тең уул десек болчудай. Мындан ары да ата ордун басып, ак эмгеги менен элге кызматын кыла берет деген ишенимдебиз.  Баса, айтылуу Алай жергесинен белгилүү саясатчылар көп чыккан эмеспи. Ошолордун бир тобу дал ушул Орозбай атанын колунан билим алып, тарбияланышкан экен. Алгачкы билим менен тарбиянын башаты алар үчүн баа жеткис байлык болуп калууга тийиш.

Кутушев Орозбай атабыз тууралуу толук маалыматты, анын байсалдуу өмүр баянын төмөндө окуңуздар

Өрнөктүү адамдын өмүр баяны…

 Кутушов Орозбай 1932-жылдын 1-апрелинде Алай районунун Сопу-Коргон айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. 1951-жылы Токтогул атындагы орто мектебин ийгиликтүү бүтүрүп, өзү менен окуган 27 классташтарынын ичинен өзү жалгыз Ошко барып  Педагогикалык институттун физика-математика факультетине   тапшырып, өз күчү менен өткөн. Алай районунда алгачкылардан болуп 1955-жылы жогорку билимге ээ болуп, дипломду колуна алган  жана  Ош педагогикалык институтунун  ректораты  атайын жолдомо менен  Алай районунун Токтогул атындагы орто мектепке физика-математика боюнча мугалим болуп иштөөгө жиберген. Ошол мезгилде Орозбай Кутушов  Алай районунун тарыхында эң алгачкы карлыгач жогорку билимдүү инсан эле. Теорияга суугарылган Орозбай агай  мугалимдик  кесиптин сырларын тартынбастан кыска убакыттын  ичинде өздөштүрүп  кетти. Ошол  эле жылдын аяк ченинде Мурдаш айылындагы  Тажыбай кызы Ыкыбалга баш кошуп, үйлүү -жайлуу болду. Орозбай Кутушовдун мугалимдик иш тажрыйбасы айып, эл арасында кадыр-баркы арта баштады. Алгач Токтогул атындагы орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчылыгына  андан соң  ушул эле мектептин директорлук кызматына чейин жетти.                                                          1966-жылы Кутушов Орозбай  СССРдин борбору Москва шаарына мугалимдердин Бүткүл союздук съездине делегат болуп катышып келген. 1966-жылы СССРдин «Эл агартуусунун  отличниги » деген ардактуу наамга татыктуу болгон. 1968-жылы Орозбай Кутушов Үч-Төбө айылындагы III — интернационал орто мектебине директору болуп дайындалып, ал мектепти райондогу алдынкы мектептердин катарына теңей алды.    1969-жылы Сопу-Коргон айылындагы мектеп-интернатына директор болуп дайындалган.

Өзүрлүү эмгегинин артында 1978-жылы Алай айылдык кеңешинин төрагалыгына  дайындалат. «Жашында көрсөң мээнетти, карыганда көрөсүң дөөлөттү» демекчи Орозбай Кутушов 1993-жылы кесиптештеринин чоң урмат-сыйы аркылуу ардактуу эс алууга чыккан. «Эр эмгегин жер жебейт»деп  коп жылдык жемиштуу иши жогору бааланып Кутушов Орозбайга  президенттин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиңирген мугалими» деген ардактуу наам ыйгарылган. Ошондой эле бүгүнкү күндө  агайдын сүрөтү бир кезде өзү билим алган Ош мамлекеттик университетинин ардак тактасында илинип турат. Кутушов Орозбай жалпы 42 жыл эмгек өтөгөн, үзүрлүү эмгегинин натыйжасында бир нече жогорку медаль, сыйлыктарга ээ болгон. Орозбай агай үзүрлүү эмгек жолунда миңдеген жаштарга талим-тарбия берип алардын арасынан   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешининин Төрагалары,  депутататар жана министрлер чыкты.  Казак, өзбек, латын тамгаларын тааныган,  60 жаш курагында араб тамгасын өз алдынча үйрөнгөн

Орозбай ата байбичеси, балдары, неберелери менен…

 

Орозбай агай 12 уул-кыздуу болуп, аларга татыктуу тарбия берип, балдары кыргыз элинин керегине жараган чыгаан инсандардан болду. Учурда 38 неберенин, 12 чеберенин чон ата — таятасы.

Уулу Кутушов Абдыманап Жогорку Кенештин V чыгарылышынын депутаты болду. КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү. Андан кийин Жогорку Кеңештип аппаратын башкарды. Эл арасында жогорку кадыр-баркка ээ болгон Кутушов Орозбайдын жаркын элеси Алай элинин жана айылдаштарынын эсинде түбөлүккө сакталат. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыныз торко болсун!

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here