КСДПныны короосунан чыгып калган депутат Жанар Акаев кез-кези менен бийликти жакшы эле сындап жатат. Чынында бул жаш жигит Атамбаевдин таасиринин астында эмес, Таекебаевдин таасиринде калгандардын, аны баалагандардын бири. Ал эми Атамбаевдин өзүн чоң саясатка алып келген жакшылыгы 10 маселе болуп калды окшойт. Эмнеси болсо да, айрым учурларда чындыкты ачык айтып жатканы бир топторго жагып турат. Айта турсун дейли. Ал эми өзүн өзгөчө сезген Жанар мырза бул ирет саясатчы, серепчи, журналист сөрөй, ар кошкондо, бир кошкон Адил Турдукулов деген неме менен маектешип, Текебаев менен Садыр Жапаровду колдоорун жар салды. Турдукулов болсо түрмөдөн чыгып жаткан криминалдарды тууралуу суроо берип жатып: «мыйзамдуулук иштебей жатат» деп айтуунун ордуна «мыйзамсыздык иштебей жатат» — деп балдырады. Ушуинтип да суроо береби? Түшүнүгү, деңгээли ушул болсо, эмне кылсын… Жанар ага деле маани берген жок. Ал «түрмөдөн чыгып жаткан криминалдарды бийлик шайлоого иштетиши мүмкүн» — деген өз божомолун айтты. Абактан чыккан криминалдар ким эле? Жакында эле полковник Женгону өлтүрдү делип, соттолгон Дженгонун акталышы, «Алтуханын» түрмөдөн чыгышы, «Карышкыр» каймана атындагы криминалдын Роосиядан кармалып, жакында Кыргызстанга келери ж.б. Чынында Жанардан башка деле бир катар эксперттер криминалдан бийликке иштешерин айтып жатышкан. Жанар болсо алардын шайлоодо кандай жол менен иштешерин айтты. Бул жагын эми убакыт көрсөтөр… Бийлик да бул боюнча өз аргументтерин айтаар…

 

https://www.youtube.com/watch?v=Z7X74lnbd0k

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here