Бул ой мени качантан бери түйшөлтүп келе жаткан. Бүгүн бир аке менин ушунча кезге чейин акылдуу көрүнгүм келбей жүргөнүм үчүн уялтты. Ардандырып, намыстантты. Бир чети мени кубандырды. Кыздарыбызга, улутубузга күйгөн эркек бар экен го дедим.

Азыр эле ал (атын айтпай кое турайын) мага атайын келди. Мен мурда аны чыгармачылыкка кызыккан адам деп сыйлачумун. Көкүрөгүндө көп нерселер уюп жатыптыр. «Сага жөн жай келбедим. Көптөн бери бир кыжалат ой жүрөгүмдү мыжыгып келетат. Кыш заводдо иштеген кыздар, аки таш заводдо иштеген кыздар, түнү бою кафеде иштеген кыздар,чет жерде кордолгон да, түтүнгө буюгуп өлөгөн да кыздар, элдин санына салыштырганда эң көп сойкулук кылган да биздин кыздар. Эмне, кыргызда кыздарды коргогон, татыктуу жумуш орун түзүп берген, төрүнө отургузуп сыйлап алган жигиттер жокпу? Алар же кыз болуп бүрүшүп бурчта тыгылып жатабы? Бир нерсе кылалычы!» — деп каңырыгы түтөп келиптир. «Колуман келишинче каражат жагынан жардам берейин, бай деле эмесмин, бирок ошол кичине каражат башкалардын оюн өзгөртүүгө салым кошо алса, бир флешмоб, акция уюштуруп, бир жума, бир ай бою кыздарды сыйлоо, аларды барктоо, аларга татыктуу жумуш ордун түзүү, зөөкүрлөрдөн коргоо тууралуу проблемаларды көтөрөлү. Акыры элди сактаган, улут кылган, урпак улаган аялдар го», — дейт. Сыягы, аки таш заводдо иштеген кыздар катуу таасир эткен.

Чын эле менин да көөдөнүмдү мыжыгып жаткан ойлор ушулар эле.

Бир жолу мектепте таасир талашып эки жигит мушташыптыр. Мектептин балдары эки жаатка бөлүнүп калган. Эркек мугалим катары чогулуш өтүп бериңиз дешти. Буулугуп, буркан-шаркан болуп сүйлөп жатам.

— Эй жубарымбектер, башы жок келесоо акмактар! Силердин агаларыңардын бир класстын атамандыгын талашкан тар түшүнүктүн айынан сандаган кыздарыбыз чет жерде кор болуп иштеп жатат, ушул силердин агаларыңар муштумун эптеп көтөрө албай окууну бүтүп кеткенидигинин айынан 17 кыз түтүнгө ууланып өлдү, чет өлкөлөрдө кулчулукта сандаган кыздар жүрөт. Башка өлкөнүн силердей жигиттери ааламды таң калтырган иштерди жасап коюшуп жатат. Силер да ушинтип жөжө короздой чокушуп, китеп бетин ачпай, өнөр, кесип үйрөнбөй окууну бүтөсүңөр да, карындаш-эже,-курдаш кыздарыңарды талаалатасыңар. Бир класташыңа гүл берип, бир эжеңе жакшы сөз арнап, бир карындашыңын туулган күнүн куттуктап, бир парталашыңы бирөөлөрдүн мазагынан коргоп кала албагандан кийин эмнеге жөжө короз болуп жүнүңөрдү үрпөйтөсүңөр. Силердей кезде бир мектептин, бир айылдын атамандыгын талашкан эргулдар бүгүн бийликте өлкөнүн атамандыгын талашып чокушуп, чукушуп соттошуп, боктошуп, камашып жатышат.

Ушинтип уруштум, өзүмдө күнөө жок болгонсуп, тим эле ааламда жалгыз мен кыздарга күйүп, алардын тагдырын ойлоп аткансып. Бирок тиги окуучу эргулдарга айтып жаткан бул сөздөрүм өзүмө, дал өзүмүн жүрөгүмө айтылып жатканын билип жаттым.

Туугандар, достор, ага-инилер! Келиңиздер тиги аты азырынча сиздерге белгисиз болгон жигиттин идеясын колдойлу. Август ичи фейсбук, одноклассник, инстаграм сыяктуу соцтармактардан жалаң кыздарыбыз тууралуу жакшы сөз, жакшы ой айталы. Аларга кам көрүүнү жолдорун издейли. Кийинки жалды «Аялдарга, кыздарга кам көрүү жылы» деп жарыяланышын талап кылалы.

Билимдүү, тарбиялуу кыз — мээридүү, акылгөй эне. Алардын ар бири өзүнчө улутту сактаган чоң университ.

Автор: Айшоола

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here