Алдыдагы президенттик шайлоо кыргыз коомчулугун жакшы кыймылдатып, ар кандай пландар, иш-чаралар ойлонулуп, анын ичинде жаман иштер да даярдалып, акчалар аздан чачылып, чоң суммасы  кийинки негизги мезгилге калтырылып, айтор, бака-шака иш жүрүп жатканы.

Кыргызстандын президентинин укуктары Акаев менен Бакиев тушундагыга караганда биртоп эле азайган. Антсе да мамлекет башчысы укугунан ажырай элек, демек, бул өтө жогорку орунга «суктанып» тургандар көп эле бар болду. Ал жакшы-демократиянын белгиси. Бирок, ошолордун арасында мээсинен айныгандар, интригандар, популисттер, акча көздөгөндөр, күйөөгө баш бербеген «айгыр катындар» да… бар экендиги элди тынчсыздандырып турат. Элди эмес, эки кишини башкара албачу эзкара неме «президент болом» деп турса, кыжырдын келери бар экен! Ушундай көрүнүнүш- элинин 99%ти билимсиз кээ бир Африка өлкөлөрүндөгү жана Кыргызстандагы көрүнүш болсо керек. Кошуна өлкөлөргө уят экен…

Кандай жаран президент болот? Консттитуцияга жазылган- президент болуп 35 жаштан 70 жашка чейинки, кыргыз тилин билген жана Кыргызстанда 15 жылдан кем эмес жашаган, соттолбогон,  30 миңден ашык шайлоочунун колун топтогон жана 1 млн сом күрө төлөгөн адам президенттик шайлоого барууга укугу бар. Бул жакшы. Бирок, президент болчу ошол адамдын адамдыгынын тигиндей же мындай болушу айтылбайт. Маселен, адамкерчиликтүү, боорукер, акчага суксуңдабаган, байлыкка байланбаган, токтоо, билимдүү, бирөөнүн кайгысын бөлүшө билген, эр жүрөк ж.б.у.с. сыпаттамалар айтылган эмес. Ошондуктан иттибай-чотубайлар талапкердигин коюп жатпайбы.

Президент болчу адамдын адамдыгы Конституцияда жазылбаганы менен ал маселе эл тарабынан аныкталары бышык. Эгерде кайсы бир элге билинип турган ашкере жаман сапаттуу адам болсо, ал эч качан президентикке шайланбайт. Баарын эл-шайлоочу чечет. Ошондо шайлоочу өзүнүн чынчылдыгына, адамдыгына карата президент шайлайбы же дагы бир нерсеге көз каранды болобу? Ооба, азырынча эч ким жеңе албаган, кийинки убакта адамзатты, анын ичинде кыргызды ныгыра баскан акча деген желмогуз өз бийлигин жүргүзөт. Ушул тапта акчанын күчүнө туруштук берген эч ким жок, баары ага көз каранды жана акча чечпеген маселе да жок.

Өткөндө мотураңдаган эки окуучуну- Эрбол менен Алымбекти 29 жаштагы Мирлан Ажыбеков деген  айбан машина менен койдуруп кетип, кудай сактап алар аман калышты. Ошондо сүзгөн неме качып кетип, бир күндөн  кийин милийсага өзү келген. Кебетеси, соолугуп жүргөн го… Ошондо бүтүндөй журт тиги немени катуу жазалоо керек деп кыжырданып, эки балага жардам беребиз деп пикир билдиргендер толуп кетти. Анан эмне болду? Анан эки баланын эне-атасына тиги сүзгөн айбандын бүлөсү акчаны аябай берсе керек, жабыр тарткандар «дообуз жок» деп арыз жазып турбайбы! Көрдүңөрбү, акчынан күчүн! Сот ага карабастан Ажыбековду 8 жылга эркинен ажыратты. Ал жакшы, бирок, сегиз жылдыгы колония-посолениеде болот, ал түрмө эмес, экинчиден, бул немени айдоочулук күбөлүктөн үч эле жылга ажыратып жатпайбы. Азыр эки баланын абалы жакшы жагында. Ананайындарды кудай колдосун! Баса, Ажыбеков мурда да киши сүзүп өлтүрүп, акчанын күчү менен кутулуп кеткен экен!

Далай айбандар соттолуп кетчү жерден акчанын күчү менен кутулуп кетип жатат. Мына ушундай окуяларды болтурбоочу мыйзамдын керектигин турмуш көзгө сая көрсөтүп турбайбы!

Ошентип, акча баарын чечип калган мезгилде, президент болчу адам да ал кызматка акчанын күчү менен келет!

Кыргызстанда жалпы абал турукташып, экономикаклык-социалдык абал аздан жакшырып, Евразиялык биримдик бизге күтүлгөн жакшылыктарды бере баштаган кез. Эл аралык мамилелерибизде да биздин абал жаман эмес. Демек, эмдиги келчү президенттин иши анча оор болбойт, мамлекеттин жалпы өнүгүшүнө шашпай ойлонулган чечимдерди чыгарууга шарт кеңири бар.

Биринчи президент Акаевге кыйын болгон, өлкө өз алдынча болуп там-туң баскан учур оор эмей… Андан кийинки президент Бакиевге да жеңил болгон жок, Акаевдин саясатынан, куйруктарынан кутулуш оңой эмес эле… Андан кийинки президент Отунбаева өлкө хаос сымал абалда турганда тизгинди колго алып, далай кыйынчылык менен иштеди. Атамбаев болсо, өлкө анча туруксуз абалга келе электе президент болуп,  анын үстүнө коррупция болуп көрбөгөндөй чекке жеткенде келип катуу күрөш жүргүздү. Айтып коюшубуз керек Кыргызстан сырткы абалы да Атамбаевдин президенттиги тушунда  жакшы жолго түштү… Эмдиги келе турган президентке анча кыйынчылык келбес.

Акчанын күчү жана салыштырмалуу өзүнүн сапаттары менен президент болчу адамдарын эң алдыңкы сабында, албетте, Өмүрбек Бабанов турат. Ал Кыргызстандын №1 байы катары небактан айтылып келет, демек, акча жагынан анда маселе болбойт. Билими, адамдыгы жагынан деле кудай аны кем кылган эмес. Кезегинде премьер-министр да болду, аз иштеди. Ошол кезде көп нерсе колунан келип турган Текебаев болбогондо дагы иштемек… Ага жакында эле дагы бир «жардамчы» кошулду, ал-Алмазбек Атамбаевдин колдоо сөзү болду. Атамбаев да кийинки тагдырына кам көрүп жатат: Эпадам Жээнбеков утпаса, Бабанов утат, анан анын жардамы тийбейби… Президенттиктен Конституцияны бузбастан кетип жаткан Борбордук Азиядагы биринчи президент Атамбаев болду. Анын мындан аркы турмушу да жакшы уланышы керек, ага өзү кам көрүп жатпайбы…

Президент болчулардын алдыңкы сабында Сооронбай Жээнбеков да бар. Бу жигиттин мүнөзү жай аккан суудай экен, адыраңдап алдыга кетпеген, кашаң тартып артта калбаган, орчундуу жоопкерчиликти албаган, жоопкерчиликсиз калбаган жан тура. Бу жигит жакшы бүлөдө өсүп, жакшы тарбия алган. Биздеги толгон чиновниктерге жабышка жаман кеп Жээнбековдо жок, аңыз кеп болчу коррупциялык иштен да куру, ар кандай чыр-чатактарга кабылган эмес. Бул жагынан, албетте, жакшы. Бирок, президент болгон адамга чечкиндүүлүк, курчтук жетпей турса болбос! Президенттик кызматта дароо кабыл алчу чечимдерди жасоого туура келет, кээси менен тобокелчиликке да барат, дамашки кылычындай курчтукту талап кылган жагдай да болот дегендей… Ошондо Жээнбеков «сүткө тойгон күчүктөй» үргүлөй-магдырап турса болбойт го… Бирок, анын токтоолугу өзү жасачу иштин, чечимдердин башында турса, анда жаман болбос. Анткени, токтоо адам ар тараптан ойлонулган чечимдерди чыгарат, эмоцияга алдырбайт, жети  жолу, жетимиш жолу ойлоп туруп, анан чечим чыгарат. Токтоо адамда көп байкалбаган курчтук да жашайт! Дегинкиси, азыркы талапкерлердин арасында Жээнбеков президенттикке жарап берчү инсандардан. Жээнбековдун президент болчу дагы эки «жардамчысы» бар, алардын бири- аны түштүк тарап колдойт, түндүктө колдобогондорду бийлик ийлеп туруп ийге келтирет, экинчиден, логика кууп ойлоно келсең, Жээнбеков Атамбаевдин мураскерине окшоп жатпайбы! Жээнбековду эки кресло күтөт: биринчиси -президенттики, экинчиси- президент болбой калса, кайрадан премьердики!

Жогорудагы эки талапкерден кийин дароо Темир Сариевдин аты кетет.  Мен Темирди 25 жылдан бери билем, ага-инидей сый мамиле бар. Анын мүнөзү токтоо, билимдүү, эң негизгиси аябагандай адамкерчиликтүү жигит. Жигиттигин кара, ал бир туугандарынын баарына үй салышып, анан гана өзүнө салган деп укканым бар. Кезегинде Темир оппозициянын башында жүрдү. Бир ирет Ала-Тоо аянтында митинг болуп, аны Бакиевдин жөкөрлөрү таратып, газ чачканда ушул Темир качпай жалгыз калган, калган оппозиционерлер, Кулов баш болуп,  куйругун кыпчып жок болушкан. Ошондо Темир даана эр жүрөк экенин көрсөткөн! Кийин чоң кызматтарда иштеди, жаман иштеген жок. Ал кызматкер катары да, саясатчы катары да, адам катары да жакшы тажрыйбаларга ээ. Президенттик кызматты аркалап кетүүгө жарап бере турган турпаты бар. Темирде Бабановдукуна жетердик  байлык жок, бирок, анын байлыгы президенттик шайлоодо коротконго жетип берет деп ойлоп коем. Бу шайлоодо Темирге Бабанов менен Жээнбековду жеңиш өтө кыйын болор…

Жогорудагылардан сырт дагы кыркка жакын  талапкер бар. Эми аларды атайын кепке алып, тигил же бул деп олуттуу кеп айтууга деле болбойт. Бир канчасы шайлоо жакындаганда талапкердигин алып салат, ошолордун кай бири «мен шайлоочуларым менен сага добуш берем» деп бирөөнөн акча өндүрүүгө аракеттенет, дагы бири «мен президенттикке талапкер болгом» дегенин айтып мактаныч менен өмүр өткөрөт, бирөө талапкердигин жөн эле алып салат, анткени, талапкердигин жөн эле койгон…

Баратбай Аракеев

 

 


 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here