«Сагыныч окшош дегилечи. Бирок аны ыр кылганда башка-башка кылып жазыш керек да туурабы? Оштун Черемушкисинен 143-кичиавтобусунда айнектен кирген шамалга жүзүмү тосуп келатсам атактуу ырчы, залкар таланттын баласы ЭЛФМден «Оооштуу эмиии, меен саагыныып жүүүрөөмүүүн» деп ырдап атат. Түмөнбай Колдошов сөзүн Токтогул Кенжеев жазган «Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң» ырын Кубаныч Сатаевге ырда деп берсе керек да деп коем. Жакшылап уксам обону менен тексти ак ак коен менен көк коендой эле окшош. Бирок түстөрү башка. Анан чыдабай чалып: «Ырыңыз не башка чапан кийип жүрөт» — десем, «Ашым Мамытбеков деген аксакал менин ырыма таасирленип обон жазып коюптур» — деп күлүп койду. Анан текстин ким жазганын билбейм, ал деле ошого окшош. Кичине өзгөртүп, кайрыктарын карап койсо болмок деп мен калдым. Йе туугандар, ыр дегенде кичине изденип, карап, окшошуп калса өзгөрткөн деле жакшы да туурабы? Же биринин калпагын бирине кийгизип ырдап жүрө бересе болобу?
Эмии Ашым Мамытбеков деген чоң обончу. Кокус билбей кайрыктарын окшоштуруп алса, ырдаган адам коой, муну бир арык жигит ырдайт эле, башкача кылып бериңиз десе болот да, анан текстин жаздырарда карап туруп башка текст жазса жарашмак.
Түмөке, өзгөртпөй ырда деп эле Кубаныч Сатаевге берип койбойсузбу ырды. Ыраматылык Токтогул Кенжеев да ыраазы болмок.»
«Бизге күбө Сулайман Тоо, Ак-Буура
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң»
Т.Кенжеев
«Күбө болгон Сулайман тоо сүйүүмө…
…Ошту эми мен сагынып жүрөмүн»
Кубаныч Сатаев

Жогорудагы сөздөрдү Улукбек Омокеев ФБ баракчасына жазган. Ага карата Түмөнбай Колдошев мындай жооп кылган:

-Жогорудагы ар бир пикирди окуп чыктым. Кубаныч Сатаев мага чалып «жаңы ыр жаздырдым эле, сенин «Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң» деген ырыңдын кайырмасына окшоп калыптыр. Ашым Мамытбеков деген аяш атамдын обону, сөзүн өзүм жаздым» деген. Мен ырды укпай туруп «аксакал обончу менен өзүңөр карап көргүлө» деп койгом. Кийин ырды жөнөттү, уктум, 70-80 пайыз текстинде окшоштук бар, обондун кайрыгы толугу менен менин кайрыгым экен. Кубаныч акеге чалып, «Окшош болуп калыптыр, ойлонуп көрүңүздөр» дегеним чын. Улам радиодон уккан Улукбекке окшогон чыгармачыл чөйрөдөгү санаалаштар чалышып, «ырыңды ким ырдады?», «Ырыңды өзгөрткөнсүңбу?», «Неге обонун бузуп ырдап жатат?» деген суроолор бериле баштагандыктан, Кубаныч акеге кайра чалдым. «Ырыңызды радиодон алдырып койсоңуз, элдин башы айланып калды» — дедим. Кыскасы, Кубаныч аке обондун автору экөөң болосуң деген оюн айтты. Мен автор катары кыжалатмын. Ар ким ырыңдын кайрыгын жулуп алып, сен авторлош болосуң деп кое берсе, анда менин обондорумдун тагдыры кантет? Кубаныч аке үлкөн таланттын баласы! А мен өз киндигин өзү кескен баламын, обончулукка аракеттенип жүрөм. Эл калыс, эл сынчы. Ашым Мамытбеков аксакалды обончу катары угуп жүрөм, өзүн көрө элекмин, анан менин обонума таасирленип жазганмын дептир, бирок мынчалык обон менен тексттин окшош жазылып калышы оюма да келген эмес! Эми эки ырдын тексти менен таанышыңыздар, филологдор болсо анализдесин!
СЕН САГЫНБАЙ ЖҮРӨСҮҢ

Сөзү: Токтогул Кенжеевдики
Обону: Түмөнбай Колдошовдуку
2013-жыл, 16-декабрь

Мен балалуу. Сен бирөөгө бүлөсүң,
Дале таза сага мээрим, мүнөзүм.
Көрөмбү деп көп келемин шаарга,
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?

Оштон тапкам мага жагып мүнөзүң,
Эстен кетпейт мажүрүм тал, бир өзүң.
Тагдыр сени бир көргөзөр деп келем,
Дайының жок. Сен сагынбай жүрөсүң.

Сезим жанып, бактылуу сен өзүң,
Сени издеген өзгөрүлбөйт мүнөзүм.
Бизге күбө Сулайман тоо, Ак-Буура…
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?!

ОШТУ САГЫНУУ

Сөзү: Кубаныч Сатаевдики
Обону: Ашым Мамытбековдуку
Аткаруучу: Кубаныч Сатаев

Карагаттай көздөрүңдү эстедим,
Жылдыз толгон Оштун айлуу кечтерин.
Сүйүптүрмүн Оштун кызын кантейин,
Ошту эми мен сагынып жүрөмүн.

Күбө болгон Сулайман Тоо сүйүүмө,
Ойноп, күлдүк Оштун азем түнүндө.
Адаштырды тагдыр кошпой кантейин,
Ошту эми мен сагынып жүрөмүн.

Кайда болсоң бактылуу бол ардагым,
Ал күндөрдү артка кайрый албадым.
Туңгуч сүйүүм таза бойдон кала бер,
Ошту эми мен сагынып жүрөмүн.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here