(3-маек)

Зарылбек мырза, Тар чөйрөдө сизди Бабановдун партиясына Атамбаев кошкон, Рысалиев Атамбаевдин багыты менен кошулган деп айтып жүрүшөт. Бул чындык болсо керек?

-Балким… Мен бул маселенин чоо-жайына толук токтолбой эле коёнчу.

Бабанов сизди депутат кылам деп сөз берип, башкалар сыяктуу карганткан да. “Баламдын жакшылыгын көрбөй калайын, Кудай урсун”- деп каргангансыз да туурабы? Ушул каргыш тууралуу эмне айтасыз? Анан эмне себептен депутат болбой калдыңыз? Жыргалбек Саматовду кеткенден кийин, сиз депутат болмоксуз, ошондой сөз катуу жүрүп, эл күтүп калбады беле… Бабанов менен бүгүнкү күндө мамилеңиз кандай?

-Мен Бабановду түзмө –түз күнөөлөгүм келбейт. Мурун айыл өкмөт болуп иштеп жүргөн Тариел деген жигит Талас боюнча 7 миң добуш алды. Мен шайлоодо Талас облусу боюнча  6 миңден ашык добуш алдым. Эң көп добуш алган жагынан партиядан 2-орунга чыктым да. Бабанов өзү болсо шаардан койгон. Бирок ал тизмеде “золотой” болчу да. Бүгүнкү күндө Тариел дагы, мен дагы депутат болгон жокмун. Мен тизмеде 66 – орунда болчумун. Эл билет, “Республика-Ата-Журт” партиясы эң көп добуш алгандарды депутат кылмак. Келишим, чечим ушундай болгон.  Бул партиядан республика боюнча Тариел 7 миң добуш менен 1-орунга чыкты. Мен 6 миңден ашык добуш менен 2-орунга чыктым. Ант бердик. Бабанов менен Ташиевден башкасы баары эле ант беришти. Бирок ошол ант кандай болуп, кайсыл учурда кимге тийет, кимге келет белгисиз. Айтылган, жазылган, калктын калың катмарына тарап кеткен, эл оозунда калып калган ал антты ошол бойдон кетип калды деп айтууга болбойт.

-Ант деген оюнчук эмес да. Элибиз буга аяр мамиле кылып келген да…

-Туура. Тилекке каршы, саясатта андай эмес турбайбы. Жеке кызыкчылык көп жерден биринчи орунга чыгып, бир топ ыйык нерселерди да тебелеп салат экен да. Ошол ант, эртеңби, бүрсүгүнүбү, айтор ал келет, тийчү адамга тийет деп ойлойм да. Мен буга чоң ишеничим бар да. Бирок кимдин башына келет, бул чоң суроо? Кыскасы, ант эртеби, кечпи, кайрылып келет да. Аны мезгил-убакыт көрсөтөт. Мен эч кимге жамандык каалабайм. Берилген ант эч кимге келбей деле койсун. Бир мандат үчүн ким-бирөөнүн башына тийсин деп айтканга да дитим барбайт. Бирок ант маселеси жерде калбайт, эч качан, биз айтпасак, эл эртең деле айта берет.

-Бабановдун ант алмай мындай элде жок “өнөрүн” эл абдан катуу сындаган, жек көрүшкөн. Эми да ушул маселени ойлогондо, бетине түкүргөндөн кайра тартапгандар да толтура. Ал гана эмес эл да  мандат үчүн ант берип жатышат: “баласынын жакшылыгын көрбөй калайын” – дешип деп, ант бергендердин баарын  эле жаман көрүшкөн. Сиз ант бергениңизге өкүнбөйсүзбү?

-Мен эми ошол учурда көпчүлүктүн арасында туруп, көпчүлүктүн шаары менен ант берип калдым. Ант бергендер андай антты каалабай, жүрөгү, дити тартпай турса да, шарт, бир –эки адамдын элде жок талабы, мажбурлоосу жеңип кетти окшойт. Мен  учурунда баламды жоготкон адаммын, ботосун жоготкон боз ингендей болуп. Сүйлөп да, жазып да бердим.  Мага оор болду. Ошентсе да, ант бердим. Менден андай итчилик-кемчилик кетпесин, тиешелүү добушту ала албай калсам, мандат үчүн жаман-жакшы көрүнбөйүн деген да ой кетти да. Баарыбыз таластыкпыз. Жамандык-жакшылык деген болот. Ошондойлор учурда көрүшүп турабыз.  Табакташтарымдан, досторумдан ылдый болуп, басынып калгым келбейт. Жигитпиз да баарбыз. Мен да Таластын мыкты болбосо да, жаман эмес жигиттердин биримин деп эсептейм да. Мен өзүмдүн ордумду ошолордун арасынан көрөм да.

Ошон үчүн мен болбогон бир мандат үчүн катуу кетип, жаман-жакшы деле көрүшкөм келебйт. Мандат бүгүн бар, эртең жок дегендей. Бирок адамкерчилик ар дайым калыш керек да. Адамкерчилик баарынан бийийк турушу зарыл. Бийлигиң да, байлыгың да, анын алдында, эч нерсеге арзыбай калат. Башканы унутсак да, мына ушуну унутпашыбыз керек да. Мен берген антымдын алдында тазамын. Мен эч кимге чыкканчылык кылган жокмун. Мага андай мамиле жасагандар канчалык алыска кетет, аны да убакыт көрсөтөөр. Башкалардан сурасаң деле, мен деле антымдын алдында тазамын деп бөлөктөргө шылташы мүмкүн. Бирок баарыбыз Кудай алдындабыз, Кудай билет, ким кандай жүргөнүн, ошого жараша таразалап коёт. Мен айта кетейин, мен “Республиканын” мүчөсү да, болгон эмесмин, ошондой эле саясый кеңешинде  да жокмун.

Ошондо сиз депутат болбой калдыңыз да э?

-Мен жогоруда айтпадымбы. Муну деле мен өзүмөн көрүп калам да. Рысалиевдин кыялы да жакшы эмес деп. Бетке айтмайым, чындык үчүн баш ийбей коймой сапаттарым бар. Мына ушул сапаттарым бир топ адамдарга, айрыкча бийликтеги адамдардын көбүнө жакпайт. Муну мен билем, эл да билет. Атамдын, энемдин каны менен келген мүнөзүмдү, сапаттарымды бирөөлөр катуу сынга алып койдубу? Айтор…

-Сөздүн ток этер жерин айтканда, Бабанов сиздин мындай кыялдарыңызды мурун эле билчү да. Билип туруп депутат кылууга жигиттик сөз берип, келшкенсиңер да туурабы? Сиз добуш ала албай  калсаңыз бир жөн. 6 миң добуш менен, партиядагы экинчи орун алыпсыз.  Демек, сизди Бабанов ачык эле сатып кетиптир да… Ушундан улам азыр сиз тууралуу Рысалиев Бабановду муунтуп салууга бел байлаптыр деп. Чын эле сөзүнө турбаган, эл жек көргөн үкөңүзгө көргүлүктү көрсөтүп коён деп жүрөсүзбү?

-Ар кандай көркөмдөп, образдуу жазып жатышат. Жаза беришсин. Бирок мен айтып коён. Мындай да, өлтүрөм деген киши, жайлайм деген киши, унчукпай жайлайт. Туурабы? Биринчи ишти бүтүрүп деп айткан жакшы. Анан бүтө элек ишти бүтүрүп туруп айткан жакшы. Бүтө элек ишти, популисттик кылган болбойт.

-Бүгүнкү күндө Бабанов менен мамилеңиз кандай? Жолугуп сүйлөшүп жатасызбы?

Жолуктук, сүйлөштүк. Мен айттым, дооматымды, чындыкты. Ал айтты. “Менин сизге дооматым жок. Бирок депутат кылыш менин колумдан келбейт” деди. Мен айттым: “Өмүрбек, шайлоо учурунда эл алдында сөз сүйлөп, добуш алса, депутат кылам, я отвечаю”- дебедиңиз беле. Ал сөздөрдү кайда катабыз? – дедим.  Мен “Республика-Ата-Журттан” аксакал  талапкерлерден уулусу, партия боюнча иштеген иш, тажрыйба боюнча деле алдыңкы сапта болчумун. Бирок менин керегим жок болуп калды окшойт. Бакай-Ата районунун элинин мага берген добушу,  батасы, андан улам буйрукту боло турган мандаты бүгүн кимде, аны ким колдонуп жүрөт? Мындан мен уяламбы, же Бабанов уялышы керекпи? Мен уялбайм, шайлоочуларымдын, өз абийиримдин алдында акмын. Бербесе, мандат бербей эле койсун. Мандатым жок болсо деле мрункудай жүрө берем. Негизи ошол кезде мен депутат болоюн деген деле оюм жок болчу. Тилекке каршы, бирөөлөрдүн сөзүнө ишенип, азгырылып кеттим окшойт. Ушундай мандат алып, балит саясатка аралашайын деген ниет да жок эле. Мен өзүмдү өтө эле таза кишимин дебейм. Менин чоң аталарым, чоң таяталарым мечит кармаган, таза, элдик адамдар болгон. Ошолорго анча-мынча тең болуп, таза болсом дейм. Саясатчылар мындайда колдонуп койду, чылгоо кылып ыргытып жиберди деп айтышат. Айта берсин. Бирок көкүрөк деген бар да. Көкүрөк таза болсо болду. Ар бир адамдын көкүрөгүндө от жанып турат. Ишенбөөчүлүк, ишенүү, жек көрүү оту да.  Менин көкүрөгүмдө, бир эле учурда бир нече от жанып турат…

(уландысы бар)

Маектешкен, Айбек Шамшыкеев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here