Чагылган: Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасынын мурунку биринчи орун басары Жеңиш Досматов Ала-Арча көрүстөнүнө жерге берилди. Ооруп-сыркабай эле, эл катары тың эле жүргөн Жеңиш байкебиз кечээ күнү эртең менен уйкудан ойгонбой калган. Быйыл 72 жаштын чайын ичип жаткан. Ал 1976-жылдан бери Кыргызстандын сот системасында иштеп, көп жылдар бою жооптуу кызматтарды аркалаган. Акырында Жогорку Сотто бир нече жыл төраганын  биринчи орун басары болуп иштеп, 2009-жылдары ардактуу эс алууга чыккан. Жеңиш Досматов өзүнүн иш билгилиги, мол тажрыйбасы менен Кыргызстан сот системасынын калыптанышына, өнүгүшүнө өзүнүн чоң эмгегин кошкон.

Бүгүн аны менен коштошуу зыйнатына Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков, мурунку өкмөт башчы Темир Сариев, коомдук ишмерлер Кемелбек Ашыралиев, Үсөн Сыдыков, Жогорку Соттун төрайымынын азыркы биринчи орун басары Качыке Эсенканов, мурунку орун басары Канат Турганбеков, ЖК депутаты Абтандил Кулбараков, ЖКнын мурунку депутаты Курманбек Осмонов, Кыргыз эл артисттери Муратбек Бегалиев, Тенти Мураталиев баштаган бир топ аттуу-баштуу инсандар келишти. Коштошуу митинги уюштурулуп, Жеңиш Досматовдун эмгеги, адамкерчилиги тууралуу көп сөздөр айтылды. Жеңиш байкебиздин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Жаратканыбыз, жанаттан жай берсин!

 

https://www.youtube.com/watch?v=hMQ5OvHqdA0

https://www.youtube.com/watch?v=jT7DMBP1lcY

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here