Сауд Арабиясында сексуалдык кулчулукка кабылып, бир ай дегенде араң качып чыкканын айткан кыргызстандык жигит «Азаттык» радиосуна баштан кечирген азабын айтып берди.

«Ыйлап жиберем… Өткөн күнүмдү эстесем эле ыйлайм. Сөз таппай жатам…»

Бирде көзүнө жаш толуп, бирде үшкүрүп, бирде уялганынан бетин алаканы менен тосуп алып татаал күнгө кабылган учурун баяндап олтурган бул жигит азыр 23 жашта. Араб мамлекеттеринин биринде бай эркектердин колунда бир айга чукул сексуалдык кулчулукта жүрүп келген.

Биз аны Бишкектен Москвага кетип жатканда жолуктурдук. Каржы жагынан кыйналып турганын айткан Давран башкалар анын башынан өткөн кыйын акыбалга кабылбаса экен деген тилегин кайталап жатты.

Көкүрөгү кирдеп турган жигит баштан кечиргендерин сүйлөп берүүгө кыйылып жатып араң макул болду. Дарегин жана башка жеке маалыматтарын ачыкка чыгарбоону суранды. Аты-жөнүн да коомчулукка айтууну каалаган жок. Андыктан, өзүнүн уруксаты менен биз аны шарттуу түрдө Давран деп атайбыз. Жигит бизге окуя Сауд Арабияда болгонун айтты. Мындан башка аргумент жок болгондуктан, кайсы шаарда кулчулукка кабылганын ачык айтпай турууну чечтик.

— Бул окуя 2012-жылы болгон. Ал жакта бай эркектердин көбү жаш жигиттерди сатып алышат экен. Мен андай тагдырга тушуккан жигиттердин көбүн көрдүм. Анткени, байлар жигиттерин ээрчитип алып, кээде бир үйгө чогулуп, зыяпат да кылышат. Сулуу жигитти бир жумага 5-6 миң долларга алышат экен. Сыртка чыгарышпайт. Кээде күн бою өөп-жыттап кучактап жатат. Сен ошол ишти каалайсыңбы же жокпу, маанилүү эмес. Негизгиси анын каалоосу. Бирок такыр көңүлүңдү оорутпаганга аракет кылат. Сыпайы сүйлөп, өз каалоосун ишке ашырат. Кийин билсем, мени 14 миң долларга сатып алган экен. Аныгын билбейм, бирок ушул сумманы түшүнгөндөй болгом.

Оор күндөрдү эстеп олтурган Давран улам-улам тамеки тартып жатты. Мындай тагдырга тушуккан кезде 18 жашта экен. Үйдө жалгыз уул. Апасы жана эжеси бар. Атасы дүйнөдөн өтүп кеткен.

Ак жуумал, келишимдүү жигит Давран Жалал-Абад облусундагы кыштактардын биринде чоңойгон. Кичинесинен динге кызыгып, мечитке каттап жүргөн. Ажылык сапарына барып, илимдүү молдо болууну самап жүргөн кездердин биринде Оштон келген бир адам менен таанышып калат.

— Ал мени өз эсебинен араб мамлекетине алып барып келерин айтты. Сүйүнүп макул болдум. Ал кишинин аты Муктар болчу.

Бирок Давран таанышынын «асыл максаты» башка экенин билген эмес. Балким чыныгы ысымы Муктар да болбошу мүмкүн. Жашоонун өйдө-ылдыйын түшүнө элек 18 жаштагы жигиттин ишенимине кирип, өз пайдасы үчүн атын башка айтышы да ыктымал.

Даврандын сөздөрүнө караганда, Муктар аны чет өлкөдө бир араб эркек менен тааныштырган. Паспортун алып, ошол эркекке карматкан жана документ иштерин бүтүрүп берерин айткан. Ошентип, Муктар «Сени менен ананыраак кезигебиз» деп изин жашырган. Тигил чет элдик адам болсо Давранды көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги жасалгалуу батирге алып барган:

-Үйүн дүйүм-тамакка толтуруп салды. Бир жакка телефон чалат, көп өтпөй эле эшик тыкылдап, тамак-аш, мөмө-жемиш алып келип беришет. Чөнтөгүмдө тамеким бар эле. Аны чегип жатсам, бир жерге телефон чалып, кальян алдырды. Анысын чекпей койдум. Ошентип бир жумадай ошол батирде жаттым. Тигил арабдын аты-жөнүн да билбейм. Сураган да жокмун. Ал күндүз өзүнүн иштери менен чыгып кетет. Эшикти бекитип коёт. Бир күнү телефонун унутуп калды. Андан пайдаланып, Кыргызстандагы эжеме SMS жаздым. Мени алып келген адамдардан адашып калганымды, башка шериктерди тапканымды, жакында кайра бара турганымды жаздым. Башыма түшкөн окуяны айта албадым. Алар муну көтөрө албайт да.— Үйүмдөгүлөр менен байланыша албайм. Унчукпай эле отурам. Телефонум жок. Же тил билбейм. Тигил эркектин жашы 50дөн ашкан. Бири-бирибизди түшүнбөгөндүктөн, кол жаңсап гана сүйлөшүп жаттык. Бир маалда тигил киши мага келип, колдорумду кармай баштады. Анын максатын түшүндүм. «Колуңду тарт!» деп кыйкырдым. Болбоду. Күчүм жетпей койду… Динде «кай бир жасаган күнөөң үчүн кудай сени ар кандай жол менен жазалайт» деп айтылат эмеспи. Кайсыл жерде жаздым экен деп ойлодум. Апамдын же эжемдин көңүлүн оорутсам керек деген ойлор менен алпурушуп жаттым.

Бир күн андан интернет сурандым. Тилин билбейм. «Интернет, Google» дедим. Ал мага телефонун берди. Google котормону таптым. Бирок ал жерде өзбекче сөздөр которулбайт экен. Орусча жакшы билбейм. Эптеп «сыртка чыккым келип жатат» деген сөздү арапчага котордум. Ал макул деп, мени көчөгө алып чыкты. Ошол жерде өзбекче сүйлөшүп жүргөн жигиттерди көрүп калдым. Алардын жанына барып, адашып калганымды айттым. Алар тигил арабдын ким экенин сурады. Ачыгын айткандан уялып, «бул мага жардам берем деп жүрөт» дедим. Тигилер араб менен бир нерселерди сүйлөштү. Анан «Сени бул консулдукка алып барат экен. Жакшы кишиге жолугупсуң, кыжалат болбо» деп айтышты. Эмне деп жооп береримди билбей, кайра ошол араб менен кеткенге мажбур болдум.

— Кечке кучактап жатат. Биринчи күнү эле жасаган жоругун эсепке албаганда, калган күндөрү силер ойлогондой жаман иш кылбады. Мага такыр катуу сүйлөгөн жок. Чын айтсам, ал менин көңүлүмө карайт болчу. Көзүмө тигилип, мени сүйүнткөнгө аракет кылчу. Бир күнү дүкөнгө алып барып, кийим сатып берди. Бирок мен каалаган кийимдерди эмес, өзү жактырган кийим-кечелерди сатып алды. Узун көйнөк алды эле, анысы мага бир аз кичинекей экен. «Ушуну киесиң» деди. Анысы денеме жабышып турат. Баш бармагын көрсөтүп, сонун дегенсиди. Башыма бир чүпүрөктү оротуп койду.Давран мындай азаптан кутулуунун ыңгайлуу жолу табылганча тигил арабдын үйүндө калууну чечкенин айтат. Башына түшкөн мүшкүлдү бирөөлөргө сүйлөп, жардам сураганга намысы жол бербептир:

Ал жакта бай эркектер сулуу жигиттер менен көңүл ачканды жакшы көрөт экен. Тигил киши бир күнү мени зыяпатка алып барды. Бирөөнүн үйүбү же эс ала турган жайбы, билбейм. Улгайган кишилер жаш жигиттер менен отурушат. Мени көрүп, дароо эки-үчөө келип, кучактап, бетимен эркелетип кармалап жатышты. Унчуга албадым. Эмне кыларымды билбей отура бердим. Бир-эки жигит аларга бийлеп берди. Мага улам тийишип жатышты. Оозу аябай сасыгандары бар экен. Кускум келип кетти. Ушундай күнгө туш келгиче, кудай деп Кыргызстанда жүрө бербейминби дедим.

Тигил кишинин мен үчүн төлөгөн акчасынын мөөнөтү бүттүбү, билбейм. Башка эркектер менен тааныштыра баштады. Мен чоң-чоң кишилер менен жатканга мажбур болдум, байке… Бир айга жакын убакыт өткөндө көчөгө чыкканга мүмкүнчүлүк болуп, качып кеттим. Полицияга бардым. Адашып калганымды эптеп түшүндүрдүм. Алар мени Аюб Хан деген кишиге алып барышты. Анын теги өзгөндүк, бирок азыр ошол жактагы чоң байлардын бири. Чачы узун экен. Ага да чындыкты айта албадым. Адашып калганымды түшүндүрдүм. Ошентип, алардын жардамы менен Кыргызстанга келдим.

Давран Кыргызстанга кайтып келгенден соң өзүн чет элге алып барган Муктарды издеп табат жана түшүндүрмө талап кылат:

— Жасаган ишин моюнуна албай койду. «Сен адашып калгансың» деди. Башкаларга даңаза болбоюн деп, унчуга албадым. Азыр намазымды окуп, диний амалдарды жасап жүрөм. Менин башыман өткөн окуяларды тааныштарым, туугандарым билбеши керек. Алар билген күнү мен өзүмдү жок кылышым мүмкүн. Ошондуктан тиги уятсыз, наадан киши менен тирешким келбеди. Унчуга албадым.

Давран ошол окуядан соң Москвага кетип калган. Жогорку диний билим алуу ниетинен кайткан. Апасы менен эжеси үчүн гана жашап жүргөнүн айтат. Жакында эки жумага Кыргызстанга келди. Көргөн-кечиргендерин бизге Москвага кайра кетерден эки күн мурун айтып берди. Ушул күндөрү Орусиядагы курулуштардын биринде эмгектенип жатат. Милиция же башка күч органдарына кайрылуу же психологдон кеңеш алуу тууралуу сунушубузду четке какты…

— Эмне деп арыз жазам? Араб эркектердин коюнунда жатып келгенимди жазамынбы? Тигинин жоругун кантип моюнуна коём? Беш жылдан бери депрессиядан чыга албай жүрөм. Аң-сезимимди коркуу сезимдери бийлеп алган. Аны бирөөгө айта албайм…

Булак: Азаттык.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here