«Кыргызстан айымдары» китеби жарыкка чыга турганын КРдин аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева билдирди.

Басылманын төртүнчү тому 31-августта эл назарына тартууланып, өлкөнүн 26 жылдык эгемендүүлүгүнө арналат.

Китепте аялдардын экономика, билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, маданият, региондорду өнүктүрүү жана бүткүл Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн маанилүү салымын кошкон мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин өмүр таржымалы камтылган.

Каармандардын арасында Раиса Атамбаева, СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, КТРКнын жогорку категориядагы режиссеру Сагын Ниязалиева, Кыргызстандын Эл артисти, маданияттын мыкты кызматкери Дарика Жалгасынова, Кыргызстандын көп жолку жана Азия кубогунун 2 жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова, 16-жолку дүйнө чемпиону жана дүйнөлүк мушташ чеберчилиги оюндарынын 2 жолку чемпиону Валентина Шевченко сыяктуу бир катар айымдар бар.

Аталган китеп республиканын эл аралык уюмдары жана элчиликтердин китепканалары үчүн өткөрүп берилет.

«Кыргызстан айымдары» китебинин биринчи тому 2008-жылы басылып чыккан, анда 312 аялдын тарыхы баяндалат. Кийин 2010-жылы 2-тому жана 2016-жылы 3-тому басылып чыгып, мында республика боюнча 400 айымдын ийгилигинин тарыхы айтылган.

Булак:Спутник

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here