Бүгүн кыргыз элинин бактысына эмес, азабына жаралган саясатчыларынын бири Өмүрбек Бабанов журналист журтчулугун чогултуп алып, баягы мактанмай, жедеп актануу иретинде айта берип ашмалтайы чыккан сөздөрдү айтып, өзүн баарынан кыйын сезип, «балп» этмелерди ирети менен башкы жомокчу катары баяндап берди. Баяндаганы курсун, же анысы чындыкка жакын болсо экен. Бул да болсо шайлоого улам жакындаган сайын, өзүн пиар кылуунун аракети.

Эми Бабанов сүйлөп жатканда угуп олтурсаң, чын жүрөгүнөн айтып жаткансып, образга кирип алат десең. Билесиңер да, саясатчылар ушинтип элдин кулагына кесме иле берет. Мен аппакмын, мен кыйынмын, мен укмушмун, мен жаратманмын, мен мыйзамды бузбайм, таза байыгам деген сыяктуу сөздөрдү айтып олтурса, аны чыдап уга албайсың эй. Бабанов жаратман болсо бүткөн экенбиз да. Бабанов андан көрө рейдермин, банкты, авторынокту, нефти компанияны басып алгам, тартып алгам деп жигитче, эркекече айтса болмок. Бирок антип кантип айтат. Жанын жеп, ыйманына камчы чаап, көнүп калган калпын катыра айта берет да. Бул адам калп айткандан ушунча рахат алат. Анан анын ал сөзүнө биринчи кезекте жанындагылары, «шёстёркалары, анан элдин ишенчек бир катмары ишене берет да. Ал айткан бал» сөздөрүн угуп олтуруп, жөн эле жерге түкүрөсүң. Кыргызда: «Уруу өлгөнчө жеп, тойгончо карганат» деген жакшы сөз бар. Ансыңарындай, карганып коюу Бабанов үчүн «ерунда», ал ошентип көнүп бүткөн. Каргыштан да, антыңдан да коркпойт.  Мансапка да байлыкка эгерим тойбойт…мындай адамдан бир гана сак болуу кажет. Эртең кокус ажо болуп келсе, мамлекетти дүңүнөн сатып жиберсе, эмне болот? Себеби, мунун достору баягы кыргыздын душмандары Айдар Акаев, Максим Бакиев, Бажаев сыяктуу шылуундар эмеспи. Төмөндөгү тасмадан Бабановдун «балп» этме, кулакка кесме илме кептерин угуп, бир баш чайкап алыңыз:

https://www.youtube.com/watch?v=cIfzkzoGF4o

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here