Береги сүрөт соцсетке жарыяланганына 2-3 үч күн болду. Бул сүрөттгү адам ким, сүрөт кайдан тартылганы боюнча так маалымат жок. Бирок бул сүрөттү көргөндөр ал адамдын сүзмө тебелеп жатканын жазышкан. Ошондой эле, сүрөттө сүзмө салынган каптар турганын байкоого болот. Ал эми сүзмөдөн курт жасап сатуу — өзүнчө эле чоң бизнес экени маалым. Эми ошол куртту да минтип бут менен тебелөө Кудайга да жакпаса керек…Сүттү, айранды, сүзмөнү, кымызды, каймакты — кыргыздар ак деп атап, ага өзгөчө мамиле жасап келишкен, ыйык катары сезишип. Анан ошону билбеген акмактарга сөз жетеби…Ал акмактар кыргыздын агынын касиетин качырып жатышат. Демек, андайларга жазаны Жаратканыбыз өзү жазаласын…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here