Күмөндөр Абылов, КРнын Эмгек сиңирген артисти:

-«Жамандын чеги жок» — деген туура экен. Жакшы эле жазбай коёюн дегем… Өңгөдөн да Бакыт Жакшылыков деген фейктин айтканына чыдабадым. Ал немеге кайсыл атасы: «Төө чечмей деген уят-сыйыты жок оюн, кыргыздын улуттук оюну» — деп айтканын билбейм. Анан уялбай, элге акыл айтканын кантесиң?…
Эй, мени беш күндөн бери каргап-шилеп жаткан «чыныгы мусулмандар»!… Буга кандай дейсиңер? Же, силер да «Төө-чечмейди» кыргыздын улуттук оюну дегиңер барбы? Бул уятсыз оюн керек болсо, кербенчилер менен ошол жактан келген араптардын, индустардын, перстердин оюну экенин билесиңерби? Болбосо бул уятсыз оюн (оюн болбой калсын) кыргыздын кайсыл тарыхында, кайсыл чыгармасында, кайсыл уламыш, жомокторунда айтылат экен? Далилдеп бере алат бекен?…
Анан ушуну угуп-көрұп туруп, Бакыт Жакшылыков дегениңерге эмне унчукпайсыңар?… Эгер чыныгы кыргыз мусулман болсоңор, мени бомбалаганча, ошол немени бомбалабайсыңарбы?… Ар, намыс дегенден барбы силерде? Кыргызга ушундай ыпылас нерселерди жабыштырып, маскаралап жатса, мага кайнаган жиниңер ага неге кайнабайт? Ушундан кийин кантип: «Кыргызбыз» деп, басып жүрөсүңөр? Эгер меникин дагы туура көрбөсөңөр, анда силердин кыргыз экениңер жалган! Анда мен бир жумадан бери калп эле, өзүн кыргыз атап алган аферисттер менен акыйлашып жатам! Анда силерден кыргыз элин чындап эле коргошубуз керек!…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here