Аз күн мурун жаш ырчы Самара Каримованын ордолуу Ош шаарындагы айтылуу «Сулайман -Тоо» музей-комплексинин Маданият, маалымат жана туризим министри, айтылуу композитор Түгөлбай Казаков тарабынан дайындалганы коомчулукта катуу сынга алынды. Себеби, бул ырчы кыздын ал тармак боюнча билими да, түшүнүгү да, тажыйырбасы да жок болчу. Ушундан улам  кыргызчылык, өң-тааныштык менен дайындоо маселесин  журналисттер  байма-бай жазып, акыры өзүн өтө эле укмуш сезген Самара Каримованы директорлук кызматтан баш тартууга мажбур кылды. Биздин «Чагылган» да   Каримованын директор болушун катуу сынга алып, анын күйөөсү Асан Мансуров экөө тууралуу «Саунаң болсо сайрандайсың, жаш кызды алып тайраңдайсың, кызматтан кызматка барып чалчактайсың» —  деген аталыштагы ачуу сын макала жазган. Ал макала кечетен бери сайт ичиндеги эң көп  окулган материалдардын катарын толуктап, окурмандар тарабынан ондогон пикирлер жазылууда. Ушундай  сын макалалар акыры Каримованын, анын күйөөсүнүн жүрөгүнө жеткен окшойт.  Бул да болсо ЖМКнын күчү экени талашсыз. Баса ал макалада министр Түгөлбай Казаковдун бул чечимин да катуу сынга алган элек. Казаковго да эл тарабынан нааразычылык  көп айтылгандыктанбы, айтор ал бүгүн «Азаттыкка» чын сырын айтып бериптир. Анын сөзүн төмөндө толук беребиз:

-Музейдин 25 кызматкери ушул кишини алып келип бергиле, иштешебиз деп кат жөнөтүптүр. Мурдагы директору менен иштешпейбиз деп эки айдан бери нааразы болуп жатышкан. Сурасак өкмөттүн облустагы өкүлү оозеки макулдугун берип жөнөтүшкөн экен. Биз аны дайындасак, музейдин “улуттук” деген макамы, ал боюнча өкмөттүн токтому бар экен. Ошого туура келет, келбейт деп социалдык тармактарда талаш-тартыш болуп кетти. Өзү мындай ызы-чуу менен андай ишке барбайм деп баш тарткандан кийин баары жокко чыкты.

Мына министрдин чын сыры ушундай. Маданиятты мыкты түшүнгөн, ошондон улам, Каримованы ал музейге директор кылып дайындагысы келбеген, ага башкалар мажбур кылганын ачык айтпаса да, ошого бир аз болсо да жакындаштырып айтыптыр. Балким, дагы да анча-мынча чындык айтылбай калгандыр. Себеби, Казаков 25 адам кол коюптур, суранып жатыптыр деп эле, ишти билбеген ырчы кызды аны директор кылса эл каршы чыгарын алдына -ала сезип туруп, дайындап койбойт болчу. Андай кадамга барып, өз билгенин жасай бергидей Казаков кыргыз маданиятына, тарыхына анчалык кара өзгөйлүк кылчулардан эмес эле дейбиз да. Андыктан Казаков киийнчерээк дагы да чындыктын негизги бөлүгүн айтаар…

Эң кызыгы аталган музейде 80ден ашык адам иштесе, ошонун 25и Самара Каримованы эмне үчүн колдоп чыкты? Же  Каримова ошол тармакта кесипкөй болбосо… Бул жерден табышмактын түйүнүн жандыруу анчалык кыйын эмес. Самаранын күйөөсү бир канча жыл ар кандай ачуу сын айтылганына карабай, түшпөс хан болуп Ош драм театарын башкарып келген. Эл жана чыгармачыл адамдар нааразы болгонуна карабастан аны Маданият министрлиги кызматтан албастан, кайра быйыл апрель айында министрликке караштуу Түштүк боюнча маданий борбордун жетекчиси кылып дайындап салган. Сауначы Мансуровдун  таасирдүү «серый кардинал» Илмиянов менен жакшы мамиледе экенин, ал тургай аны менен туугандык жайы бар экенин да жазып чыгышкан болчу. Эми Каримова менен иштешебиз деген 25 кызматкердин «шамалы» кайсы тараптан согуп жатканын байкадыңызбы, окурман! Ал кызматкерлер деле ошончо жыл музейде иштеп, тарыхый музейди тажыйрбасы, билими бар, мыкты жетекчи башкары керек экенин, музейде чечилбеген көйгөйлөр абдан көп экенин жакшы билишет. Бирок ошол билип туруп, музейге кыянатчылык кылып, той ырчысы Каримованы эмне үчүн бакыйган жетекчи кылып алгылары келди? Же алардан бирөөлөр абдан сураныштыбы, маданиятту түрдө? Айтор, бул жерде ачыкка чыга элек, дагы бир жагдайлар бар экени көрүнүп турат. Негизинен ал 25 кызматкер  өздөрү иштеп, агарып-көгөрүп келаткан музейге көчөдөн эле бир тажыйрбасы жок адамдын келип, башкарышын каалашпайт болуш керек. Бул маселенин толук картасы азырынча толук асылган жок. Дагы да ачылып калышы толук мүмкүн. акырындай айтарыбыз, кадр маселесине өтө этият болбосок болбойт. Ансыз деле ар ким өз тааныштарын, акча бергендерди  ишке тиши өтпөгөн  «тупойлорду»  жооптуу кызматтарга дайындай беришип, мамлекетте өнүгүү болбой жатат. Мамлекетти артка тартып жаткан эң көйгөйлүү маселелердин бири- дал ушул кадр маселеси  эмеспи…

Булак: Чагылган

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here