– Кыз-келиндер институтунун үчүнчү курсунда окуп жатканымда курбу кызым турмушка чыгып, ошол тойдо Арстан менен тааныштым. Токтоо жигиттин узун бою, жагымдуу коңур үнү, бакырайган кирпиктүү көздөрү жакты. Ошол таанышуудан көп өтпөй биз баш коштук. Баш кошууга да мен сунуш киргизип, тойду мен тездеттим. Жыл айланбай уулдуу болдук. Алгачкы жылдары жакшы эле жашап жүрдүк, бара-бара күйөөмдүн жанда жок жооштугу мени иренжитип аны кагып-силккеним көбөйдү. Байкушум андайда ууртунан күлүп коюп басып кетчү, же көпкө унчукпай калчу. Ошентип жүрүп кызым төрөлдү. Анан экинчи кызым. Төрөп эле койгонум болбосо, кыздарымды жолдошум өзү бакты. Арстан колунан көөрү төгүлгөн уста эле. Күн бою унчукпай жыгачтан бирдемелерди жасоо менен алек. Болпойгон уулум, чурулдаган кыздарым атасынын жанынан чыгышпайт. Мен мугалим болуп иштейм. Бирок мектепте деле жарыган айлык жок, күйөөм болсо элдей болуп акча табайын, бирди эки кылайын дебейт.

Ошентип жүргөн кезде заман аңтар-теңтер болуп элдин баары Орусияга агылып баштады. Алардын катарында мен да кетмек болдум. Жолдошум балдарын өзү карай бермек болуп унчукпай макул болду. Алгач барганда туруктуу жумуш таба албай, бир бөлмөдө он беш адам жашаган баш аламан жашоого көнө албай кыйналып жүрдүм. Бара-бара иштин көзүн таап, ары орусчаны билгеним жардам берип тез эле жакшы жумушка орноштум. Бирок баягыдай эле топураган, таң азанда турсаң жуунуп, болбосо жуунмак түгүл, дааратканага кезек жетпеген жашоо. Өзүмчө чыгып кетейин деп, кайра “койчу, андан көрө ошол акчаны балдарыма салайын, үйдү бүтүрөлү” деп кысындым. Адам көнбөгөн нерсе болбойт экен, бул жашоо деле көндүм болуп, ал тургай, көңүлдүү сезиле баштады. Туулган күндөрдү белгилеп, шаардын сыртына чыгып шишкебек жасап эс алып келчү болдук. Дос-курбу күттүм, оюн-зоогубуз көбөйдү.

Буга чейин канча көңүл ачсам да ала жипти аттаган эмес элем, каргыш тийген бир отуруш ааламды аңтар-теңтер кылып кетти. Курбу келин Жумагүл туулган күнүн белгилеп шарактаган топ чогулуп калдык. Мен бир аз кечигип бардым. Сырттан эле эркектердин бакылдаган үнүн, курбуларымдын шыңкылдаган күлкүлөрүн угуп шашып кирдим. Албырып кирип келген мени алагүү болуп калышкан немелер тим эле көптөн күткөн урматтуу конок келгендей тосуп алышты. Айрыкча төрдө отурган кең далылуу жигит от чачкан каректери менен бир башкача карап, өзгөчө сый көрсөтө ордунан тура жанынан орун көрсөттү. Анча-мынчадан сүрдөбөгөн жаным анын шок көздөрүнөн жалтана жанына тартынып отурдум. Ал улам мага көңүл буруп, ар бир сөзүмдү эңкейип алып астейдил угуп, ал эңкейген сайын андан келген жагымдуу жыт жүрөгүмдү кытыгылап жатты. Демейде кеп жебей шарактаган мен ошол түнү негедир тынч отурдум. Отуруштан кеч тарадык. Чыга берерде Данияр:

– Гүлү, мен сизди узатып койсом болобу? — деди сылык. Унчукпай баш ийкедим, каршылык кылуу оюма да келген жок. Үйгө жеткенде кыйылып, бирок анымды билдирбей түшүп кала бердим, “кир” дегим келип, кантсе да эрлүү аял экенимди ойлоп топураган көпчүлүктөн тартындым.

Ошол күндөн баштап эси-дартымдын баары Даниярда болуп калды. Ага жолугуу үчүн ар кандай айла-амал ойлоп тапчу болдум. Ал да менин чакырууларымдан, жардам сураган өтүнүчтөрүмдөн баш тартпай жетип келчү. Данияр чукугандай сөз таап, ар кандай абалдан чыгып кеткенге, кээ бир ыңгайсыз учурду жөнгө салып койгонго эптүү, жайдары жан экен. Ошентип жүрүп кантип Даниярга байланып калганымды, кантип чектен өтүп аялдык абийиримди булгаганымды байкабапмын. Мурда бош боло калсам кир-когумду жууп, балдарыма чалып алардын камын көрсөм, азыр баарын унуттум. Күйөөм болсо эч нерседен бейкапардай өз иши, тиричилиги менен алек.

Ошондо эле этегимди жапсам, же күйөөм кайда эмне кылып жүргөнүмдү телефондон болсо да тескеп, эр болуп опузалап койсо эмне, атаганат. Мен үйдөн кеткенимде уулум он эки, кыздарымдын бири он, бири жети жашта болчу. Ошол бойдон артыма бир кайрылган жокмун. Алгач балдарым түшүмө кирип санааркаганым болбосо, Даниярдын ысык мамилеси баарын унуткарып жүрдү. Күйөөм төшөк маселесине да копол, тартынчаак, муздак болчу, а Данияр бир эле учурда назик, боорукер, кыялкеч, бир эле учурда күчтүү, орой, чечкиндүү, шок да боло алчу. Аялга эркектин таттуу сөзү, аяр мамилеси гана керекпи, билбейм, мен Даниярдын бары-жогуна макул болуп, эч бир суранычынан, буйругунан да баш тарта алчу эмесмин.

Чогуу жашаган жети жыл аралыгында Данияр айылга өзүнө, ата-энесине үй салды, мал кылды, инисине бизнес ачып берди. Ушунун баары карандай менин эмгегим болсо да Данияр менин балдарымды атап койгон жок.

Мезгил өткөн сайын Данияр суз тартып баратты. Муну сезсем да мойнума алгым келбей “чарчап жүрөт го” деп өзүмдү жооткоттум. Бир жолу ваннадан чыксам бирөө менен сүйлөшүп жатыптыр.

– Карегим менин, сагынып кеттим го сени. Бир аз чыда, анан чогуу болобуз, көпөлөгүм, – деп жалынып жатыптыр. Мени байкабай калды. Кантип жетип барып телефонду жулуп алып жерге чапканымды билбей калдым. Оболу чочуп кетти да, анан тура калып жаагыма бир койду.

– Ким? – дедим долуланып.

– Ишиң болбосун, мен сүйгөн кыз, болдубу? – деди каректери каардуу жылтылдап. Ушундай ыңгайлуу учурду эле күтүп тургансып ыйлаганыма, жалынганыма карабай кийим-кечесин алып чыгып кетти да, бир жарым ай кабарсыз кетти. Куса болуп тамак да өтпөй калды. Ошол бойдон келбей калса эмне, атаганат. Бир күнү жумуштан чыксам үйдүн алдында тамеки тартып жалгыз отуруптур. Көрүп эле ыйлап мойнуна асыла кеттим. Ал суз өөп, анан боюн коомай кармап туруп калды. Үйгө чакырдым, суз кирди. Жат адамдай муздак болуп калыптыр. Бирдемеси өзгөргөнүн, бирок эмнеси экенин биле албай азаптанып жүрдүм. Билинбеген бул жарака улам чоңоюп, кийинки кезде Даниярдын үйгө келбегени көбөйдү. Андай түндөрү уктай албай, “келсе урушам, “кайда жүрдүң?” деп сурап ызы-чуу салам” дейм да, келгенде эле кареги менен тең айланып алдына тамак койгонго шашам. Жумушум да оор, бирок аныма да кайылмын. Бир күнү жумушта жыгылып калыпмын, Даниярга чалышса, “колум бош эмес”, — деп коюп салыптыр. Жумуштагылар доктурга алып барышса, “кош бойлуу экенсиң”, — деди доктур. Чыны кубандым, мамилебиз оңолот го деп күттүм. Тескерисинче, бул кабар Даниярды ачуулантып, бир жумадай үйгө келбей койду. Улам чалып “кел, сүйлөшөлү” деп жатып араң келди. Баягы Данияр эмес, копол, орой, түнт адам келди. “Өзүң билесиң, биринчиден, мен үйлөнө элекмин, экинчиден, сенден сегиз жаш кичүүмүн. Ары сага эч нерсе убада кылган эмесмин. Балдарыңды, эриңди өзүң таштадың. Ошондуктан менден эч нерсе талап кылба. Эгер менден биротоло айрылбайын десең алдыр. Жок дегенде бир аз убакыт өтсүн, атамдар азыр көнбөсө да кийин сага үйлөнүүмө көнөт чыгар”, — деди суз. Мен келесоо анын ушул сөздөрүнө алданып үч айлык болуп калган баланы алдырып салдым. Данияр болсо мен айлык аларда эле жакшы сүйлөп, акчам түгөнгөндө келбей койчу болду. Арадан бир жыл өткөндө кайра кош бойлуу болуп Данияр аны да алдыртып салды. Экинчисин алдырганда суук өткөрүп алып катуу оорудум. Бара-бара бир кол, бир бутум жакшы иштебей калды. Данияр алгач кабар алымыш болгон менен кийинчерээк дайынын таптырбай кетти. Өлбөгөн адам жашай берет экен, эптеп жашап жүрдүм. Жакшы адам көп тура, ошол жердеги кыргыздар бири баласына бакча кылса, бири кир-когун жуудуртуп, алым жеткен ишке жумшап, каралашып жүрүштү. Эч кимисинен акы сурабадым, курсагым тойгонуна, баш калкалар жайым барына ыраазы элем. Колдон-колго өтүп эмне гана жумуш кылбадым, кимдин гана кирин жууп, кандай гана адамдарды жолуктурбадым дейсиз. Ошондой күндөрдө мени уулум издеп келди. Чынын айтсам, алардан үмүтүмдү үзүп салган элем. Арадан он беш жыл өткөндө издеп келет деген ой кимдин оюна келсин. Анткени мен аларды таштап кетпедим беле. Сырттагы сууктан сөөктөрүм сыздап, тура албай тоголонуп жаткам. Мага каралашып, анча-мынча жардамдашып, ишсиз калганда иш таап берип жүргөн кыргыз киши:

– Гуля, сени бир жигит издеп жүрөт, сүрөтүңдү көтөрүп жүргөн экен, калыңдан араң тааныдым. Иттей сулуу болгон турбайсыңбы ээ? — деп кобурап кирип келди. Артынан ээрчий кирген уулумду көрөрүм менен тааныдым. Арстандын жаш кезиндегисинин өзү болуптур. Бирок көздөрү анын көзүндөй момун эмес, тик, чечкиндүү, анан кандайдыр өктөөсү бардай капалуу, ошол эле учурда капкан чапкан карышкырдын көзүндөй жаалдуу да экен. Ордуман тура албай катып калдым, турганга дарманым да жетмек эмес. Мындайда не дээриңди да билбейт экенсиң. Унчукпай тиктешип турдук да:

– Мына, уулум, менин абалым ушул, табалап ал да, кет. Мен өлгөнмүн, — деп ары карап жатып алдым. Башка не дейин, актанамбы, кечирим сураймынбы, ыйлайынбы? Азыр мунун баары маанисиз болчу. Мен ал чектен өткөнүм качан. Уулум унчукпай мен жаткан жайды тегерете карады да, таң каларлык токтоо:

– Ооба, сиз биз үчүн да өлгөнсүз, бирок эл үчүн өлбөпсүз. Мен “апаңды таап көөмп ал” деген мыскыл сөздөн баса албай калдым. Кеттик, өлсөңүз менин төрүмдө өлүңүз. Бирок келиниңизге, неберелериңизге апам эмес, өлгөн апамдын эжеси, менин таежемсиз, — деди да, менин макулдугумду күтүп отурбай эле ээрчите келген эки жигитке көтөртүп алып жакын эле жердеги мейманканалардын бирине алып барды. Жуунтуп, тарантып, документтеримди камдап үч күндө Орусиядан Кыргызстанга алып чыгып кетти.

Азыр уулумдун үйүндөмүн, уулум көп сүйлөбөйт, ичинде эмне барын билбейм. Кечирди дейин десем, мына келгениме эки жылдан ашты, бир жолу чечилип сүйлөбөдү, “апа” демек түгүл, өзү айткандай “таеже” деп деле кайрылбады. Көзүмө карабай туруп:

– Кандайсыз, эч жериңиз ооруган жокпу, дарыңыз барбы? Бирдеме керек болсо Батмага айтыңыз… – деп коёт да, чыгып кетет, башка кеби жок. Карындаштарына, атасына, тууган-урукка не деп түшүндүргөн, билбейм, үйгө кирген тууган-урук, тааныштар мени менен учурашмак түгүл, мага көңүл да бурушпайт. Болбосо баары мени тааныган адамдар, кайын журтумдан келсе да, менин туугандарымдан келсе да мени көрбөгөндөй. Мен үчүн баарынан оору — ушул. Тааныбай калышты го дейин десем, “бул ким?” деп да сурашпайт. Алгач бул абал мени тирүүлөй азапка салса, бара-бара көнүп да калдым. Неберелерим гана мени адам катары карап, оболу чочуркап жүрсө, азыр кадимкидей боор тартып мага илинип турушат. Бирок мен аларга чоң эне эмес, апчемин. А келиним унчукпай тамагымды убагы менен берет, кийимимди алмаштырат, эшикке кирип-чыксам жөлөп коёт, болду, башка ооз ачпайт. Жолдошумду көргөн жокмун, неберелеримдин кебине караганда, үйлөнгөн го, “чоң атам менен чоң энеме барабыз” деп ар дем алышта шашып кийинип, кудуңдап сүйүнүп конокко кетишет. Бир жолу кичинекей неберем атасына:

– Ата, апчени да чоң атамдыкына ала баралычы, – деп суранып калды. Уулум мени бир жалт карады да, анан укпагандай жер карап калды. Колдору калтырап, көздөрү каканактап кеткенин көрүп турдум. Баламдын ошондогу жалт караган көз карашы али да карегимде жаа болуп сайылып турат. Бул көз карашта өксүк, таарыныч, арман, жек көрүү, аёо, орду толбогон жоготуу, айтор, миң бир эки сезим бар эле.

Ар жума сайын неберелерим кетет, алар кеткенде мен отурган үй даана мүрзөгө, өзүм тирүүнүн өлүгүнө айланам. Азыр мен көлөкөмүн. Мындан ары кантип, не деп жашайм, билбей калдым. Ушундай жашоодон көрө Орусиянын суугунда тоңуп калсам эмне…

Булак: леди кж.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here