Асан Мансуров деген кыргыздын эркеси бар, ишкер сымал. Кирешеси саунадан түшөт. Ал кыргызга «сауна меники эмес, апамдыкы» деген сөзү менен таанылган. Буга чейин Ош облусундагы драмтеатрды башкарып келди, ошол учурдабы, же  андан мурунбу, айтор «кыргыз байыса катын алат» болуп, акчанын арбындыгынан пайдаланып, өзүнөн кыйла кичүү кызды алган. Анысы элге таанымал ырчы болуп калган Самара Каримова эмеспи. Самараңдын үнү деле укмуш эмес. Күйөөсүнүн байлыгына таянып, кыргыздын далай мыкты ырларын бузуп ырдап, дембе-дем клип тарттырып, өзүн бир укмуш сезип, эчак эле жер менен баспай калган. Күйөөсү Ош драмтеатрын менчигиндей бколдонуп, башка ырчылар ал театрга 2-3 күнгө концерт коё албай, жиндери келип сөгүп жүршөсө, анын эркеси 20 күндөн концерт берип, элдин кыжырына тийип келди. Маселен, ушундай көрүнүшкө Эл артисти Гүлнур Сатылганова туш болуп, кызындай болгон Каримова ага тиш кайрап, ич тардык кылып, бут тосконун ачык эле айтып берген болчу.

Күйөөсү болсо быйыл апрель айында Маданият министрлигине караштуу Түштүк боюнча маданий борбордун директору болуп дайындалган. Маданият министри Түгөлбай Казаков эми кечээ күнү аны аялы Самара Каримаованы Сулайман -Тоо улуттук тарыхый археологиялык музейине директор кылып дайындап салды. Туй ата, анча болду тажрыйба, тарых дегенден кур жалак жаш ырчыны Түкөбүз биротоло өзүнө орун басар кылып алса болмок. Каримова да да бет жок турбайбы, өз деңгээлин билип, бул кызматка жулунбай эле койсо, куп жарашмак. Сауначы Асанов мынча эмне эркелеп, аялын да мынчалык эркелетип жатканынын бир себебин атактуу айдоочу Икрамжан Илмиянов менен байланыштырып жатышат. Анткени, Мансуров менен Илмиянов тууган чалыш имиш. Же Мансуров кошоматчылыкты абдан эле мыкты өздөштүргөнбү, айтор ушундай. Мына, кыргызым, сауна иштетип, арам акча тапкан эргулдар эми кыргыз маданиятын тейлеп, башкара башташты. Түкөбүз, Каримованы кантип бакыйган директор кылып салды болду экен. Маданиятты, тарыхты жакшы эле түшүнгөн Түкөбүздүн буга дити деле барбайт эле, кыязы жогорку жактан кыйнашкан го. Кол койгондон кийин өзү деле жерге бир түкүрүнүп алса керек…

Баса бул аталган музейдин мурунку директору бир зөөкүр чалыш неме экенин жазып чыгышкан. Ал кол алдындагы боюнда бар аялдарды боюңдан алдырып сал деп кыйнайт экен. Ошол чатагы менен кызматтан кетти. Сулайман-Тоо музейин багы буга чейинки директордун тушунда  ачылбаптыр. Эми жаш ырчынын тушунда багы ачылабы? Аны убакыт көрсөтөөр. Же тойго барып ырдап, көп акча таап көнүп калган Каримова чала иштеп, кечке маал тойлорго жүгүрүп кетип турабы? Директор болсо эле, кантип эле тойго ырдабай калсын. Маселен, Кыргыз улуттук драм театрын 2-3 жыл директор болуп башкарган Эл артисти Темирлан Сманбеков деле саат 5тен кийин тамадалык кылып жүрүп, акыры кызматтан жаманатты болуп, анан калса ар кандай коррупциялык иштери ачыкка чыгып кетпедиби. Каримова эми  анын жолун жолдобосо экен. Себеби, Сулайман-Тоо музейинде көйгөй көп. Өзгөчө жер чатагы. Тегерегиндеги мыйзамсыз курулуштар ж.б. Сулайман-Тоо жөн тоо эмес, ыйык тоо, ошо үчүн ЮНЕСКОго кирген. Ошол чатактардын айынан ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгып калуу коркунучу да бар экени буга чейин көп айтылды. Айтор, Кудай эле сактаса экен, тажрыйбасы жок, эси-дарты той, ыр, акча  болгондордон…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here