Күмөндүр Абылов, КРнын эмгек сиңирген артисти:

-Дагы айтайын, ташы калдыбы? Мага акыркы эки-үч күндөн бери, кимдин ким экендиги даана билинди. Өзүн чыныгы мусулман эсептегендердин көбү, жеткен бок ооз, намызсыз, адамкерчиликсиз, билимсиз, түркөй экендиги да белгилүү болду. Буларды «Момун-мусулман» — деп айтууга деле болбойт. Момун мусулмандын эч качан оозунан ак ит кирип, кара ит чыкмак эмес. Мен жолдон адашып, миллион туура эмес сүйлөгөн күндө да, мынчалык мени каргап-шилеп, боктомок эмес. Ким адашканын, ким туура эмес жолдо экенин, баарын убакыт көрсөтөт. Бирок тилекке каршы, ал убакта баары кеч болуп калат. Укпасаңар койгула! Силерге сүйлөбөй коюш деле колдон келет. Мен билгенимди айттым. Аны менен эч нерсе өзгөрбөсүнө көзүм жетти. Аман болгула!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here