КҮМӨНДӨР АБЫЛОВ КРнын эмгек синирген артисти:

-Урматтуу туугандар! Урматтуу өзүн чын мусулман эсептеген Кудайдын кулу, Мухамметин үмөтү болгон туугандарым! Сиздерге, сиздерден акылдуу болбосом да, ушул оюмду айтууну эп көрдүм. Жактырасыңарбы, жактырбайсыңарбы, ал силердин иш. Алтындай убактыңарды алгандыгым үчүн, алдына ала кечирим сурайм!
Мусулман дини бизге кегенден бери, азыркы убакка чейин мусулман экенибиз албетте чындык. Ал жөнүндө кымындай да талаш жок. Бирок бир жагдайды эстеп көрөлүчү?… Мисалы: Менин ата-энем, сенин ата-энең, анын ата-энеси, баарыбыздын ата-энелерибиз, чоң ата, чоң-энелерибиз мусулман болушкан, туурабы? Туура! Чынын айтсак, ал убакта алар, канчалык чын дилинен мусулман болушса да, молдокелердин билими аз, элдин шариаттан азыркыдай маалыматы жок эле го? Чубак ажычылап, ал кезде, кыргыздын каада-салтына, кийимине, ырым-жырымдары: «Тушоо-кесүү», «Келинди отко киргизүү», мазарга сыйынуу, арбакка сыйынуу, өлгөн адамга өкүрүп келүү, шам жагууларга эч ким тыйуу салчу эмес да?… Андан да, кыз баланы тогуз жашында күйөөгө берсе болоорун, төрт аял алса болоорун, аялың жакпаса талак айтып, кайын эжеңе, же балдызыңа, же кайненеңе үйлөнүп алсаң болоорун, жети атага чейин эле бир туугандын балдары бири-бирине үйлөнсө болоорун эч ким үгүттөгөн эмес да?… Улуттук кийимиңди селдеге, дамбалга, аялдардын көнөгүнө эч ким алмаштырган эмес да? Же мен калп айтып жатамынбы? Эгерде ошол убакта Чубак ажы болгондо, биздин ата-бабалар Чубактын чучугун чубап салышмак! Ушул айткандардын баары кийинки эле он жылга жетпеген убакта чыкпадыбы? Мурда ким ушинтип, бири-бирине каршы чыкчу элек? Байлыкка жетпесек да, жакшы эле жашап жатпадык беле?
«Кыргыз бойдон эле калалы, канга сиңип калган жакшы салттарыбызды унутпайлы, тилибизди бузбайлы, өзүбүздү өзүбүз чанбайлы» — дегендин эмнеси жаман? Анын кандай элди бузгандыгы бар? Ага эле эмне анча куйкаңар курушуп, тытынып, каргап-шилеп жатасыңар, туугандар? Же сийдик ичип жаткан кишини биз да мактап, баарыбыз анын артынан сийдик ичелиби?
Койгулачы туугандар? Ар нерсенин да чеги болот да?.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here