Темир Сариев 15-октярда өтө турган президенттик шайлоого ишенимдүү кадамдарды таштап, улам алдыга жылып баратканын жалпы коомчулук байкап турат. Жалпы республиканын булуң-бурчун ала жаздан бери калтырбай түгөл кыдырып чыгып, жер-жерлердеги көйгөйлөрдү дагы бир ирет толук иликтеп, эл менен  баарлашууну дагы да улантып жатат. Активисттер менен да өзүнчө жолугуп, жер-жерлерге шайлоо штабдарын ачты. Ал эми БШКнын талапкерлерге койгон негизги үч талабынын экөөсүн ийгиликтүү аткарды. Белгилей кетсек, Сариев биринчилерден болуп БШКга 60 миңден ашуун адамдын колун тапшырса, кечээ күнү да биринчилерден болуп мамлекеттик тил боюнча атайы тестен өтүп, берилген эки сааттын 1  саатында (40 суроо, баян жазуу ж.б.)тести толугу менен тапшырып,  90дон ашуун  балл алып, эң жакшы көрсөткүчтү көрсөттү. Мамлекеттик тил комиссиясынын эксперттик комиссиясынын жетекчиси, академик Абдылдажан Акматалиев  тестен кийин, пикирин айтып, Темир Сариевдин мамлекеттик тилди эң сонун билерин баса белгиледи.

Чоң саясатчы болуп туруп, эне тилди эң жогорку деңгээлди билбесе, эл үчүн да, өзү үчүн да уят болмок. Бирок нукура кыргыз, билимдүү кыргыз тил боюнча тести, ар кандай сынактарды ушундай эле көрсөткүчтөр менен тапшырышат. Ал эми аты кыргыз, заты кыргыз эмес, «киргиз» атка минерлер да бизде аз эмес. Мына ошолор Сариев сыяктуу талапкерден үлүгү алышы керек. Ошентип, экспертердин пикири боюнча Президенттикке талапкерлердин ичинен эң негизги  «фовориттердин» бири болуп саналган Сариев жакында БШКнын үчүнчү талабы, тагырагы 1 млн. сом күрөөнү төксө, толук кандуу, расмий талапкер болот. Эмне дейбиз, ийгилик гана кааламакчыбыз.

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here