1. Көп жылдык чогуу жашоодон кийин көпчүлүк үй-бүлөлөрдө жубайлык жашоонун кызыгы кетет. Аял менен күйөөсү ага-карындаштай болуп калат. Бир кылка жашоодон тажаган эркек кандайдыр бир жаңы сезимдерди каалап баштайт.

 

2. Аялдын көңүлү башкага: мисалы, жумушуна, балдарын тарбиялоого бурулуп кеткен учурда күйөөсү көмүскөдө унутулуп калат. Мындай абалда калган эркек үйдө өзүн керексиз сезип, жан дүйнөсүндөгү бул жетишпестикти сырттан издей баштайт.

 

3. Көп эркектер жагымдуу, жарашыктуу кийинген, өзүнө караган аялды жакшы көрүшөт. Андыктан жолдошуңуз менен таанышканда келбетиңиз, кийимге болгон табитиңиз кандай болсо, аны ошол бойдон сактап жашоого аракет кылыңыз.
4.Үй-бүлөлүк бакыт үчүн кандайдыр бир иш менен чогуу алек болуу маанилүү. Башкача айтканда, сиздерде жалпы кызыкчылык болууга тийиш. Анткени ортодогу мамиле баштагыдай сактылышы үчүн жубайлар бири-бири менен көбүрөөк сүйлөшүүлөрү зарыл.

 

5. Эркектин көзгө чөп салуусунун дагы бир себеби – аялынын ишенимдүү эместиги. Көп эркектер өч алыш үчүн мындай кадамдарга барышат.

 

6. Аял 4-5 жыл катары менен үйдө отуруп калган учурда аны балдары, үй тиричилигинен башка эч нерсе кызыктырбай калат. А эркек үчүн мындай аял кызыксыз сезиле баштайт да, аны менен сүйлөшө турган сөз жок болуп калат. Андыктан аялдын дайыма кызыктуу бир иш менен алектенип, маектеши үчүн кызыктуу адам бойдон калууга аракет кылганы туура.

 

7. Эч бир эркекке аялынын башкарганы, аны өтө эле көзөмөлдөй бергени жакпайт. Алар аялын энеси же жетекчиси катары эмес, жөн гана жубайы катары көргүсү келет. “Эркек – баш, аял – моюн” деп айтылып келет. Бирок ошол моюнду да туура бурганды билүү керек.

Көзгө чөп салган эркектин белгилери:

Ар кандай себептерди шылтоо кылып жумушта көп кармала баштайт.

Дем алыш күндөрү үйдө турбай калат. “Кайда барасың?” деген сурооңузга жооп ордуна кагуу аласыз.

Телефон менен сүйлөшүүлөрү көбөйүп, мүмкүн болушунча эч ким жок жерде сүйлөшкөнгө аракет кылат.

Өзүн мурункуга караганда көбүрөөк караганга өтөт: өзүнө кийим алууда мурункудай акчаны аябай калат, тез-тез жууна берет, эркектер үчүн косметикаларды көп колдоно баштайт.

Сизди курбуларыңызга, туугандарыңызга дароо эле жөнөтөт.

Үй телефон шыңгыраса биринчи болуп чуркайт, ал эми кол телефонун үнү жок режимге коюп коёт.

Тамакка болгон табити кокусунан эле жоголуп кетет, үйдөн тамак жегени азаят.

Экөөңүздөр жалгыз болгон учурда көзүңүзгө карабайт.

Көзгө чөп салган күйөөнү кантип кечирсе болот?

Сиздердин бир нече жылдык жубайлык жашооңуздарга күйөөңүздүн кыянаттык кылганына көзүңүз жеткенден кийин аны менен тынч отуруп сүйлөшүңүз. Бул учурда кыйкырбай, ызага алдырбай өзүңүздү кармай билгениңиз өзгөчө маанилүү. Мындан улам жолдошуңуз сиздин канчалык акылдуу экениңизди түшүнгөндөй болсун. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында күйөөңүз кетирген катачылыгы үчүн өкүнгөндөй, өзүн күнөөлүү сезгендей болсун. Ошондо гана ал экинчи мындай кадамга барбайт.

Мындай учурда психологдор дагы бир ыкманы сунушташат. Ал – убактылуу эки бөлөк жашап туруу. Бул учурда эркек өзгөргөнгө жана мурунку мамилени кайра калыбына келтиргенге даяр болууга тийиш. Ал эми аял толук бойдон күйөөсүн кечирип, өткөн нерсеге кайра-кайра кайрылбоого өзүн даярдаш керек. Ошондон кийин гана жубайлар мурунку бактылуу жашоосун кайра улап кете алышат.

Өзүңүз үчүн кандайдыр бир кызыктуу жумуш же хобби таап, үй-бүлөлүк жашоодон алаксысаңыз, сүйүктүү күйөөңүздүн чыккынчылыгын кечирүү алда канча жеңил болот.

Балдар – үй-бүлөдөгү бакыт. Алар да жашооңуздагы жагымсыздыкты унутууга жардам беришет. Ал үчүн балдарга көбүрөөк көңүл буруп, жашооңузда болуп өткөн бактылуу көз ирмемдерди көбүрөөк эстегенге аракет кылыңыз.

Кандай учурда кечирбеш керек?

Күйөөңүздүн көзүңүзгө чөп салганын билип, экөөңүздөр ачык сүйлөшүүгө бардыңыздар. Бирок ал: “Экинчи мындай ишке барбайм”, — деген убадасынан тайып, кайра эле көңүлдөшүнө бара берсе күйөөңүздөн кол үзгөнүңүз оң.

Сизди сүйбөгөн же сиз сүйбөгөн адамды кечирүүнүн зарылчылыгы жок. Аны менен баары бир келечегиңиз болбойт.

Жубайынын көзүнө чөп салуу жаман иш экенин түшүнгөнү менен өзүн өзгөртүүнү каалабаган адамдарга да ишенүү кыйын. Анткени ал — азгырыкка туруштук бере албаган алсыз адам. Мындай адамдар эч качан өзгөрө алышпайт.

Күйөөңүздүн көзүңүзгө чөп салганын билип калсаңыз…

Такай ачууланып, ыйлап, кайгыруудан алыс болуңуз. Күчтүү терс эмоциялар организмди бузат: уйкусуздук келип чыгат, баш оору болот, ашказан жарасы пайда болушу мүмкүн. Күйөөңүздүн кылганы үчүн ден соолугуңузду бузуунун кажети барбы? Ден соолукту кайра калыбына келтирүү оңой эмес.

Алкоголдук ичимдик колдонуп абалымды жеңилдетем деп ойлобоңуз. Алгач бир бокал шарап ичесиз. Жагымсыз нерселерди унута түшөсүз да, күн сайын ичүүнү адат кылып аласыз. Мунун арты жакшылыкка алып барбайт. Өзүн алкоголдук ичимдик менен алдоо — алсыз, акылсыз гана аялдын иши.

Балдарыңызды атасына каршы үндөбөңүз. Бала үчүн ата-эненин экөө тең бирдей, ал экөөнү бирдей сүйөт. Үйдөгү ата-эненин карама-каршылыгын бала көтөрө албай ооруп калышы да мүмкүн.

Өзүңүзгө кол салуу тууралуу ойлонбоңуз. Бул эң коркунучтуу ой. Болуп өткөн окуяны болгону бешенеңизге жазылган тагдыр катары кабыл алып коюңуз. Балким, тагдыр алдыда сизге чыныгы бакытты, кубанычты камдап тургандыр.

Жолдошуңуздун көңүлдөшү менен байланышууга аракет жасабаңыз. Урушуу, коркутуу, каргоо үчүн жолдошуңуздун көңүлдөшүнө жолугам деп ойлосоңуз, жаңылышасыз. Сиз анын көзүнө ушунчалык аянычтуу көрүнөсүз. Ушундай абалыңызды ага көрсөтүп, анын жанында басынуунун сизге кандай зарылчылыгы бар? Болгону жашоо бумеранг экенин эстеп коюңуз. Сиздердин никенин бузулушуна себепкер болгон ал адам келечекте өзүнүн бул кылганы үчүн сөзсүз жооп берет.

Күйөөңүзгө жалдырабаңыз. Ал сизди башкага алмаштырды, алдады, демек, сиздин сезимдериңиз менен эсептешпейт. Аны коркутуудан, талап коюудан, сурануудан, жалдыроодон алыс болуңуз. Болгону сизди же аны тандоого мүмкүнчүлүк бериңиз. А өзүңүз анын тигил же бул тандоосун башыңызды бийик көтөрүп кабыл алууга даяр болуңуз.

Кызгантам деп ойлобоңуз. Эң туура эмес кадам – дароо бирөөнү таап алып кызганыч сезимин ойготом деп ойлогонуңуз. Ал сизди кызганбайт, тескерисинче,чындап көңүлү калып калат. Андан кийин үй-бүлөнү сактап калуу татаалдашат.

Булак:Леди кж. Айзирек Урматбекова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here