Буттун баш бармагындагы сөөктүн чыгып турушу бир гана бут кийим кийгенде ыңгайсыздык жаратпай, ооруну да пайда кылып тынчты алат. Бул сөөк эмнеден улам чыгат жана андан кутулуу мүмкүнбү?

Бул эмне болгон сөөк?

Буттун бармак тарабында чыгып турган сөөккө көп учурда аялдар туш болот. Эркектердин муундары көлөмдүү жана бекем келгендиктен, буга мырзалардын 15%ы гана чалдыгат. Буттагы пайда болгон ал дөмпөктү толук сөөк деп айтууга болбойт. Анткени ал башында жумшак болуп, адамдын жашы өткөн сайын катуу сөөккө айланат. Бул көйгөй адамдынсөөк системасын байланыштыруучу ткандардын алсыз болушунан келип чыгат.

Сөөктүн пайда болуу себептери

Тукум куучулук. Эгер апасынын бутунда сөөк бар болсо, кызында жана небересинде да сөөктүн болушу толук ыктымал. Окумуштуулардын изилдөөсүндө бул тукум куучу болуп табылып, бала эненин курсагында кезинде эле буттагы сөөктөрү өсө баштаганы байкалган. Мындай учурда баланын кичинекей кезинде дарыласа, сөөк кетиши мүмкүн.

Тар бут кийим. Көп айымдардын буттагы сөөгүнүн чыгышына тар бут кийим себеп болот. Бутту кыскан бут кийимди такай кийип жүрүү тамандын өзгөрүшүнө алып келип, сөөктү пайда кылат.

Такалуу бут кийим. Ар дайым такалуу бут кийим кийген айымдар бул көйгөйдөн кача алышпайт. Бийик така буттагы манжалардын абалын өзгөртүп, тамандын өзгөрүшүнө алып келет, сөөктүн чыгышын шарттайт.

Ашыкча салмак. Толук адамдардын бутунда сөөктүн чыгып турушу оор салмакка байланыштуу болот. Салмак канчалык көп болсо, буттун бармагына ошончолук басым чоң болот да, сөөктү пайда кылат.

Майтамандуулук. Бул ооруда бутка туура эмес басым болгондуктан, бутка сөөк чыгып калат. Мында сөөктөн арылуу үчүн алгач майтамандуулуктан арылууга туура келет.

Бутка болгон ашыкча күч. Сөөктүн пайда болушуна буттун алдыңкы бөлүгүнө келген күч таасир берет. Бул көйгөйгө көп учурда бийчилер, спортчулар, балериналар туш болушат.

Сезгенүү. Буттагы дөмпөк оорутуп жатса, кемирчек ткандарынын оорулары жана буттагы байламталардын сезгениши себеп болушу мүмкүн. Мындан тышкары сөөк сынганда жана ар кандай жаракат алганда убагында дарыланбаса, сөөктүн өсүшүнө алып келет.

 

Алдын алуу

– Бут кийимдин жакшынакайын эмес, ыңгайлуусун алуу керек. Бут кийимди кийип көрүүдө манжалар бири-бирине кысылбагандай болушу шарт. Өзгөчө бармактын жайгашышына көңүл буруу зарыл.

– Такалуу бут кийим тандоодо такасынын бийиктиги 4 сантиметрден бийик эмесин алган туура жана аны ар күнү кийип жүрүү керек эмес.

– Чуркоо, секирүү да сөөктү пайда кылгандыктан, спорттук бут кийим алууда сапаттуу жана чагын алуу зарыл.

– Жайында түз жерден, кумдан жылаңайлак басуу сунушталат. Бул майтамандуулуктан арылтып, сөөктүн пайда болушунун алдын алат.

Бутка көнүгүү жасоо

Буттагы сөөктөрдүн алдын алуу үчүн же жаңыдан пайда болуп келатканда жасала турчу көнүгүүлөр бар. Буларды күн сайын бут чарчаганга чейин жасоо керек. Көнүгүү жасар алдында бутту укалап, ыңгайлуу абалды тандап отуруу керек.

1-көнүгүү: Бутту алдыга сунуп манжаларды алдыга жана артка болгон күч менен чоюу керек.

2-көнүгүү: Манжаларды болушунча бүктөп бир мүнөт кармаган соң, бутту эс алдырып кайрадан беш-алты жолу кайталоо зарыл.

3-көнүгүү: Буттагы бармак менен сөөмөйдүн ортосуна карандаш коюп, сүрөт тарткандай он жолудан солго жана оңго тегеретип кыймылдатуу шарт.

4-көнүгүү: Отургучка же диванга отуруп жылаңайлак буттун алдына бөтөлкө коюп таман менен ары-бери он мүнөт жылдыруу керек.

Сөөктөн арылтуучу эң натыйжалуу ыкма

Бул операция жолу болуп эсептелинет. Терапияда операция менен бутка өскөн дөмпөк сөөк алынып, буттун формасы өз калыбына келтирилет. Бейтаптын ден соолугуна эч кандай зыян келбейт жана бул ыкма натыйжалуу болуп саналат. Бирок жашоо образы өзгөрбөсө, убакыттын өтүшү менен сөөк кайра пайда болот.

Бир стакан сууга жарым стакан туз салып, эригенде тоңдургучка саласыз. Пайда болгон музду буттагы сөөктүн үстүнө беш мүнөт басуу керек. Анан бутту бинт менен байлап, үстүнө кагаз коюп жоолук менен таңып, үч саатка тим коюу керек. Таңууну чечкенде дөмпөк сөөктүн үстүнө чычырканак майын сүйкөп коюу зарыл.

Кир самын менен сөөктүн үстүн укалап 5-7 мүнөт сүртүү керек. Бутту жууп, кургаткан соң йодду клетка түрүндө дөмпөк сөөктүн үстүнө сүйкөйбүз.

Картошканын кабыгын сууга бышырып, ал бышкан суунун буусуна бутту 15-20 мүнөт кармайсыз. Суу муздап баратканда ысык суу кошуп туруу керек. Соңунда бутту кургатып, картошканын чийки кабыгын бутка коюп 2-3 саатка таңып жүрүү зарыл.

Бир кашык лимондун ширесине жарым кашык йод кошуп аралаштырасыз. Ага 2 таблетка аспирин кошуп, эзип алгандан кийин буттагы сөөктүн үстүнө сүйкөп, бинт же целлофан менен байлап коёсуз. Бул ыкманы үч күн жасап бир жума эс алып, кайра кайталап туруу керек.

Эскертүү: Үй шартында элдик ыкмалар менен дарылануу сөөктүн жоголушуна жардам бербейт, ал болгону ооруну басаңдатат деп айтылат.

Башка каражаттар

Ортопедиялык батек. Муну сөөктүн жаңы пайда болуп келе жаткан этабында колдонуу керек. Ал майтамандуулуктан да арылууга жардам берет. Бул батекти көчөгө чыгарда ыңгайлуу бут кийимдин алдына коюп кийүү керек. Баасы: буттун көлөмүнө жараша 2700 сомдон жогору.

Бандаж. Анын негизги кызматы — баш бармактын туура жайгашышын шарттоо. Бандаж баш бармакка тагылып, бутту бекем кысып турат да, сөөктөрдүн өз ордуна жылышын камсыздайт. Колдонууда бейтап алгачкы күндөрү ыңгайсыздыкты сезиши мүмкүн, бара-бара көнүп калат. Бул каражатты сөөктүн жаңы пайда болушунда гана эмес, ал чоңоюп кеткен учурда да колдонсо болот. Сөөктүн көлөмүнө жараша эки жумадан эки айга чейин тагуу керектелет. Түнкүсүн колдонуучу бандаждардын натыйжалуулугу азыраак болгондуктан, аны узагыраак мөөнөткө тагынууга туура келет. Баасы: 1200 сомдон жогору

Бурсопротектор. Бул каражат полимердик гелден жасалып, баш бармакка тагылат. Ал буттагы сөөктүн өсүшүн токтотуп, оорусун басаңдатат. Аны буттагы сөөк тынчыңызды албай калганга чейин колдоно берүү керек. Болгону ар күнү жууп кургатып колдонуу зарыл. Баасы: 550 сом.

Манжаларды ажыратуучу каражат. Буттун формасы өзгөргөндө манжалар бири-бирине жакын келип, бармак болсо башка манжаларга карай ийилип калат. Бул учурда алардын ортосун бөлүп туруучу буюмду колдонсо болот. Бул каражат манжалардын өз калыбына келишин шарттайт. Баасы: 250 сомдон жогору

Валюфикс. Бутка тагылуучу бандажга окшош. Бирок кездемеси бандаждын материалынан жука келип, бирок бышык болот. Аны ар кандай бут кийим менен кийип жүрүү мүмкүн. Бул каражат сөөктү өз ордуна келтирип, ооруну басаңдатат. Натыйжасын көрүү үчүн эки жумадан ашык күнү-түнү колдонуу керек. Баасы: 1000 сомдон жогору

Кытай магниттик пластыры. Бул каражат кадимки лейкопластырга окшоп буттагы сөөктүн үстүнө чапталат. Анын курамында каакым, куркума, шафран, марена өсүмдүгү, кургатылган горчица жана жүзүмдүн сабагы бар. Аны бутту таза жууп кургатып туруп чаптаган соң, эки суткага чейин чечпей кармоо керек. Бир таңгактагы төрт магниттик пластырь сегиз күнгө жетет. Баасы: 20 сомдон өйдө

Булак: Леди кж. Жаңыл ИСАЕВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here