Курсагындагы наристе кыз болгону үчүн төрт жолу аборт жасаткан аял көз жумду.
Бул окуя Кытайда болду. Кытай калкынын санынын көптүгүнө байланыштуу 1979-жылдан бери “Бир үй-бүлөгө – бир бала” саясатын сактап келет. Азыркы учурда бир үй-бүлөгө эки балалуу болууга уруксат берилген. Каза болгон келиндин бир кызы бар эле.
Күйөөсү уулдуу болууну каалагандыктан, ал бир жылдын ичинде курсагындагы 4 кызын алдырткан. Төртүнчү жолу боюнан алдыргандан кийин күйөөсү аялын таштап кеткен. Бейтаптын өмүрү үчүн күрөшкөн дарыгерлердин да аракети ишке ашкан жок. Акыр-аягы организмине күч келген аял көз жумду.
Булак: чабарман