Чагылган: Назира Айтбекова акыркы учурда жарым жылаңач жакындап, ар кандай «позада» сууда түшкөн сүрөттөрүн соц баракчасында дембе-дем жарыялап, өзүнчө эле бирдеме болуп жатат. Көрсө, бул тили менен буудай кууруган айым бир жыл мурун эле куйоосу менен ажырашып кетиптир. Ошондон улам, ээн басып, ээн сүрөткө түшүп жаткандагы кербези го. Өзүнө абдан жагып, өзүн укмуш сексуалдуу сезип жаткан бул сүрөттөрүн, ар кандай ойлорун жарыялап жатканы жалпы коомчулукка жаккан жок. Акыл калчап, арыдан бери эле болгону жакшы эмеспи. Кыскасы, акыркы кезде өзүн өтө кыйын сезип, өзү жактырганын көпчүлүккө таңуулаганды жакшы көргөндөр көбөйүп кетти. Эл ошолордон тажап жатат. Айтбекованын бул кадамдары деле ошондой болуп турат. Бир аз убакыт мурун да ФБ баракчасына береги суудагы «сериал» сүрөтүн коюп, жамактап, чүмкөнгөн катындарга асылып, пост жазды. Туура жолдо болуп, чүмкөнүшсө чүмкөнө беришсин. Байыртан кыргыз кыздары ыймандуу болуп келген. Эл көзүнө талтайып көрүнгөн эмес.  Бул маселеге сиз да төмөндөгү Назиранын оюн окуп, үн кошуңуз?

Көнүлдүн тунуктугун, көйнөктүн узундугу өлчөйбү? 
Сезимдин кереңдиги, акылдын тереңдиги чүпөрөктөбү? 
Этегибиз узарса эле акылыбыз тунарып, ыйманыбыз ысып, аруулукка сугарып, көөдөнүбүз бышып, толуп жетилип калса эмне , чиркин ?! Жер чийген көйнөк кийип, көмүскөнүн сырын билип, пенде эмес адам болуп, арам эмес адал болуп жүрбөйт белем ?! Атаганат! Чүмбөттөнүп, жамындыңар, чүмкөндүнөр, катындыңар! Көкүрөккө көз бүтүп, узардыбы акылынар ??? Кеп көйнөктө эмес көөдөндө!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here