КҮМӨНДӨР АБЫЛОВ КРнын эмгек синирген артисти:

-Эмнеге ушунчалык кара өзгөйсүңөр? Эмнеге ушунчалык ажымулук, тээжиксиңер? Жок дегенде бириңер мойнуңарга алып койсоңор боло?… Силерди бирден жетелеп, араптардын чөлдөгү жашоосун көрсөтүп, төөнүн заарасын ичип жаткан киши мусулман экенине күбө кылса да, ошол чөлдө өзүңөр жашап, заараны өзүңөр ичмейин: «Жок, бул мусулман эмес» — дээриңерге көзүм жетип олтурат. «Кайран гана кыргыз!» — деп, үшкүргөндөн башка арга жок.
Болбосо, кыргыздын башка элдерден кайсыл жери жаман экен да, кайсыл жери кем экен? Эч элде жок төкмөчүлүк, манасчылык өнөрү бар тилиби? Ээч кимде жок калпагы баш болгон улуттук кийимиби? Көргөндөрдүн көз жоосун алган боз үйүбү? Баардык элге үлгү болоор маданиятыбы? Дүйнөнү багындырган адабиятыбы? Бир да жеринде чөлү жок жашаган жериби? Аш-тоюна душманын да чакырган айкөлдүгүбү? Коногуна коюн союп берип, оозунан чыкканча сыйлап, артканын устукан кылып куржунуна салып берген меймандостугубу? «Конок келип калса?» — деп, ырыстуу тамагын өзү жебей, же балдарына бербей, келе элек эле, белгисиз мейманына сактап катып койгон сыйкорлугубу? Эч элде жок уккан жанды арбаган комузубу? Жаратылышты сыйлап, аяр мамиле жасап, ичкен кудугуна түкүрбөгөн, отту койдум, анын күлүн да тебелебеген, улуу-кичүүгө таандык мыйзамдуу сый мамилеси бар адамкерчилигиби? Айткылачы деги, эмнеси жакпайт? Эмнеге эле кыргыз болуудан тажап, бириңер батышты бириңер чыгышты, бириңер орусту, бириңер немисти, бириңер арапты туурап, жинди болуп жатасыңар?
Эртерээк эсиңерге келгилечи туугандар!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here