(Экинчи маек)

-Сиз Өмүрбек Текебаев менен мародёрчулук маселеси менен катуу тирештиңиз. Бүгүн Текебаевге Мегаком боюнча күнөө коюлуп, соту болуп жатат. Бул боюнча эмне айтасыз?

-Бул маселени мен айтпай эле коёюнчу. Айтсам, табасы канып атыптыр. Бийликке жагынып дагы айтыптыр дешип ар кандай сөздөрдү айтышат. Сот болуп жатат, анын аягы эмне менен аяктайт,  мезгил көрсөтөт да.

Мародерчулук боюнча эмне айтасыз. Райкан Төлөгөновду камашты. Кезекте Мадылбеков деп айтылууда…

-Мен бул маселе боюнча айта турган сөздөрүмдү  далилдер менен бир нече ирет айткам. Алардын баарын кайталап бербейин. Өткөндө Алмаз Шаршенович мени өзүнө чакырып: “Зарыл ушул мародёрчулук боюнча мен сага ишенбей, Аида Саляновага катуу ишенип, сен болсо ИИМдин Тергөө башкармалыгын башчысы Норузбаевге ишенипсиң. Мен алданып, жаңылып калыптырмын. Экөөбүз тең эки жактан алданыптырмын. Мен сага карыз болуп калдым”- деп айтты. Жакшы көрөбүзбү, жаман көрөбүзбү, падыша деген падыша да. Падышанын мага ошентип  маг айтып койгону, мени бир топ жеңилдетти да. Акыры чындык жеңет деген ушул дедим да ичимден. Акыры жасаган эмгегимдин актыгын, тактыгын билиптир дедим. Мен мародёрчулуктун 6-7-8-9-апрель күндөрүн, тагыраагы 4 эле күндү карадым да. Мен мародёрчулук боюнча сот иш башталса, далилдер жетиштүү. Бул боюнча менин абийирим таза. Текебаевге да, камалып жаткан Төлөгөновго да айтарым мага капа болушпасын. Бул менин ишим. Мен болгонун болгондой алып чыктым, мен эч нерсени кошуп, фальсифакация кылган жокмун. Бир нерсени алып, бир нерсени кошконум жок. Абийирим үчүн кошпойт да элем. А, ошол учурда Аида Салянова Башкы прокурор болчу. Ал да күн сайын биздин ишти тыкыр текшерип турду да. Мародёрчулук  алдыда бир, эки жылда эле каралып, бүтүп калбайт. Кийин, кийин да каралат. Ошондо да дагы бир ирет  такталат. Канча мүлк тонолду, канчасы өрттөлдү? Судьянын кабинетин тоношту, өрттөштү? Ошолорду ким кылды, ким өрттөдү? Кимдин кызыкчылыгы бар? Мунун баары дагы да ачыкка чыгат, чыкпай койбойт.

Азиз Батукаевдин Кыргызстандан кызыл килем төшөлүп, өз өлкөсүнө чыгарылышы да дале болсо кызуу талкууда. Бул чуулгандуу ишти бийлик өзү уюштурганы, аны аткаргандардын бири катары сизди айтып келишет. Сиз ал кезде Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматын жетектеп тургансыз. Сизди генерал, жетекчи башы менен Нарындан Батукаевди аэропортко коштоп келди дешти эле. Бул маселени канчалык деңгээлде чындыгы бар? Ыйманга камчы чаппай, ачык айта аласызбы?

амлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын аткарган иши менен соттордун аткарган ишин эч качан алмаштырбаш керек керек да. МЖАК түрмөдө олтургандардын жатаканасын камсыздап, тамагын берет. Ал эми соттор түрмөдө олтургандардын кимисин чыгар деп бизге чечим, кагаз жөнөтсө, биз ага баш ийебиз. Ошол чечимди аткарганга милдеттүүбүз. Сот чыгарган чечимдердин мыйзамдуулугун текшерген, караган – бул Башкы прокуратура. Мен жалпы жонунан 7,5 жыл түрмөдө иштегем. Сот чечими 7 күн ичинде аткарылат. Батукаевди  Нарындан Рысалиев аэропортко чейин коштоп келди деген сөз калп. Ойдон чыгарылган эле жалган сөз. Бул сөздү менин каршылаштарым чыгарышкан, мени элге жаман көрсөтүш үчүн. Чынында мен Батукаев үчүн Нарынга барган эмесмин. Өзүмдүн кызматтык кабинетимде олтургам. Биринчиден аэропорттун VIP залына киргизбейт. Муну да эске алыш керек. Бул жомокту Текебаевдер ойлоп тапкан. Ал ошондо ЖКнын трибунасына чыгып, менин атымды 18 ирет атап, ушул маселе боюнча күнөөлөгөн. Андан кийин Шер Болот да чыгып, анын сөзү да жалаң Рысалиев болду. Алар мени түрмөгө 3 айдын ичинде салышмак. Максаты мен иликтеген мародёрлук ишти жокко чыгаруу болчу. Алар мени министрликтен да,. ЖМАКтын төрагалыгынан да кетиришти. Бирок түрмөгө олтургуза алышкан жок. Мен аларга: “ Мени жалган-жалаа менен түрмөгө олтургуза турган болсоңор намыс үчүн эркекче сүйлөшөм. Мага силердин “Беспределный” мамилеңер өтпөйт. Өтө турган болсо көчөнүн тартиби менен сүйлөшүп алам” -деп айткам. Бир сөз менен айтканда, менин Рысалиевдин Батукаевди чыгаруу маселесинде менин абийирим таза. Мен  бул маселеде өзүм үчүн жооп берем.

-Батукаевди өлкөдөн чыгаруу операциясынын негизги картасы ачыла элек да. Сценарийи кандай болгон? Кимдер таасир болгон? Канча акча берилген? Анын баарын сиз билсеңиз керек. Бул маселе азыр ачылбаса, кийинчерээк ачылып калышы толук мүмкүн да. Сиз эми азыр жок дегенде чындыкка жакындаштырып, четин чыгарып айта аласызбы?

-Мен эми өмүр бою оор кылмыштарды, ар кандай кылмыштардын бетин ачып, криминалдар менен, “вор законмун” дегендер менен күрөшүп келгем. Айрым учурларда ишке байланыштуу андайлар менен сүйлөшчүбүз. Бир нерсени ачыктайын Азиз Батукаев мага телефон чалып: “Заке, я по чёрному и по красному откупилься.  Мен үчүн түрмө өз үйүмдөй. Кыргызстанда, же Россияда түрмөдө олтурамбы, айырмасы жок. Депутаттар ойлоп жатышса керек, борбордук трибунага чыгып, баарын жар салып айтат деп. Мен антип микрафондо сүйлөгөндөй депутат эмесмин. Заке, эгер сага керек болсо, мен келип кайра түрмөгө келип олтурам.  Но я же по чёрному и по красному откупилься. Я же прав. Ты, чёрный и красный законы понимаешь”- деп айтты да.

-Сизге качан чалды эле? Кызматта белеңиз?

-Чыгып кеткенден кийин, Россиядан чалды да. Ошол кезде  мен Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы болчумун. Текебаевдер мени Батукаевге байланыштырып, шыбап жатышкан. Мына ошондо чалган. Кызыл килем ал эле, бул эле деп жомокту айтып чыгышпадыбы. Мен тим эле кызыл килемди колутугума кысып алып, Батукаевдин бут алдына төшөп жүргөнсүп… Мен милициямын, генералмын. Өмүр бою ошол каралар менен кармашып, ошолорду сабап, түрмөгө  түшүрүп жүргөн адаммын. Менде да намыс бар. Анан мен ошолорду кызыл килем менен узатып, коштоп жүрөт белем? Бирок эртең да күн бар? Чындык ачыкка чыгат. Батукаевди кимдер узатып, ким кызыл килем төшөп ардактап узатканын эл биле турган күн келет. Билбей койбойт. Менде Батукаевди чыгарып кетүү боюнча жазылган “запись” бар. Убакыт келсин мен, ал “записти” элге алып чыгам. 7-апрелде Бакиевдер канча элди атышты. Качып кетишти. Кармашкан жок. Сыртынан канча жолу кесишти. 7-апрель болгон сайын ошол эле Текебаевдер да бир топ атка минерлер менен кошо элге чыгып, куран окутуп, кайгырган түр көрсөтүшөт. Бирок ошол сайрап жаткан  Текебаев Россияга, Белоруссияга, Казакстанга ж.б. жактарга Бакиевдердин бирөөсүн сурап, алып келгенге аракет кылыштыбы? Кылышкан жок. Кимиси ошондой аракет кылды? Депутат катары аракет кылса болот эле го. Эл ошондо булар жок дегенде аракет кылышты деп ыраазы болмок. Эми ушул маселени тебелеп салып, мга эч кандай тиешеси жок Батукаевди байлашты. Маселенин чоо-жайын билген киши болсо ойлош керек эле. Өткөн окуяны да эске салалы. Тынчтык Акматбаевди түрмөдөн өлтүрүшкөндө, ким кирип барып атайын операцияны өткөрбөй токтотуп койду эле?

-Кулов да. Өкмөт башчы эмес беле…

— И, ошону эстебейлиби? Ошол окуяда мен 9 снайперди алып баргам, операция өткөрүү үчүн. Түрмөдө олтургандар 620дай эле адам болчу. Тоскоолдук кылбаганда 2 саатта атайы операцияны ийгиликтүү өткөрүп, ошол жерден эле баарын бүтүрмөкпүз да. Батукаевди ким канча жолу түрмөгө олтургузду? Үйлөрүн тинтип, туугандарын үшүн алып турган ким эле? Аны да эстебейли да. Ошон үчүн мен буларга теңелгим келбейт да. Булардын канчалык балит, канчалык ит экенин билем. Мен аларды итке теңейм.

-Демек, сиз Батукаевди качыруу маселеси боюнча эч кандай күнөөм, моралдык да жоопкерчилигим жок деп ишенимдүү айта алат экенсиз да…

-Ишенимдүү айта алам. Эгер менин күнөөм болсо, мен эркектик кылып, элге чыгып кечирим сурайт элем. Кечирим сурап койгондон мен эч нерсе болуп кетпейм. Бирок күнөөм жок болгон соң, эмнеге кечирим сурайм? Жогоруда “запись” бар деп айтпадымбы. Мен аны башка саясатчыларга окшоп, укмуш “бомба” деп деле айтпайм. Бирок ал жерде чындык катылган. Аны убагы келгенде эл билиши зарыл.

зүңүздүн экинчи үйүңүз, ишиңиз ИИМ тууралуу эмне айтасыз?

-Мен ИИМ тууралуу жакшы  жаңылык уксам сүйүнөм. Жаман кеп уксам, күйүнөм. Көкүрөктө бир нече от күйөт деп айтпадымбы, ошол оттун бири ИИМ деген от да.

-Жаш министр Исраилов тууралуу эмне айтасыз? Сын айткандар көп болууда…

-Мен бирөөгө сын таккым келбейт. Бир эле сөз болуш керек да. “Профессионалбы, же назначенецпи”- деген. Бул жагын эл өзү таразалап алат.   Эми аракет кылып жатат, колунан келишинче. Ишине ийгилик каалайм.

-Кадр маселеси боюнча эмне айтасыз?

-Бүгүнкү күндө элдин аткаминерлерге  ишеними кетип калды. Мен  бир күйгөнүм, бул тажрыйбасы жок, деңгээли жок, адамдар, жаштар акчанын күчү менен, тааныштыктын күчү менен өтө жоопту кызматтарга барып жатканы  болуп жатат. Илгертен элде чоң ишеним бар эле да. Мен балама жакшы билим берсем, чет мамлекеттен окутсам, бар байлыгымды жумшап, ал келип кызматка орношуп, жүрүп-жүрүп, тажрыйба топтоп кызматтан көтөрүлөт, элге иштейт деген түшүнүк болгон да. Бүгүн ал ишеним жок да. Жакшы окуган, тың балдар кызматка бара албай калышты. Дипломдорун катып коюп, мигрант болуп кетип жатышат. Бийликке, болгондо да, чоң кызматка ошол эле саясатчылардын жээк-жааттары келип жатпайбы. Чоңдор алардын билимине карашпайт, ушул мени сатпайт деп өз ара ишенимин биринчи орунга коюп жатышпайбы.

Партиялардын, фракциялардын кызматтарды устукандап бөлүшүү итчилиги — кыргыздын өзөгүн бузуп, талкалап жатат. Бийликтин кадырын, ишенимин талкалап койду. Мына ушул маселени такыр жоготуш керек да.  мисалы, милиция кызматкери, же врач болсо, алар мен бир бийликтеги партиянын мүчөсү эмесмин, ишенимдүү “крышам” жок, эртең кызматыман көтөрүлбөйм, баары бир өз кишилерин келет. Андан көрө, талкалай берейин, оокатымды кылайын, алайын деген түшүнүк пайда болуп жатпайбы. (Уландысы  бар)

Маектешкен: Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here