Баратбай  Аракеевдин  Багыт гезиине жана  «Чагылган»  сайтына жарыяланган кыргыз-орус алакасы тууралуу макаласын окуп мен дагы кошумчалап кетейин дедим.

Албетте эл аралык мамиледе Кыргыз Республикасынын жетекчилиги өтө сак болушу керек. Ойду-тоону сүйлөсөк жараша бергидей дүйнөлүк деӊгээлдеги империялардан эмеспиз.Ошон үчүн айткан – «Ойноп сүйлөсөӊ да ойлоп сүйлө» деп.  Ошондуктан мен Б.Аракеевдин талдоосуна негизинен кошулам. Ушул макаладан кийин ой кетти. Биз чындыгында эле «Жаманды мактаса жардан алыс кетет» абалында калдык окшойт. Силер укмуш демократсыӊар десе эле жаштарыбыз карыларын сөгүп киришти «Эртерээк жаштарга орун бербейсиӊерби» деп. Бул  өз атасын «эртерээк өлбөйсүӊбү, үй-жайды мен башкарайын» деген сөзгө окшошуп жаткан жокпу.

Ал эми калпты-чынды койгулаштырып Манасты мактамыш этип кыргыз эместерди бөлөксүнтүп басынтып сүйлөө адатка айланып бара жатат. Мындай көрүнүш мамлекеттүүлүктүн тамырына балта чабат. Мамлекетте жашаган ар улуттагы элдин ыркын бузуп жарандык согушка чейин алып барат. Мариямбы, калмакпы, оруспу баары теӊ Кыргыз Республикасынын толук кандуу жарандары. Андыктан Жумгал райондук соту чыгарган өкүмгө өтө таӊ калдым. Окумуштуулар арасындагы талашты  окумуштууларга бериш керек эле. Бул соттун иши эмес. Мына биздеги соттордун деӊгээли. Өзгөчө өзүн «ажы» деп атаган Чубактын Америкага барып кыргыздардын атынан сүйлөгөн жосунсуз жоруктары Түркиянын кыргыздарга болгон мамилесин бузуу аракети десек да болот. Чубагыӊар ким эле жалпы элдин атынан сүйлөгөндөй. Мындай бузуку адамдын тизгинин тартыш керек.

Жумгалда илгери Байзак ажы болгон. Ажы деген атына чаӊ жугузбаш үчүн кара кылды как жарган калыс элдик адам болгон. Айтылуу Шабдан манапты жалгыз Байзак ажы «Кызыл дубана» деп атаган. Бул сөздү  Шабдан жер кезип Санкт-Петербургга барып император менен жолугуп орустун офицер формасын кийип, чин, орден алып келгенден кийин учурашууга барганда  айткан. Минтип Шабданды айтканга Байзак ажынын акылдуулугу, калыстыгы жана чечендиги мүмкүнчүлүк берген. Ага Шабдан таарынган эмес. Тескерисинче абдан сыйлаган. Байзаксыз аш-тойлорду баштаткан  эмес. Байзак ажынын 100 жылдыгына арнап күмбөзүнүн проектисин чийип, аны курганга жардам берди эле, ал кишинин арбагы колдоп Жыргал Турускулов оозунда сөзү бар республикалык депутат болуп отурат. Ажы деп ушундай кишилерди айтат.

Кыргызда «Босогону баспа», «колуӊду төбөӊө алба», «тизеӊди тартпа», «сууга заара ушатпа» деген сөздөр бар. Себеби босогону душман тээп кирет, колуӊду төбөӊө алсаӊ, тизеӊди тартсаӊ алдыга өспөй каласыӊ, сууну булгасаӊ ооруп өлөсүн деген маанини берет. Мен Японияга барганда суроо берип калдым-эмне үчүн американы сыйлап мамиле кыласыӊар? Алар экинчи дүйнөлүк согушта силерди аябай кырбады беле? Ал эле эмес атом бомбасын таштап эки шаардын элин жок кылды эле десем жогорудагы Б.Аракеевдин сөзү менен «биз өткөн мезгил менен жашап американы душман кылбайбыз. Тескерисинче биз алардан үлгү алып, дос кылып алдыга өнүгүшүбүз керек» деп жооп беришкен.

Албетте орус шовинистеринин «Биз европа цивилизациясыбыз, биз азияттардан, африкалыктардан жогору турабыз» сыяктуу мамилеси, өзгөчө скинхеддердин азия улутундагы элдерге болгон жосунсуз жоруктары мени да катуу иренжитет. Эми булардын жеткен акылы ушул да деп түшүнүү менен мамиле кылып, өзүбүздү алардан бийик болууга чакырат элем. Себеби ШОС биримдиги азыркы мезгилдин саясий жана экономикалык борбору Азия континентине оогондугунун далили болуп калды. Бул ойду 2013-жылы ШОСтун жыйыны Бишкекте болгондо эле айткам. Азырынча Россиянын кээ бир саясатчылары да түшүнө баштады. НАТО өлкөлөрүнүн Турцияны жектегени, АКШ менен Европа биримдигинин Россияга каршы санкциялары. орустарды аргасыздан Кытай менен Японияга ыктоого аргасыз кылды. Борбор Азия өлкөлөрүнүн орду да такталды десек болот. Борбор Азия өлкөлөрүсүз Улуу жибек жолу проектиси да ишке ашуусу кыйын.Кытай болсо кааласаӊ да каалабасаӊ да экономика №1 болуп калды. Демек бул дүйнөлүк экономикалык саясат кытай аркылуу чечилет деген сөз.

А.Атамбаев жетиккен саясатчы катары муну албетте туура пайдаланууга аракет кылып жатат. Ага кошул ташыл биздин бир миллиондон ашык «Аш десе ашка, иш десе ишке тойбой» турган калкыбыздын калыӊ катмары ошол Россия менен оокат кылып жатышат. Азыр Россиянын чыгышында  жашап калган орустары (Сибиряктары) Сибирди бөлүп алабыз. Америкага кошулабыз  деген кыймыл түзүп алып борбордук бийликтин башын оорутуп жаткан мезгили.

Сибирь сибиряктардыкы эмес, байыртан бери жашап келе жаткан элдердики. Анын негизги бөлүгүн түрк-моӊгол тилдүү калктар түзөт. Анын ичинде кыргыздар да бар. Кыргыздын байыркы мекени. Еврейлер деле 2 миӊ жылдан кийин өз жерине кайра барып мамлекет түзбөдүбү. Биз аякка барып мамлекет түзбөйбүз. Кудайга шүгүр, өз мамлекетибиз бар. Бирок биз Россияга болушууга толук акыбыз бар. Себеби биз өз жердештерибизге, каны бир туугандарыбызга болушабыз. Орустарды бекеринен жарым жартылай азияттар деп  айтпайт. Бул жанагы кыргыздарды басынтууга аракет кылып жаткан шовинисттерге карата айтылган сөз.

Ал эми президентти шайлоо жагын алсак мен Баратбайды аябай сыйласам дагы анын оюна толук кошула албайм. Кыргызда «Жамандын коногу билет, жардынын бойдогу билет» деген сөз бар. Биз жаман болсок дагы, жарды болсок дагы байыркы элбиз деген дымагыбыз бар.Жер алдында батпаган али пайдаланыла элек байлыгыбыз бар.  Демократия кыргыздан калган деп кээде төш кагып калабыз. Мунун да кандайдыр бир деӊгээлде чындыгы бар. Бийлерди, болуштарды да шайлап келгенбиз. Бизде атадан балага өткөн кандык да болгон эмес. «Эр жигит эл четинде жоо бетинде» принциби менен Манаска окшогон баатырларыбызды кол баштатып, Бакайга окшогон акылмандарыбызды сөз баштатып жашап келгенбиз.

Эми эч кимиси таарынбасын кийинки боло турган президентти азыркы А.Ш.Атамбаев менен салыштырып туруп тандашыбыз керек. Боло турган президентте билим деӊгээли, компетентүүлүгү, эл менен сүйлөшө ала турган чечендиги, интеллекти, жоопкерчиликти ала билүүсү, мен чечемин, мен жасаймын деген дымагы барбы? Ушуга чейин эмне иш кылып көзгө көрүндү эле, же колго суу куюп жүрүп келди беле? Жол салымыш этип акча жыйдыбы же кызмат орун сатып байыдыбы? 2005 жана 2010- жылдары кайда жүрдү эле? Банктардын ячейкасын талкалап каракчылык кылдыбы же жанындагы жан-жөкөрлөрүн сатып жибердиби?  Же бирөөнүн көлөкөсү болуп жүрүп ошол бойдон калдыбы? Дагы эле ошол көлөкө бойдон кала береби? Айта турган оозунда сөзү барбы? Эл четинде, жоо бетинде боло алабы? Президент болуш, айрыкча кыргыздардын президенти болуш өтө кыйын иш.

Сизге балким В.Путиндин тандаганы, А.Атамбаевдин сунуштаганы жакса жагаар, ал сиздин жумуш. Тандоо кыргыз орусуна карабай жалпы элдин жумушу.

Адатта чет өлкөлөрдө мейли депутатпы, мейли губернаторбу, премьер-министр же президентпи элден мурун билимине (юридикалык жана экономикалык), саясаттагы ордуна жана негизинен программасына карайт. Биз болсо веттехникпи, зоотехникпи же агрономбу, соодагерби же бандитпи баары бир,  эптеп эле көбүрөөк акча берсе болду принциби менен кетебиз. Бул да болсо биздин деӊгээлибиз жана биздин шорубуз, айыкпас оорубуз.

Анын үстүнө «какаганга муштаган» болуп жаӊы кабыл алган конституциябыздын  дагы конструкциясы туура эмес болуп чыкты. Мактаныч эмес, же таба кылгандык эмес. Конституциялык кеӊештин мүчөсү катары Өмүрбек Чиркешовичке өлкөнү бир эле адам башкарышы керек, же президент башкарсын, же премьер- министр башкарсын десем жок бизде парламенттик башкаруу болот, президент, парламент, өкмөт үчөө бирин бири көзөмөлдөп турат. Баланс болот. Коррупция, үй бүлөлүк башкаруу болбойт деп болбой койгон. Эми 6 жылдан бери мамлекет дээрлик башкаруусу жок келди. Негизги бийлик президенттин жардамчысына тийди.

Бул жөнүндө да 2010-жылы КТРКда А.Жекшенкулов, И.Масалиев болуп түз эфирде көӊтөрүштүн себептери жөнүндө талкуу болгондо «мурунку эки президенттин трагедиясы бул алардын өлкөнүн тагдырын жардамчылары аркылуу башкаруусунда болду» дегем. Себеби жардамчылары кандай маалымат берсе, кимдерди кабыл алдырса ошого жараша мамлекеттик чечимдер кабыл алынат. Кийинки 6 жылда ошол жардамчы, кийин аппарат жетекчиси жана азыркы шайлоо штабынын жетекчиси болгон адам башкарган жок деп ким кепилдик бере алат.

Жалаӊ эле массалык маалымат каражаттарын, сот органдарын жана күч министрликтерин тейлөө эмне деген бийликти бербейт. Сотторду да үч бийлик жалпы элге шайлаттырбай менчиктеп алышкан. Анан коррупция жогорку тепкичте жок деп жар саласыӊар. Мындай башкаруу структурасы менен эч качан мамлекет башкарылбайт жана мага десеӊ Хан Теӊиринин туу чокусуна чыгып алып айкырсаӊ дагы  коррупция жоюлбайт.

Убагында шайлоолор партиялык негизде болушун катуу жактап келгем, дагы деле жактайм.  Тилекке каршы партиялар менчиктештирилип кетип коомдо эч кандай рол ойнобой калды. Акчаны  жанындай сүйгөн билермандар аларды да соо койбой соодалап жиберишти.  Дагы эле үмүт үзбөй туралы. Азырынча Кыргыз Республикасы бирөөнүн менчигине айлана элек. Кудай сактасын. Балким «Мен бармын» деп тилекке жараша чын эле бир  партия чыгып калаар. Ошого жараша Си Цзин Пин, В.Путин, Н.Назарбаев, И.Каримовко окшогон президентикке талапкер да чыгаар. Буларды он эки жамандасаӊ дагы дүйнөлүк деӊгээлдеги авторитеттер. Күтө туралы.

Профессор, Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here