Сууга чөгүп каза болгондордун саны 100гө жетти. Мындай маалыматты ӨКМден Азаттык радиосуна билдирген

2017-жылдын башынан бери 100 адам сууга чөгүп каза болсо, анын 59у эркек киши, 10у аял, 31и жаш балдар.

— Эгер сезонго бөлүп карай турган болсок булардын 67си июнь айынан бери мерт болгондор. Мунун баары эле чөмүлүүдөн улам кырсыктаган эмес, арасында автоунаасы сайга кулап кетип, чыга албай калгандары да бар.

Аймактардан сууга чөккөндөр эң көп Чүй облусунда катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүү учурунда коопсуздук эрежелерине өзгөчө көңүл бурууга элди чакырууда.

Расмий маалымат боюнча, былтыр өлкө аймагында сууга чөгүүдөн 105 адам каза тапкан.

Булак:Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here