Чагылган: Монголиянын жаңы шайланган атактуу  спортчу президенти Халтмаагийн Батулга кызматына катуу киришти. Анын билек түрө киришкен эң негизги иштеринин бири – азырынча мамлекеттеги коррупция менен натыйжалуу күрөшүү болуп саналат. Президент бул багытта монгол элин гана эмес, бүт дүйнө элинин оозун ачыра турган чечимге келди. Ал Президенттин мындай чечимине ылайык эми Монголиянын жараны делген: саясатчы, бизнесмен, “криминал” деп эсептелип, элге кыйла аты чыккан 49 адамга 49 күндүн ичинде оффшорго каткан миллиондогон акчаларын мамлекетке алып келиши керек. Алар акчасын “Монгол банкына” которууга тийиш.  49 адам Президенттин мындай чакырыгын кабыл албай, билгениңерди кылып алгыла дей турган болсо, анда монгол бийлиги алардын толук тизмесин, оффшордогу акча-байлыгын элге толугу менен жарыялап гана тим болбостон, талапка ылайык мыйзам чегинде жоопко  тарта  турганын да эскертти. Бул чечим абдан мыкты чечим болгонун дүйнө эли кубаттап жатат. Бирок канчалык деңгээлде ишке ашат, аны убакт көрсөтөт.

Бизге да жаңы шайланган Президент ушундай өзгөчө чечимдер менен иштесе экен. Биздин элди куураткан, мамлекеттин канын сүлүк курттай соруп бир топ атка минерлердин деле оффшорлордо миллиондогон долларлары жатат. Ошол элдин акчалары, элге кайтып келсе экен…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here