Чагылган: Төмөндөгү тасма түштүк жакта тартылса керек. Айтор, ал тууралуу азырынча толук маалымат жок. Эки тестиер бала шаар ичинде чоң жол жээгинде келатышат. Жөн келбейт, бирөөсү бутуна кыргыз эли аздектеп башына кийиген кадимки ак калпакты бутунун башына илип, жер тебелеп, басып келатат. Байкуш калпакта эмне күнөө? Күнөө ак калпакты чоңоюп калса да сыйлабаган ошол башы жок балада, ага татыктуу тарбия  бербеген ата-энесинде да. Мындай терс көрүнүштөргө кандайдыр бир жаза керек. Балким ал бала өзбек, же башка тектүүдүр. Же кыпкыргыз элеби? Кандай болгон күндө да, кайсы бир улуттун ыйык башы кийимин жашы да, карысы да минтип кордоого эч кандай акысы жок. Учурда бул тасма соцбаракчаларда катуу талкуулана баштады. Пикир жазгандардын бир тобу балдардын ата-энесин күнөөлөп жатышат. Бул маселе боюнча сиз кандай ойдосуз?

https://www.youtube.com/watch?v=BIHDEm15k7c&feature=youtu.be

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here