Чагылган: Казакстандын мамлекеттик киреше боюнча департаментке караштуу башкармалыктын бөлүм башчысы Нурболат Урналиев жакында эле казак укук коргоо органдары тарабынан 101 млн. тенге пара алып жаткан жеринен кармалган эле. Учурда бул чуулгандуу иш боюнча тергөө жүрүп жатат. Тергөө иши бүтө электе бул атка минер тууралуу дагы бир эл уга элек кызык маалымат тарады. Казак ЖМКлары жазган маалыматка караганда, бул атка минердин үйүнө ушул жылдын апрель айында уруулар кирип, 20 млн. тенгесин алып кетишкен.Бул иш боюнча да кылмыш козголуп, уурдалган акча бул атка минер алып жүргөн пара акчага тиешеси бар же жок экенин иликтене турган болду. Бул тасма атка минерден пара алгандан кийин кармалгандагысы тууралуу:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here