Чагылган:Интернетте тойканага ат мингизип  киргизген баланын тасмасы талкууга түштү. Ага карата ар кандай сын пикирлер айтылып, анын ичинде терс көз караштарын билдиргендер да аз эмес.

Тасмадан улуттук кийим кийген 3-4 жаштагы баланын ак боз ат минип, аны бирөө жетелеп кирип келгенин көрүүгө болот.

Залдагы музыканын катуу чыкканынанбы, же башка нерседен үркүп кеттиби ат келе жаткан багыты менен катуу чуркап жөнөйт

Кичинекей бала ээрди бекем кармаган бойдон кошо кетип, залдын төрүнө жеткенде адамдар эптеп кармап калышкан.

Тасма Казакстандын тойканарынын биринде өткөн «сүннөт той» учурунда тартылган.Мындай обу жоктукту бизде да айрым байлар тойконада жасап жүршөт…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here