Кечээ күнү биздин сайт  «Соцсетте атасындай болгон түрктүн кучагындагы кыргыз кызынын сүрөтү кызуу талкууга түштү» аталышындагы куш тилиндей макаланы  жарыялаган. Ал макала кызуу талкууну жаратып, биздин сайттан бир катар сайттар алып басышкан болчу.   Интернет айдыңында талкууга түшкөн айымыбыздын аты- жөнү Венера Маматалиева экендиги жана анын өмүрлүк жары чындап эле түрк улутунан болгону аныкталды. Баш кошкондоруна 2 айдын жүзү болуп, азыркы учурда түгөйлөр наристе күтүп жатышкан чагы экен. Интернет жана тааныштары аркылуу табышкан түгөйлөр,  «Аргумент» сайтына  маалыматты тактоо үчүн кайрылып, буларды айтып беришиптир.

-«Кечээ күнү конокко барганбыз. Ал жактан телефонум өчүп калгандыктан интернетке кирген эмесмин. Качан телефонумду күйгүзгөндө чалууларды, билдирүүлөрдү көрдүм. Баары тең «интернетке кирсен» деп билдирүү калтырышкан. Кирсем, мен жөнүндө акылга сыйбас нерселерди бирөөлөр интернетке жайып жиберишиптир.  Анталияда жашагандыктан сиздердин саат менен алтыда ал эми биздин саат менен түнкү үчтө гана уктадым.» Бул Орусияда иштеген проститутка» деген сөздөрдү окуп алып стресс болуп жаткан чагым. Мен го мейли менин кайын-журтум шок абалында, «кандай түшүнүгү жок адамдар, эмнеге бирөөнүн жашоосун билип-билбей талкууга алышат»- деп отурушат. Мен азыр 31 демин, ал эми күйөөм 41де. «Атасындай болгон адам менен» деп да жазып калтырышкан экен. Андан Кудай сактасын. Жолдошум муну ким чыгарса да мыйзам алдында жооп берет деп, жаңы эле адвокатка барып келди. Азыр баарынан коркконум апам. Ал Кыргызстанда, чалсам телефону өчүк, эгер бул жалган маалыматты окуган болсо кандай абалда болду экен деп сарсанаа болуп отурам. Апамдын кан басымы бар эле, коркконум апам болууда. Стресстен улам боюуман козголуп балама бир нерсе болсо, апамдын ден-соолугуна залакасы тийсе мен бул нерсени жөн калтырбайм. Алар мыйзам алдында жооп беришет.»- дейт Венера айым.

Редакциядан: Бул кыздын дарегине биз тарабынан жаман деле соз айтылган эмес,ким экенин да билген эмеспиз. Болгону макаланын  темасы ага катуу тийгендир. Себеби, сүрөттө кыз жаш көрүнүп, күйөөсү  бир топ улуу көрүнүп жаткандыктан ошондой тема коюлган. 10 жаш кичүү болсо, сүрөттө аошондой көрүнгөнү менен иш жүзүндө андай эмес экен. Демек,жаш жагынан жаңылыптырбыз. Ал эми Чагылган жарыялаган бул сүрөттү  ФБдагы чоң гурппалардын биринен алынган. Бул сайтка жарыялана электе эле, ошол гурппада чоң талкууну жаратып жаткандыгын айта кетишибиз керек. Далил керек десеңер, ал гурппага ким, качан жарыяланганын жана ага жазылган пикирлерди алып чыгабыз.  Макалага ФБ аркылуу пикир  калтыргандарга биз жооп бере албайбыз, миңдеген адамдар окуп жатса, алардын көз караштары ар башка да. Бул макала кыргыз кыздарын патриоттулукка, намыска чакырган макала болуп эсептелет.

Биздин сайт  буга чейин мындай макалардын бир тобун жарыялаган, мындан ары да жарыялай бермекчи. Себеби, бул маселе бирөөнүн жашоосуна кийлигишүү эмес, бул жерде эң ириде улуттук  маселе турат. Албетте, ар ким кайсы улуттун өкүлүнө (ансыз деле кытайга , түрккө, корейге тийген кыздарыбыз толтура, крыгыз жеринеде айрыкча кытай жээндер барган сайын көбөйүп баратат) турмушка чыгат, ал өз иши. Бирок өз иши деп кайдыгерлик кылып койбой, мындай терс агымды токтотушубуз керек, жок дегенде азайтып, кыздарыбызды намыска чакырышыбыз керек. Акчага, байлыкка азгырылбасын. Түрктөрдөн, кытайлардан, корейлерден кордук көргөн кыздарыбыз да аз эмес. Чынында  андайларга тийип жаткан кыздарыбыздын баары эмес, аз гана бөлүгү өздөрүн бактылуу сезишпесе, көбү, кийин өкүнүп да жүрүшөт.

Акырында айтарыбыз, Венера  айымдын өзү тарабынан тартылып, анан балким кимдир бирөөлөр аркылуу интернетке жарыяланган сүрөткө жана ага карата кыргыз элинин жазган пикирлерине чычалоонун кереги жок. Андай болсо, түрккө тийбей койсун, тийсе да,  кучакташып түшкөн сурөттөрүн  мактангансып элге жарыялабасын. Анткени, кыргыз эли андай сүрөттөрдү жакшы көрбөйт, ошол себептен жакшы пикирлер да жазылбайт. Мына ушул маселени эске алуу зарыл. Ал эми апалар ылайым оорубасын. Апаларга сөз жок. Апалар кыздарынын бактысы үчүн баарына макул болгонго арагасы жок да…

Ал эми акырында башка бир маалыматты кошо кетели.  Чагылган сайтынын вотсап кызматына Түркияда жүргөн кыргыз кыздарынын ыплас жолдордо, ар ким менен жүргөндүгү боюнча видеолор, сүрөттөрү келип жатат. Аны ошол Анталия ж.б. шаарларда жүргөн өзүбүздүн эле мекендештерибиз салып жатышат. Алар да ал жактагы кыргыз кыздарынын бузулуп, ар кимге кол жолук болуп жаткандыгы катуу кабатыр. Жок дегенде ошолордун сүрөттөрүн элге чыгарып, уяткарып, кыздарыбызды, ыйманга чакыралы деген тилекте экенин билдиришти. Вотсап кызматына келип түшкөн  видеолор өтө «страшный» экен, көрүп туруп жерге түкүрөсүң. Андыктан, аны жарыялабасак да, сүрөттөрүн эмки жумада жарыялайбыз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here