Элибиздин сыймыктуу уулу, атактуу окумуштуу, экономика илимдеринин доктору Шайлообек  Мусакожоев  быйыл туура 80 жашка толуп турат. Бул инсан өз өмүрүн түбү жок илимге арнады. Илим тармагында узак жылдар эмгектенип, бир топ жылдар  бою  жетекчилик кызматтарда иштеди. Ал мамлекетибиздин экономикасынын түптөлүшүнө, өсүшүнө өзүнүн чоң салымын кошту.  Айтсак, экономика илимдеринин 50 кандидатын, 18 докторун даярдап чыгарган. Бизде мынчалык  көп адисттерди даярдаган илимпоз деле жок болсо керек.  Кыскасы, Шайлообек агайдын элибизге жасаган эмгегин айта берсек, абдан  узак кеп болот. Биз Шайлообек агайга жолугуп, экономика маселеси боюнча кыска маектештик. Эмесе, 80 жаштагы элибиздин чыгаан илимпозунун экономика тармагынын негизги багыттары боюнча айткан бал кебин бирге окуйлу.

Шайлообек агай, кутман кураңыгыз кут болсун! 80ге чыгып деле тынбай иштеп жатсаңыз керек…

— Рахмат! Мен эми негизинен илимий кызматкермин да. Илимдин чеги жок. Бүгүнкү күндө деле тынбай иштеп жатам.  Бул жашка чыкканча далай жаштарга билим бердик, дагы бир топторун атайын адистикке даярдадык илим жактан. Бул ишти дагы эле улантып жатабыз. Кандай болгон учурда да ишти токтотпоо керек. Тескерисинче азыр өлкөбүздө ар кандай нерселер болуп жатпайбы. Элибиздин, жалпы мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсү кандай болуш керек деген чоң суроо дале болсо мени түйшөлтүп келатат.

Бүгүнкү күндөгү экономикабызга кандай баа бересиз? Кайсыл жагынан аксап жатат?

-Көп эле жагынан аксап жатат. Экономикабыз кубаттуу деп айтууга болбойт. Өкмөттөр да тез-тез алмашат экен, бири бул маселени түшүнсө, бири түшүнбөйт.  Мына бүгүнкү күндө биздин элибиздин саны 6 млн.дон ашты деп кубанып жатабыз. Албетте, бул жакшы. Бирок  анын 1 млн.дон ашыгы жумушсуздуктун айынан ар кайсы өлкөдө иштеп жүрүшөт. Эркиндиктин, эгемендүүлүктүн заманы болду, мындан аркы жашообуз кандай болуш керек деп биз экономисттер дайыма болжол жасап, сереп кылабыз. Жакында эле Президентибиздин 2040 -жылга чейинки стратегиябызды тактап алсак болот эле деген сөзү туура айтылды. Мен өзүмдүн эсептөөм боюнча 2040 — жылы биздин элдин саны 10 млн. 145 миңге жетет Кудай буюрса. Демек, азыр 6 млн. элдин бир тобу жумуш таба албай жатса, 10 млн. элди кантип жумуш менен камсыз кылабыз? Мунун өзү  абдан чоң суроо.

Ушул маселени чечүүнүн жолдору барбы?

— Туура,  өкмөт айыл чарба тармагына жардам берип жатат. Бирок  дүйнөлүк практикада   бул тармак  менен улам өсүп бараткан элди жумуш маселеси менен камсыз кыла албайт. Ал жерде механизация, химизация, иновация ж.б.  киргизсек,  айыл жеринде мындан да аз  калышы керек болот. Мунун баарына биз өнөр жай, кен тармагын өндүрүп, күчөтсөк, өтө көп жумушчу орундарды түзөт элек.  Мисалы, бизде тоо кен байлыгыбыз Кудайга шүгүр арбын. Бирок биз аларды башкаларга каздырып, чет мамлекетке сырьё катары жиберип жатпайбызбы. Бул туура эмес. Эгер ошолорду бул жактан өзүбүз иштетсек, даяр продукция кылып жиберсек, анда биз жаштарыбызга миңдеген жумушчу орундарды түзөт элек. Ушул маселени эске алуу зарыл. Мына азыр өкмөткө ушуну айтып жатабыз. Сатсак, кымбат болот, кошумча нарк деген бар да. Экинчиден биздин элге да жумушчу орундар түзүлөт .

Алдыдагы келечекке мына ушундай жолдор менен барбасак болбойт. Жумушсуздукту жоюп, жумушчу орундарды түзүү маселесине бирден-бир өнөр- жай тармагын көтөрүү иши шарт түзөт. Өнөр – жай бул мамлекетибиздин  келечеги. Кең келечекти биз ушул тармактан издешибиз керек. Ал үчүн өнөр –жай маселесине көңүлдү толук буруп,  болгон мүмкүнчүлүктү ушул тармакка жумшоо зарыл.

Бизде экономика тармагында көмүскө экономиканын көлөмү абдан чоң экенин жакшы билесиз. Бул маселе боюнча эмне айтасыз?

— Биринчи кезекте жогорудагы айткан сунушту, маселени колго алып, натыйжалуу аракеттерди көрүп, экономиканын өсүү темпин ылдамдатуу керек. Аны дүйнөлүк практикада ИДПнын өсүшү менен ченейт. Бизде 3-4 пайыз. Биз ИДПнын көлөмүн жыл сайын жок дегенде 5 пайыз, орто эсеп менен 7 пайыз көрсөткүчтү камсыз кылбасак, болбойт. Андай көрсөткүчкө жетише албасак,  ушинтип илең-салаң экономика менен өнүкпөй жүрө беребиз. Ал үчүн кайра эле мен айткан өнөр-жай тармагын,  транспорт, курулуш, электр станция тармактарын жогорку темпте өнүктүрүшүбүз керек. Анте албай турган болсок, анда бизде каатчылык оңой менен кетпейт. Ал эми көмүскө экономиканын гүлдөшүнө – бул тартиптин жоктугу, коррупциянын жогорку көрсөткүчү себеп болуп жатпайбы.  Муну жок кылууга, жок дегенде өтө төмөнкү көрсөткүчкө түшүрүүгө темирдей тартип керекАгай  эми экиномика маселесинен бир аз четтей, башка жеке суроо узатайын. Деги эле 80 жылдык өмүрүңүзгө, анын ичинде кылган эмгегиңизге канааттанасызбы? Себеби, адам оңой менен өзүнө канааттанбайт эмеспи…

-Эми мындай. Азыр эми чындай келгенде биздин өлкөдө дагы эле өткөөл заман болуп жатпайбы. 70 жаш, 75 жаш болот экен, анан тез эле 80 жашы деле бат эле келип калат турбайбы. Бул жашка ар кайсы заманда ар кандай көз караш болуп келген. 80ге чыктым, болду баарын таштайм да, эч нерсе кылбайм да, эс алам деген көз караш балким кимдир – бирөөлөр үчүн туурадыр, бирок мен үчүн туура эмес.  Биринчи кезекте адам өзүнүн тобосун келтирип бүгүнкү күнүнө,  жашоосуна канааттанышы керек. Мен өзүмдү үй-бүлөм менен бирге бактылуумун деп айтышым абзел. Бирок ошону менен бирге адам деген  дайыма илгери үмүт менен жашайт да.   5 айбы, 2 жылбы, 10 жылбы, айтор канча  убакыт болсо да, элибизде чечилбей жаткан маселеге кайрылып, аны чечүү жолдорун өкмөткө айтып, талыкпай иштей берүү керек деп айтат элем. Мен ушундай жыйынтыкка келем да.

Жакында эле бала-чакам, тууган-уруктарым, окуучуларым жайдын бир толукшуп турган  учурунда 80 жылдык мааракенин алды деп ыйык өзүбүз  туулган Соң-Көлгө алып келип, баарыбыз бирге белгиледик. Болбосо, мен 80ге күздө толом да. Мунун өзүнө Кудайга шүгүр дешим керек. Бир эсе жашарып,абдан кубанып алдык. Мындай жакшылык ар бир эле адамда боло бербейт да. Кээ бир учурда өз дарегиңе адамдар жылуу пикирин айтып койсо ошого каниет алып ыраазы болосуң.  Мен өзүмдү бактылуу адам катары сезем. Себеби, эмгектин көлөмүн, маанисин эл баалайт экен. Демек, бул өмүрүм текке кеткен жок го деп ойлойм. Элиме дагы да болсо колдон келген эмгекти жасай берем, менде арыдым, карыдым, болду демек жок. Кудай элге аманчылык, тынччылык, токчулук берсе, мамлекетибиздин экономикасы күчтүү болсо болду.

 

Баарлашкан: Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here