«Чаткал районуна караштуу Кызыл-Токой айылын таза суу менен камсыздоо үчүн 36 миллион сомдук жумуштун аткарылышынан күмөн санагандар бар. Бул тууралуу аталган айылдын жашоочулары билдирди. Айыл тургуну Нурлан Асанбековдун айтымында, айылды таза суу менен камсыздоо багытындагы жумуш 2014-жылы башталып, 2016-жылдын экинчи жарымында элге суу берилген.
«Суу көп жерден чыкпай, түтүкчөлөр жарылып жатат. Эл таза суу менен камсыз болобуз деп чыдамсыздык менен күтүшкөн. Бирок, андай болбой жатат. Биздин айылды таза суу менен камсыздоо үчүн 36 миллион сом каражат жумшалыптыр, буга айылдыктар ишенбейт, ал суммага жумуш жүргөн жок», — дейт ал.
Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча коомдук бирикменин Чаткал району боюнча өкүлү, аталган айылдын жашоочусу Мирлан Мырзаев айыл эли таза суу боюнча жүргөн курулуш ишине ишенбөөчүлүк келтиргендиктен Ала-Бука райондук прокуратурасына кайрылышкан.»  Бул маалыматты turmush.kg/news     сайты январ айында эле жазып чыккан. Бирок бул маселе боюнча эмгиче эч кандай чара көрүлө элек. Укук коргоо органы, айрыкча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы карабай жатыптыр. Же алардын да оозун «майлап» коюшту беле.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here