Токон мырза, бүгүнкү күндө “Эл үрксө, эшек кошо үркөт” болуп Президенттик шайлоого катышуу үчүн талапкер болуп БШКга катышып жаткандар боюнча эмне айтасыз?

— Бүгүнкү күндө БШКдан катталгандар 30дан ашыптыр. Мунун баары эле аягына чейин талапкер боло бербейт. Мен айтайын, ошолордун онго жакыны чыныгы талапкер болуп, аягына чейин күрөшөбүз дегендер, дагы бир ону салмактуу талапкерлер менен саясат кылып, соодалашабыз, кийин кызмат алабыз дегендер. Дагы бир ондон ашыгы жөн эле өз талапкерин коюп койгондор. Баягы атың чыкпаса, жер өрттө дегендер да. Аларды ким кой дейт. Бизде мыйзамдар жумшак да. Каалаган адамдар талапкер болуп аттана берсе болот. Бирок аттанат десе эле, аттана бербей, алды-артын караш керек.

-Тар чөйрөдө сизди да талапкер болуп чыгат экен деген кептерди айтып жүрүшөт. Бул боюнча ачык айта аласызбы?

-Мен өзүм эч жерде президенттикке ат салышам деп айткан жокмун. Бирок  айрым адамдар мага келип, “сиз чыксаңыз, биз колдойбуз” деп келишти. Балким алар сынап келишкендир, же чын ниетинен айтышкандыр. Алардан тышкары, бизге кошул, мага жардам бер деп айрым талапкерлер да сөз кылышты.  Кээ бирлери чабармандарын да чапкылатып жөнөтүштү. Саясатта төбөсү көрүнүп калган адамдарга ушундай сыноолор жана чындап биригүү үчүн кол сунуулар болуп турат. Мен жакшы ниети менен келгендерге да, сынап келгендерге да ачык эле айттым. Мен мамлекеттин президенти болушу эмес, керек болсо аттанганга татыктуу эмесмин деп маселени кабыргасынан койсом, кээ бирлери бул сөзүмө ынанышкан жок. Ынанышпаса өздөрүнүн иши да. Туурабы?

-Себеп? Сиз өзүңүздү кандай себепетер менен татыксыз эмесмин деп жатасыз? Сиздин деңгээлиңиз жогору, тажыйрабаңыз мол дегендей…

— Президент болом деген адамдар биринчи кезекте өзүнө суроо бериши керек да. Мен ушул кызматка татыктуумунбу? Деңгээлим, билимим, тажрыйбам, калк ичиндеги кадырым жетиштүүбү? Кызматка келип калсам, азгырылып, коррупцияга берилип, кетпейминби? Негизи бийликте азгырган  көп жагдайлар болот. Азгырылып ажыдаар болуп кетсем эмне болот? Ошого туруштук бере аламбы? Эртең бийликке жылаңач келип,  кайра илбирс жака тон менен, толгон-токой арам байлык менен кетпейминби? Мына ушундай суроолорду бериш керек да. Жөн эле берип койбой, жүрөктүн тереңинде жети эмес,  жетимиш ирет өлчөп, бир кесиш керек да. Кызматка келгенди ойлонбой, кеткенди ойлонуш керек. Бул маселени бир топ талапкер ойлонуп жатышат. Негизи Президенттикке татыктуу көптөгөн адамдар бар экенин мен билем. Мурунку бийликте иштеп кеткендер да бар. Бирок алар БШКга арыз беришкен жок. Себеби, БШКга күрөөнүн көлөмүн 1 млн. сом деп койду. Ошол маселе аларга бут тосуп, токтотуп койду. Жөнөкөй кызматта иштеген, кирешеси аз, таза адамдарда мындай акча кайдан болот.

Сиз эмнеден коркуп жатасыз? Азгырлып кетип, ажыдаар болуп кетмей дегенди жакшы айттыңыз да. Ушундан коркуп жатасызбы?

-Жок. Мен бул маселеден коркпойм. Анткени, узак жылдардан бери чоң саясатта келатам. Ар кандай чоң жоопкерчиликтүү кызматтарды аркаладым. Азыр да кызматтамын. Колумдан келишимче, таза иштеп, мекенге пайда келтирүүгө аракет кылып келатам. Бирок бир сөз менен айтканда, мен президенттикке татыктуу эмесмин. Болбой эле айрым учурларда кээ бир маселелерди кыргызчылык кылып чечип коюмунбу деген да ойлор кетет. Эртең талапкер болуп чыксам, мен элге эл бийликтин алдында бийлебей, бийлик эл алдында бийлейт, гүлдөтөм, жыргатам деп убада беришим керек. Мен силердин турмушуңарды 1 жылда оңдойм дешим керек.  Кыргызстан  чоң мамлекет эмес. Чындап келсе, аз убакыттын ичинде оңдоп, бутка тургузуп койсо болот. Бирок кийин кызматка келип калсам, берген убадамды аткаруу үчүн темирдей тартип орното баштаганда, коррупциянын башын жулуп, бийликти эл алдына бийлетип койсом,  ал маселе мени бүгүн   колдогондорго, бийликтин алдында жедеп бийлеп көнүп калгандарга жакпай, алар мени ит экенсиң, кызматтан кет деп чыгышы толук мүмкүн. Анткени, кыргызга көп нерсе жакпайт. Жакшыны да, көп учурларда жаман деп койгон учурлар көп болуп жатпайбы. Бул бир маселе. Экинчи маселе менде Президенттикке чыга турганга каражат жок. Биздин мыйзамдар  боюнча Президенттикке ат салыша турган адамдар өтө байлар болушу керек. Биздин шарт ага жооп бербейт.

Кыргыз элине ошол темирдей тартипти орнотуп, коррупциянын башын жулган адам керек болуп жатат да…

-Туура. Бизге ошондой адам керек. Бирок мен элге ошондой убада берсем, эл ошого ишенеби? Ишенсе, колдойбу? Бул да өзүнчө ойлоно турган чоң маселе…

(Уландысы бар)

Суроо салган Айбек Шамшыкеев

Булак: Чагылган

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here