Алдыда болуучу президенттик шайлоого карата “Ак-Шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариевдин өлкө аймагы боюнча баардык жерде штабдары толугу менен ачылды. Бүгүнкү күндө аймактардагы штабдарга калың эл келип, өз каалоору менен кол топтоого көмөктөшүп, өз колдорун коюп, Сариевди чечкиндүү, сөзүнө турган мекенчил инсан катары баалайбыз деп, Сариевге ишеним арта тургандарын билдирип жатышат.

Айрыкча Сариевдин премьер-министр болуп турганында кыска мөөнөттө бир топ өлкөгө пайдалуу иштерди аткарууга жетишкенин мактаныч менен айтабыз дейт жергиликтүү тургундар. Ошону менен бирге Ысык-Көл облусунун тургундары Сариевдин чечкиндүү түрдө Ысык-Көл жолун курууну баштаганына ыраазычылкарын билдиришип, ал жолду  “Темирдин жолу” деп атап алышканын жашырышкан жок. Ал эми Нарын облусунун тургундары Сариев өкмөттү башкарып турган мезгилде Нарындагы бир топ эскилиги жеткен имараттар калыпка келтирилип, окуучулар үчүн бир нече мектептерди убагында куруп бүтүрүп бергени үчүн ыраазычылыктарын билдирди. Бүгүнкү күндө Сариевди колдогондордун катары күн-санап калыңдап бараатканы кубантпай койбойт.

Булак:Ачык саясат

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here