Бөйрөк тууралуу
.Бөйрөк — укмуштуу орган. Ал гормондорду иштеп чыгат, канды тазалайт, минералдарды сиңирет, заараны иштеп чыгып, кычкыл-шакар балансын чыңдаганга жардам берет. Бөйрөксүз адам жашай албайт.
Бөйрөктү талкалоочу адаттар
*Физикалык көнүгүүлөрдүн жетишсиздиги. Бөйрөктү коргоонун дагы бир жолу — физикалык көнүгүүлөр. Дайыма дене көнүгүүлөрүн жасагандардын бөйрөгүндө таштын пайда болуу коркунучу 31 пайызга аз болот.
*Уйкунун бат-бат бузулушу. Уйку бизге жаккандай бөйрөккө да жагат. Андыктан уйкунун өнөкөт бузулушу бөйрөккө таасир этип ооруну чакырат. Түндө бөйрөктүн тканы жаңырып турат, андыктан уйкунун бөлүнүшү бул органды бузат.
*Сууну аз ичүү. Бөйрөк ишин толук кандуу аткаруу үчүн жетишерлик өлчөмдөгү суу керек. Сууну аз ичкен шартта бөйрөктү жууп турган суюктук жок калат дагы, кан токсиндерди жыйнап алат. Күн сайын аз дегенде он эки стакан суу ичүү керек. Суу көп ичкенде, көп заара бөлүп чыгарат. Жаратылыш качан дааратканага чакырганда аны угуу керек. Заараны табарсыкта кармоо жаман көрүнүш. Эгерде бул дайыма кайталана берсе, бөйрөктүн кан басымы көтөрүлүү коркунучу бар.
*Биз көп колдонгон азыктар. Чегинен ашыкча колдонулган туз бөйрөктөгү кан басымынын көтөрүлүшүнө алып келет. Күнүнө 5,8 грамм туз колдонуу жетиштүү. Адамдын рационундагы көп өлчөмдөгү белок да бөйрөккө оор болуп зыян келтирип, ишин бузат. Ошондой эле кофеин, газдалган суусундуктар да бөйрөктүн эрте бузулушуна алып келүүчү азыктар.
*Алкоголь менен тамеки. Алкоголдук ичимдиктерди чектен тыш ичсе, анын курамындагы токсиндер адамдын боорун эле эмес, бөйрөгүн да зыянга учуратат. Тамеки болсо кан айлануу системасын ичкертип, органдардын кан менен жабдылышына тоскоол болот. Мындан улам бөйрөктүн функциясы бузулат.
*Инфекциялык ооруларды убагында дарылабоо. Жөнөкөй суук тийүү, сасык тумоону этибарга албай дарыланбай жүрө берүү организмди жабыркоого алып келет. Бул нерсе бөйрөктү да бузат. Изилдөөлөр эс алуудан, дарылануудан баш тарткандардын көпчүлүгү бөйрөк оорусуна туш болорун далилдешкен. Анан да ооруну басуучу ар кандай таблеткаларды иче коюу зыян. Мындан тышкары бардык фармацевттик каражаттар бөйрөккө зыян келтирет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here