Неберем Күлчорону ээрчитип  ончакты күн Көлгө барып, ал жактагы туугандар, жакын санаалаштар менен кезигишип, азга эс алган болуп келдим. Адегенде эле айтарым: эл дегениң тытынып эле оокатын өтөп жатыптыр. Колоктогондор жок, ар кимиси ар түйшүктүн башында. Сүйлөшө келсең эки негизги теманы айтышат экен: бири-саясат, экинчиси- акча табуу. Айланайын,  бири өмүр бою саясатта жүргөндөй сүйлөсө, экинчиси Алмазбек Атамбаев менен бир үйдө жашап, анын кылып жаткан иши менен күндө таанышып тургандай… «Атамбаев тигинтип жатат, минтип жатат, ал баланча менен жакшы, түкүнчөнү жакында кызматтан алат…» сыяктуу алдыны көрө билгендей кепти келиштире айткандарды уктум. Ага улай Америка менен мамиле, Евразиялык биримдик, орус-кыргыз мамилеси, кытайлар жана түрктөр, Евробиримдик союзунун иштери, Түндүк Кореянын ракеталары, дүйнөлүк үчүнчү согуштун чыгып кетиши… жана башка толгон-токой маселелер айтылып, жиликтелип,  бүтүмдөр чыгарылып, божомолдор айтылып, иши кылып оозуң араандай ачылары бар экен.  Туулуп-өскөн тарабымда дагы бир ай жүрсөм билбегени калбаган саясат таануучу болмок экенмин деп койдум. Кызык жери, айтылган кептин көбүнүн чындыгы барына көзүм жетти… Анан да сүткордуктун түркүн сырларын, жүрүштөрүн, божомолдорун жакшы уктум. Кыргыз байларынын тизмесин сайрап жиберишкенине да күбө болдум… Анан жеке оюм төмөнкүдөй уланды…

Азыр биздин мамлекет өзү толук кандуу мүчө болуп алган БУУга кирген 251 мамлекеттей эле Эл аралык нормалардын негизинде жашап жатат. Өзүнүн Конституциясы, андан чыккан мыйзамдар, Жогорку Кеңеши, Президенти, Өкмөтү бар, алар баш көтөрбөй иштеп жатат дейли. Курсагы ачкан эл жок, тескерисинче, үйлөр салынып, салынганда да кабаты менен салынып, машинанын түрүн минип… иши кылып жан багуу жакшы жолдо. Бул мамлекеттин сырткы көрүнүшү-формасы. Ал эми мамлекетибиздин ичине-мазмунуна үңүлө карасак, акылды алдыга салып алып шашпай карасак, баскан жолубуз, жасап жаткан ишибиз «жакшы» деген баадан караманча алыс экендигин баамдайбыз. Ооба, жаман нерсенин көргүсү келген адам, аны сөзсүз көрөт экен. Анысы бар. Бирок, ошол жамандык өзү бутуңа чалынып көрүнүп жатпайбы, ак дил адамды кокодон алып көрүнүп жатпайбы! Элге зыян болуп көрүнүп жатпайбы!

 Ар бир улуттун өзгөчөлүгү бар. Айталы, немистер так жүрсө, цыгандар алдап жүрөт, испандардын токтоолугун ачуусу жеңип турса, чукчалардын деги эле эч нерсе менен иши жок, кыргыздар токпейил болсо, еврейлерде  билгизбегенге аракет кылган өзүмчүлдүк бар… казактар мактанчаак, өзбектер битирирээк, ж.б. Демек, бир улут менен экинчи улутту айырмалап турган сапаттары болот. Цивилизациялуу доордо жашап жатабыз деген мезгилде ар улуттун өзгөчөлүгү эске алынбай, ортодон чыккан жосундар ошол бир конкреттүү улуттун жакшы сапаттарын «жутуп» коюп жатпайбы. Бара-бара улуттар өзгөчөлөнбөй, кандайдыр бир эл массасы пайда болор… ал заман да келер… Бирок, ошол заман келе элек да. Андыктан ар улут өз мүнөзү менен болгону жакшы эмеспи. Биринчи иретте кыргыздар үчүн керек! Жолунан тайдыбы, анда жаманчылыктар сапырыла берет…

Илгери кайсы улут кандай экенин анча билчү эмеспиз, ал маселени алдыга алып чыкчу деле учур болгон эмес, зарылчылыгы жок болчу. Азыр болсо, мамлекеттер арасындагы, демек, улуттар арасындагы алакалар арбып, бул улут мындай, тигил улут тигиндей деп жалпыбыз айта алабыз. Ооба, улуттар аралык карым-катыш өнүктү, улут мүнөзүн билчү маселелер  чыгып жатат дегендей… Анан ошол улуттардын ичинен кыргызга жеткен жакшы-ыймандуу улут бу жарыкчылыкта жок экен деп айтсак, чындыктын мөлтүрүнүн өзү болуп чыгат. Мыктылыктан эстеп коёлу, анан да ушулар биздин турмуштан кетип жатканын кошо эскерип, үшкүрүп да коёлу… Үшкүрүп тим болбой, аракет кылыштын жолдорун издейли…

Кыргыздын жаны менен кошо жаралган сапаттардын эң бир мыктысы- улууну урматтоо! Алдынан улуу адам чыкса эңкейе берип, кол сунуп саламын айтып, абалын сурап, жардамын сунуштап турган да кыргыздын кырчын жигиттери. Ошол аксакалдын ар сөзү тигиге мыйзам болуп угулуп, аны аткарганча шашып, атка минсе, колтуктай мингизип, үйгө кирсе, төрдү белендеп жетелей олтургузуп, тамакты биринчи ооз тийгизип, кебине тоскоол болбой, кулак төшөй угуп… Кичүүгө улуу кудай эле да! Иниге ага, сиңдиге эже, балага ата, кызга эне- кудай эле да! Келинге кайнене да кудай болчу! Наалатыныкы, болчу да…эми болбой калган.

Кыргыздын кыз-келинин айт! Аларың жаратылышынан сулуу эмеспи, караган эркекти эсинен тандырганын айт, ошол эркекти сыңар сөз айтууга жараксыз кылып, түз эле тил-ооздон калтырып  дудук кылып, көл-шал тердетип, ошол эркектин бул жерге келе электеги таш жарчу көз карашы көмүрдөй караңгыда жарк эткен айдай болгон ургаачыны караганда  мокок тартып, кокуй ай, эркектиги эч нерсеге жарабай, ачуу чачкан күндө калган сарымайдай мөлт эрип, өзүнөн дайын жок, өңүнөн дайын жок, ким экени билинбей… өлтүрөбү деги, кантет, бу аялзаттын сүрү… Ии, анан ошол марал сындуу, сурайылдай сулуу кыз-келиндин поруму ички дүйнөсүнө жанаша берип, чачпагын шаңгырата ордунан туруп, кымыз куюп, эки колдой ийиле  сунуп, кымырына олтуруп, жер карай тигинин ичип жатканын сезип, көгүчкөн болуп, тоту болуп кулпуруп, бети чымырап кызара кетип, төшү барандуу тартып, көкүрөк какканы аалам жаңыртчыдай болуп угулгансып… Олда аялзатынын сүрү ай!.. Ушуну окуп жаткан окурмандар Жакупованы, Карасартованы, Абдрасулованы, Исмаилованы, Ажибекованы, Жолдошеваны, Үмөталиеваны жана ушуларга окшогондорду эстебесе экен дейм, ошолордон кудай сактаса экен дейм!

Жок, жок, азыркы кыздар илгеркилерге караганда ашкере сулуу, аны кантип тандык, билимдүү, муну кантип тандык, бирок… Олда бири кем дүйнө ай, алардын ички сулуулугунан эч нерсе калбады, ит аякты ит жалагандай кылды кийинки мезгил, кийин келген жосундар! Айла жок бир-экини төрөп токтотуп жаткан аялдар, эркегин эркек деп санабай калган аялдар, арагын арактай, виносун винодой соккон аялдар, мушташып, тебишип жаткан аялдар, күйөөсүн кайненесине кошуп көмө чаап жаткан аялдар, кайнатасын ыргыта түрткөн аялдар, айкыра сүйлөп, сөгүнө сүйлөп,  беттен алып жаткан аялдар, тамекини күркүрөтүп, үнү эркек болгон аялдар, коркунучтуу аялдар, эркектерге террор жүргүзгөн аялдар! Алардын кийин пайда болгон жосундарын санап бүтүү оңойго турбас. Акчасы бар болсо, негрди «сүйүп» тийип жатканы, акчасы бар болсо, кытайды «сүйүп» тийип жатканы! Акчасы болсо, аборигенди «сүйүп» тийип жатканы… Сойку кыздарыбыз сансыз болду… Ошентип калды кыздарыбыз. Ооба, бар мыкты аялзаты, бирок, алар азчылыкты түзүп калды окшойт. Ушундай абалда жигитиң деле оңдуу эмес…

Атаганат, илгерки кыргыз жигиттеринин сүрөтүн тартып бир суктанып албайлыбы…

Эл оозунда айтылган жылаңач төшүн окко тоскон жигит ушул болчу. Оо, ошол кер мурут жигиттин жүрөгүндө жалы бар дешкен, качырган душманды душман деп санабай тике качырып, элим буларга кор болуп калбасын деп жанын аябай кармашып, өлүм бар экенин кийин билип, билген менен ага ой токтотпой, келерки душманды карек талыта күтүп… Ошол кызылөрт жигиттин кичипейилдигин айт, кимге эле болбосун жардам бергиси келе берген айкөлдүгүн айт, сугунар тамагын оозунун жанынан буруп тиги бечара сунганын айт! Калп айтса- ага өлүм! Ушак айтса -ага өлүм! Байлыкка байланса- ага өлүм! Оо, кудай берген жигитим, сен чынында эле жигит болчусуң!

Азыркы жигиттин сүрөтүн тартыш оңой, анткени, андайлар күндө алдыңан чыгат, аралаш жүрөсүң дегендей, сен деле алардын бирисиң дегендей…

 Абалына жараша бирөө галстук тагынып, костюмдун кымбатынан кийип кычырап, дагы бири жөнөкөй кийинип,  костюмун мейманга барганга сактап, үчүнчү бирөө кадимки кытайдын спорттук күрмөсүн каракокочо кылып үстүнөн түшүрбөй, баары эркектана өңдөнүп басып, катыны карп-күрп чыга калса бакырып жибере таштап, ата-энесине кээси менен барып учурашып, көбүнчө акча маселесине баш оорутуп, кээси менен саунага барып сойкулар менен жуунуп, кээси менен достору менен кафеге олтуруп, кээси менен балдарын паркка алып барган болуп, кээси менен китеп окуйт экен деп айтсын деп, бир китепти барактап, кээси менен туугандарына чай берип март болуп көрүнүп, кээси менен өлгөн кайненесине куран окутуп акча чогултуп, кээси менен аты жок той берип акча чогултуп, кээси менен үйүн бүтүп той берип акча чогултуп, кээси менен баласын үйлөнтүп той берип акча чогултуп, кээси менен бир шылтоо таап эл чакырып акча чогултуп… турмуш өтүп жатат…Балээ го бул бир, ушул замандын кошоматы көп, чоңуңа, анын аялына, балдарына, туугандарына, досторуна кошомат кылып турбасаң болбойт, «куру сөзгө бата жок», андыктан куру кошомат дагы жок, аның акча менен семиз кой менен, форель менен, топоздун эти менен, чучук менен, казы-карта менен… коштолот. Анан эркектер кафеге же тоого эс алууга барганда кызмат, акча, ойноштук, саясат жөнүндө сүйлөшөт, ушак деген кирген дайрадай агып берет…Далай кызматкерлер ушул кызматта турганда эне-атам өлүп берсе сонун болбойт беле» дейт экен! Кызматы бардын баары элдин акчасынан жейт, жейт, жана бир жейт, «жебеген жердин астында». Кээ бирөө жакшы жеп, азга камалган болуп, анан баягы жеген акчасынын жыргалында болот. Нариман Түлеев, Акматбек Келдибеков, Урмат Аманбаева, Равшан Сабиров, Данияр  Нарынбаев, Бакыт Абдыкапаров сыяктуулар ошол жыргал процессти басып өткөн немелер. Буларда уят, намыс, ыйман деген болбойт. Эгерде болсо, камалып чыккандан кийин баш көтөрө албай, көчөгө баса албай калмак. А булар болсо, эл алдына чыгап, актык жөнүндө сүйлөп жатпайбы, элди тике карап, тултуйган беттери бир кызарып койбой «ак» бололу деп жатканы. Тфу! Азыркы жеп-ичкен, пара алган шүмшүктөрдүн баары эле «мага саясий заказ колдонуп жатат» дегенди таап алышты. Көтү бок катынга чейин  ошону айтат. «Саясий заказдан» айланышабы?!

 Далай коррупционерлер эмдигиче камалбай, камалмак турсун эл алдына бат-баттан чыгып, акылын айтып, тазалыкка чакырып(!), кудайдын ичи аябай кенен да, кадимки атуул болуп жатпайбы. Ошондой адамдардын классикалык мисалы Равшан Жээнбеков деген «эмгек сиңирген коррупционер». Бул немең бешиктен бели чыгалекте Маммүлктү жетектеп, жүздөгөн жайларды бирөөлөргө итбекер менчиктештирип, өзүнө каалаганча алып, анан эч нерсе болбогондой акыл айтып шаңшып, бийликти сындап жүрбөйбү. Эми мындай уятсыз немелерди кеңири айтып уяткаралы дегенден пайда жок, бети жоктордо эмненин уяты. Бу Жээнбеков сыяктуу Апаз Жумагулов, Кубанычбек Жумалиев,  Акылбек Жапаров, Исхак Пирматов, Феликс Кулов, Жантөрө Сатыбалдиев, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Марат Султанов, Нурлан Сулайманов, Жоомарт Жумабеков сыяктуу толгон «немелер» бар. Алардын жооп берчү убактысы келет дешет, качан келет, келеби деги?!

 Төрт ай чамасында иштеп, анан президенттигин өткөзүп бермей болуп жаткан Алмазбек Атамбаев

кыргызды алты жыл чамасында башкарды. Жакшы деген иши болду, начар деген иши болду, кандай болгондо да мурунку президенттер Акаев менен Бакиевге караганда жакшы жагын көрсөттү. Ал президенттик убагында эч нерсе алган жок. Анткени, ал мурун эле тоюнуп алган, укум-тукумуна кеңири жетип бере турган дүйнөнү президент боло электе топтоп койгон. Аны кантип топтоду, чын-бышыгын билбейт экем. Анан да бул президент тууган-туушкандарын кызматтарга койгон жок, бала-чакасына да жеңилдик бербеди. Бирок, анча жөндөмдүү эмес адамдарды чоң кызматтарга коюп жаңылып турду. Айталы, Нарынбаев, Илмиянов, Ниязов, Жунушалиев, сыяктууларды.

Бизде мамлекетти башкаруу бөлүнгөнү менен алардын ортосундагы так чеги жок, андыктан Жогорку Кеңештин бир катар милдеттерин президент колуна алып койду окшойт. Ооба, Конституцияда Президенттин укугу алда-канча кыскарып, алардын баары Жогорку Кеңешке өткөнү менен, практикада Атамбаев ал маселеде алда-канча демилгелүү болуп чыкты… Ушундан улам ой туулат: бизде Президент менен Жогорку Кеңештин кимиси демилгелүү болсо, бийлик рычагы ошонун колунан өтөт экен. Бул жагдай туура эмес.

 Алаңгыча исламчылык Кыргызстанды болуп көрбөгөндөй чырмады.

Ар айылда бирден, экиден, кээсинде үчтөн мечит иштеп, адамдарды, анын ичинде жаш өспүрүмдөрдү каалагандай тоңкочуктатып жатат. Дин болгон жерге билим жолобойт, ушундан алганда мечитке барган жаштар куранды шатыратканы менен билимден куру болуп жатпайбы. Ислам идеологдору мунайзаттан түшкөн эбегейсиз суммадагы акча менен бизде жеңишке жетишти деп ачыгын айтканыбыз оң. Мамлекет динден бөлүнгөн деп Конституцияда жазылып турат. Андай болгондо эмне үчүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен Бишкек мэри Албек Ибраимов эски аянтта молдолордун катарында тоңкочук атып жатат?!

Алмазбек Атамбаевдин президенттигинин көзгө урунчу иши коррупцияга катуу согуш ачканы болду. Сөз жок,анын бул ишин баалап турушубуз керек. «Согуш» дегениңдин түз мааниси кызыл-кыргын менен уланчу маани, же сен өлөсүң же тигил өлөт, аяшмай жок. Коррупцияга каршы согушта деле ошол маани, бирок, «коррупция» дегениң жаны кай жерде экени билинбеген, демек, өлтүрүүгө болбой турган нерсе экен, өлбөй жатат, канча аракет көрүлүп жатат, аны өлтүрө албай жатат. Аз-аз жарадар дегендей… Атамбаев бул «согушта» коррупционерлердин кызматынын  чоң-кичинесине караган жок, тегиз «жайлоого» буйрук берди. Анан эмне болду?

Анан коррупционерлер кармалып жатат, аны соттогон соттор байып жатат, коррупционерлердин көбү чын жазасын албай, эптеп эле соттолумуш этет. Чынын айтуу керек, бул иште прокуратура менен сот жакшы байыды десек болчу ишти айтканыбыз. Чечмелеп сөз көбөйтпөйлү, баары түшүнүктүү эмеспи… «Баланча коррупцинер колго түштү» деген кабардан күн куру эмес, а бирок, ошолордун соттолуп түрмөгө түшкөнү чанда. Демек, ортодо акча ойноп жатат да.  Коррупцияга каршы күрөштө Атамбаевдин алсыздыгы билинип калды, анткени, аны колдогондор аз, экинчиден, «коррупция» дегениң типтүү көрүнүшкө айланды, тамыры биздин турмуштан терең орун алды! Анан да, иттики, коррупцияга каршы күрөшчү адамдардын көпчүлүгү өздөрү коррупционер болуп жатса, кайдагы жакшы жыйынтык?!

Кызыгың кур,  тийешелүү органдарга кай министрликте коррупция бар, ал канчалык деңгээлде, ошол коррупциялык иштин схемалары ж.б. баары белгилүү, аны какшап эле айтып жатат. Андай болгон күндө аларды эмне жойбойт? Мага ушул жагдай аябай түшүнүксүз. Ойлоп көрсөм, аларды жабууга болбойт экен, эгерде ал жер жабылып калса, бийликтегилер кайдан тоюнат?!

 Мамлекетибизди коррупция чырмап алганубакта жанагы чет мамлекеттерден акча алып, өз мамлекетин жакшы жамандап берчү катындарга кудай берип салат экен.

Алар начар бийликтен пайдаланып оозуна келгенин оттоп, мамлекеттеги жаман көрүнүштөрдү терип-тепчип ай-ааламга жар салып, алгандарын актап турат экен. Өз элине, сөздүн түз маанисинде, душман болуп тургандыкты айбандык деп коёт. Аларда намыс, улутка күйүү, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бир нерсе жасоо деген сезимдер жок, берген акчаны ал да шыбай бер! Аларды ордуна коюп, «четтен канча акча алды, аларды эмнеге коротту, эмне үчүн жалаң эле кемчилик издейт» сыяктуу суроолорду берүүгө биздин бийликтин өлжүрөгөн абалы суратпай жатат. Ошондуктан салпэтек катындын баары Ак үйгө теңата болуп алган, президентке теңата болуп алган!  Ошол катындар кыргыз улутуна терс көрүнүштөрдү колдойт да турат, маселен, бир жыныстуулардын үйлөнүшүн, ж.б.

 Кээде туруп ойго алдырам, атаганат, менин колумда болсо, үч мыкты жигиттен турган топ түзөт элем, алар түптүз президентке гана отчёт берип, коррупционерлерди, жогорудагыдай катындарды, ашынган бандиттерди кези менен атып турмак. Маселен, айына элүүдөй адамды. Ошондо бир жылдын ичинде Кыргызстан мөлтүр таза элдүү болмок…

Мамлекетиң бузулганда анда жашагандардын баары бузулат тура. Тээ кылымдар чыгармачыл инсандар-жазуучулар, акындар, режиссёрлор, артисттер, ырчылар ж.б.  чындыкты алып жүрүүчүлөр катары, интеллигенция катары, улунуп-жулунбаган таза адамдар катары каралчу, калгандар ошолорго карап «түздөлчү»да.  Алардын арасында жеп-ичкен шүмшүктөр болчу эмес. Эми болсо, маданият жаатындагылардын арасынан аңызга эгедер болгон шылуундар чыгып жатат. Буладын аттары журттун дилинде. Айта жүргөн жаныбыз айталы, алар: Асан Жакшылыков, Кыргызбай Осмонов, Керим Турапов, Султан Раев, Болот Осмонов, Мукталы Бектеналиев,Темирлан Сманбеков, Таалай Кулмендеев, Замир Эралиев…

 Ушундай абалда бир ишти аткарган турабыз, ал-президентти шайлоо. Жеке мен бул ишти анча деле маанилүү деп түшүнбөйм.

Анткени, президентикке далай адам көрсөтүлөт, ичинде «мээси шамалдагандар» бар,  акчалар  чачылат, президенттикке бирөөнү сүрөгөн шылуун-шакалдар бул кампаниядан бир байып алат, анан дагы бирөө президент болот, турмуш өз нугу менен улана берет. Жаңы президент келгенде абалды оңдоп жибереби, кетип бараткан ыйманды калыбына келтиреби? Жок  эй! Эмдиги президент да ыйманды калыбына келтирүү үчүн күрөшөр, коррупцияга каршы күрөшөр, далай иштерди жасар, бирок, андан майнап чыгышы мүмкүн эмес. Анткени, коомубуз азыркы абалынан кутулуу үчүн, ошол коом кайра нөлдөн жаралышы керек! Акчанын, кызматтын диктатурасы бизди ныгыра басты, ачкөздүк жоюлгус орун алды, ниет бузулду, боорукердик деген жоюлду, ж.б.у.с. Эми кыйын болсоң ушул коомду оңдоп ал! Жети баштуу президент келсе да оңолуу болбос…

Автор:  Баратбай Аракеев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here