Чагылган: Акыркы учурларда Өзбекстанда бардык тармактар боюнча колдоого аларлык, жакшы самаалыктагы иштер болуп жатканы бизге да маалым. Жаңы Президент Шавкат Мирзёёвдин аракеттери чоң саясатта,  эконимикада жакшы эле байкалып баратат. Эми өзбек ажосу башкалардан айырмалынып маданият, адеп-ахлак, ыйман маселесине да терең көңүл буруп баштады. Өзбек бийлиги  жакындан бери Өзбекстан мамлекетине алыскы өлкөлөрдөн агылып кирип жаткан секс, зордук-зобулук, аракечтик тууралуу кинолорго тыюу сала баштады. Автордук  интеллектуалдык агенттиги аз күндүн ичинде Өзбекстанда көрсөтүлүп жаткан 225 кинону рыноктон таптакыр алып салды.  Алардын 153 АКШнын киносу болсо, калганы башка өлкөлөрдүкү. Эске сала кетсек, буга чейин өзбек бийлиги компьютердик оюндарга да тыюу салып, бир катар оюндарды «кара тизмеге» киргизген. Биздин бийлик деле бул маселе боюнча ойлонуп, ушул сыяктуу  аракеттерди көрүшсө эле колдомок. Болбосо, биздин жаштар, жапжаш балдар, кызхдар, порно кинолорду, ар кандай зордук-зоблук кинолдорду байма-бай көрүп, психологиясын бузуп жатат. Бул чындыкты эч ким жокко чыгара албас…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here