Бишкектин борбордук жана борбордук эмес жолдорунун баары тең эле машинелердин көптүгүнөн улам эртеликеч абдан тыгын экени эч кимге жашыруун эмес. Ал тургай бул маселе бүт дүйнөгө маалым. Анысы аз келгенсип жолдордогу эреже бузуу, кырсык да аз эмес. Ошол жол тыгындарды атайылап жараткандар, жол эрежесин бузуп, ар кандай кырсыктарга көбүрөөк туш болуп жаткандарбулар эл ташыган кичиавтобустар экени талашсыз.  Ал эми эртеликеч элибиз жумушка, балдарыбыз мектептерге, жаштарыбыз окуу жайларга барып келүүдө ыңгайсызэски, ичи таза эмес, анан калса, 10-15 орундун ордуна бери жагы 30-40 кишини  бирибирине жабыштырып  «тыгып»  алган кичи автобустарга (бусик, спринтер) түшүүгө аргасыз. Түшкөндөн кийин түртүшүп, орун талашып, жаштар «шылкыйып» уктап, карыларга, боюнда бар келиндерге, балалууларга орун бербей, «өз өнөрлөрүн» көрсөтүшмөйү эчак көндүм адаттка айланып кеткен.  Ушундай, жана ушул сыяктуу маселелерден улам экиэкиден урушкандар, чөнтөкчүлөргө чөнтөгүндө акчасын уурдаткандар да  аз эмес.

 Бийлик болсо, өзгөчө Бишкек мэриясы элге эчактан бери жаңы автобус-троллейбустарды алып келип, Бишкектин жолунда өздөрүнөн башка такыр машине жоктой, жол эрежесин көз көрүнө бузуп айдашкан кичи автобустарды алабыз деп убада беришкен. Убада аткарылмак тургай, унутулуп калган сындуу. Болбосо, мэриянын чет мамлекеттерден сапаты мыкты, жаңы автобустарды алып келүүгө шаасы келбей жатат. Бул маселеге күчүбүз жетпесе, инвесторлорду тартабыз деп билдиришкен. Айлап-жылдап алып келсе да, кымбат баада жана сапаты начарларды алып келишип, элди нааразы кылышууда. Кыскасы, эл Бишкек ичинде кичи автобустарга эмес, жаңы, сапаты мыкты, ыңгайлуу автобустарга түшкүсү келет. Мэрия болсо автобустарды көбөйтө албай, Бишкек жана анын айланасындагы конуштарга жалпысынан 5 миң кичи автобустарга эл ташууга уруксат берип салган. Алардын артынан чоң пайда табышат. Бул жагы аларга өтө керектүү.

 Инвесторлор демекчи, жакынкы айлардан бери Бишкекте №35-автобус пайда болду. Эл  бул автобустарды мэрия өзү сырттан алып келип эл ташуу үчүн киргизди деп ойлошот. Минтип ойлогондор такыр жаңылышат. Себеби, бул автобустарды  алып келип, мэриядан уруксат алып, Бишкектин ичине киргизген айымдын аты Токтобүбү экен. Бул айым кытайлык кыргыздардан болот. Кесиби доктур, ишкерликте ар кандай долбоорлор менен да алектенет.  Кытайда өсүп билим алганы менен, Кыргызстанга турмушка чыккан. Анын кыргызга  жан тарткан мекенчилдиги муну менен эле чектелип калбастан, Кыргызстанга, кыргыз элине колунан келишинче жардам бергиси келет. Биз Токтобүбү айым менен дал ушул жеке менчик атобустарды Бишкекке киргизүү, мэриянын буга болгон мамилеси  ж.б. тууралуу маектештик.

-Токтобүбү айым, алгач айтсаңыз. Бишкекке Кытайдан автобус алып келип эл ташып, элге кызмат кылуу идеясы эмнеден улам жаралды?

-Мен Бишкекте жүрүп, эл сыяктуу эле кичи автобустарга түшүп, ал кичи автобустардагы элдин эртели-кеч тыгылышып кыйналганын, айдоочулардын жол эрежесин көп бузушарын көрүп, абдан зээним кейиди. Анан мэрия уруксат берсе, Кытайдан сапаты мыкты автобустарды Бишкекке алып келип, эл ташытсам деген ойго келип, эки жыл мурун бул ишти баштоого бел байлагам.  Ал кезде Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов болчу. Ал киши уруксат берип, эл ташуу үчүн 5 каттамга уруксат алып,  5 жылга чейин иштөөгө кол коюп берген. Мэрияга караштуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Болот Мамышев мырза да кол койгон. Мен айтып коюшум керек, эгер ал киши  кол койбогондо бул долбоор ишке ашпай калмак. Ал киши жумуштан кетсе да, кол коюп берейинчи деп кол коюп берген эле. Болот байкебиз ушул маселенин айынан жумуштан алынып калды окшойт. Ошентип, бул долбоор ишке ашып калган кезде, мэр алмашып кетти. Антип-минтип 3-4 ай өтүп кетти. Мен окурмандарга айтып коёюн, бул автобусттарды Кытай компаниясынан алып, бул жакта иштетүүгө бел байлап жатабыз.  Кытай компаниясынын өкүлдөрү да мени менен Бишкекке келип, мэр Албек Ибримовго жолугуп,  аларга  шарттарын айтып беришкен.

Бирок ал кезде кызматка жаңы келген мэр көп ишенбегендей түр көрсөтүп койгон, алгач автобустарыңарды алып келгиле деп. Ошентип, ортодон дагы 6 ай  өтүп кетти.   Ошол убакытта автобус чыгарган компаниянын адисттери бизге бере турган  автобустарды Кыргызстандын аба-ырайына, жолдоруна, деги эле бардык шартына ылайыктап  жасоо үчүн  Кыргызстанга келип, өздөрү кызыккан маселелерди  иликтеп, анализ кылышкан болчу. Жыйынтыгында алар заводдон Кыргызстанга ылайык келе турган автобусттарды жасашты. Кайрадан жолугушууларды баштадык, 4-5 айдан кийин мэр шаардагы абалды толук түшүнгөн окшойт, айтор долбооруңарды баштап, автобустарыңарды алып келгиле деп калды. Биздин максат жалпысынан Бишкекке 100 автобус алып келүү болчу. 100 автобусту алып келүү оюбуздан азыр деле кайта элекпиз, шарттарды түзүп берсе баарын алып келебиз. Биз алгачкы этап менен 12 автобус алып келгенбиз. 12- майдан тарта ошол 12 автобус эл ташып иштеп жатат. Жөн эле ишке киргизе берели десек,  болбой жатышып мэрдин катышуусу менен ачылыш иш-чарасы өткөн. Ал автобусттарга мэрия № 35-каттамды берген. Жаңы вокзалдан чыгып, Бейшеналиева көчөсү менен Москва көчөсүнө түшүп, Гоголдон Чүйгө бурулуп, ошону менен Аламүдүн-1ге чейинки жолдо эл ташый башташты. Мэрия бизге (автобустарды токтотконго) ижарага Кудайберген базары тараптагы автобазадан 3 гектар жерди берген. Биздин автобустар ошол жакта.

https://www.youtube.com/watch?v=1xNayVapshw&feature=youtu.be

-Автобустардын сапат маселеси кандай? Себеби, биздин борборго сырттан автобус алып келишсе, тез эле бузула берет. Сиздер билсеңиздер керек, ошол эле Кытайдан алынып келген 100дөгөн автобустар мэриянын автобазаларында бир канча жылдан бери бузулуп жатат. Сиздердики да тез эле бузулуп калбайбы?

 

-Туура. Билебиз. Анын баарын көрүп жатабыз. Биздин автобустарды жасаган компаниянын (жеке менчик эмес, мамлекеттики)  аты Хинтонг 1937-жылы Кытайда биринчи болуп, газ менен жүргөн автобус жасашып, шаарга чыгарышкан. Азыр да Кытайдын көптөгөн шаарларында ушул компаниянын автобустары эл ташыйт. Абдан белгилүү компания. Биздин автобустардын сапаты жакшы деп ишенимдүү айта алабыз. Бузулуп калганын өз убагында оңдойбуз да.

Бул автобустар мамлекеттики эмес да, жеке менчик, ошончо тобокелдикке салып чоң акчага чоң компаниядан насыяга алып келип жаткандан кийин, автобустарыбыздын техникалык абалына катуу көңүл буруп жатабыз. Ай сайын толугу менен техникалык кароодон өткөрөбүз.

Биздин автобустар Бишкектеги башка  автобустардай болуп, солярка менен эмес,  газ менен жүрөт. Газ  — экологияны булгабайт, алда канча таза болот. 12-майдан 15-июнга чейин акча тапкан жок. Газды да жаппай өзүбүздүн чөнтөгүбүздөн куюп жаттык. Азыр бул маселе чечилип, автобустарыбыз өз чыгымдарын жаба баштады.

Мэрия биздин автобустар жүргөн жолдогу   113- маршурт  менен  213-маршурттарды алабыз деп, буйрук чыгарып коюшкан. Бирок 113- маршуртту  алышканы менен, 213тү алышкан жок. Тескерисинче, 213- маршурттагы кичи автобустар барган сайын эле көбөйүп, саны 80ден ашып кетти.  Кыязы, 113төн кеткендер кошулуп жатат окшойт. Чынында бул маршурт бизге тоскоолдук жаратып жатканын айтып коюшубуз керек. №35-каттам  илгери эле бар экен да, бирок жакшы каттам болбой, эл түшпөй калганда, жаап салышкан экен. Биз келгенде, бизге ачып беришкен. Биз көп эмгек жумшап, азыр бул каттамды жакшыртып, элди көндүрүп койдук. 4 кичи автобуска баткан 80 киши биздин бир автобуска батат. Жолдордо 4 кичи автобустун ордун биздин 1 автобус камсыздап, тыгын маселесин азайтканга чоң шарт түзүп жатат десек болот.

Мэрия сиздерге дагы кандай жардамдарды бериши керек? Айткан убадаларын толук  аткарып, шарт түзүп берип жатабы? Себеби, элдин Бишкекте автобустар көбөйсө экен деген каалоосу күч. Бул маселеде мэрия инвесторлор менен талапка ылайык иш алып бара турганын байма-бай айтып келет. Бирок буга чейин жеке инвесторлор силерге окшоп автобус алып келип, мэрия менен иштешкен эмес да. Андыктан, бул маселеде мэрия силерге кол чабуу менен, бардык шарттарды түзүп берип иштеши керек эле да..

-Туура, буга чейин автобус алып келебиз дегендер болуптур. Бирок иш жүзүнө ашпай сөз бойдон калып келиптир. Бул жагынан биз биринчи болуп жатат окшойбуз. Башында шаардык депутаттар да кийлигишип, бул иш жакшы эле колдоого алынып баштаган. Бирок акыркы убактарда мэрия өздөрү берген убадаларды аткарбай жатат. Мэрия бизге автобазаны  узак жылга ижарага берип, муну тиешелүү иш-кагаздар менен бекитип беришмек. Бирок андай болбой жатат. Биз азыр автобазада арсар түрдө  туруп жатабыз.  Автобаза маселеси толук чечилсе, биз  баары болуп 100 автобус (азыр 12син алып келдик, дагы 88ти алып келебиз) алып келебиз. Бирок бизге автобаза маселесин, азыр бизге берген 3 гектар жерди 15 жылга чейин толук мыйзамдуу кылып чечип берсе жакшы болот эле. Ошол 3 гектарга 100 автобусту сыгылыштырып батырсак деле болот.  Биз ал базага мыйзамдуу түрдө ижарасын, светтин, суу акыларын төлөйт элек. Бир нерсе деш кыйын, жеке менчик жер болбогон соң.  Биз биринчи этап менен 40 автобус алууга буйрутма бергенбиз. 28 автобус даяр турат, 12си келип, иштеп жатканын айттык. 8 автобус жолдо келатат, бирок аларды азыр “растоможка” кылышыбыз керек эле, ал маселе да кечигип турат. Жогоруда  айтылган автобаза маселеси чечилсе, дароо 28 автобуста алып келебиз. Калган 60шын октябрга чейин алып келип, баарын ишке киргизебиз деп ойлодук эле, бирок мэрия бул иштерди созгондон улам максат кылган күндөн алда канча  кечигип жатабыз. Дагы ушинтип созо беришсе кечигебиз, же бул долбоорду такыр эле  токтотот  окшойбуз.  Автобустарыңар келсе, мыйзамга ылайык дотация беребиз дешкен, бирок дотация эмес, башка маселелер чечилбей жатпайбы.

Биз автобустарыбызды ай сайын автоматтык компьютердик -диагиностика кылып турабыз . Кытай адистери менен бирге автобустарыбызга заманбап  тейлөө  (сервис) маселесин да алып келебиз. Ар дайым техникалык жактан толук тейленип турган автобустар 9 жылга чейин жакшы абалда иштеп  берет. Ал эми бул автобустар Кыргызстанда мэриянын койгон баасы, шарты менен көп дегенде эки жылда өзүн актайт деп кытай адистери эсептеп беришкен. Бир автобустун баасы 75 миң доллар.  Мэрия болсо жакында  бир автобусту  106 миң долларга  сатып алышыптыр. Мен чындыкты айтып коёюн, ошол 75 миң долларлык автобус менен 106 миң долларлык автобустардын сапат маселесинде абдан чоң айырма бар. Муну адистер деле салыштырып текшерип көрүшсө болот…

-Мэрия шаардын кайсы району болсо да эл ташыйсыңар десе ошол каттамды (маршрутту) ала бересиңер да…

-Ал жагынан маселе деле жок. Кайсыл каттамды берсе, биз ошол каттам менен 100 автобусубузду иштете беребиз. 100 автобуска биз жалпысынан 5 каттам сураганбыз. Бирок бир жаман жери мэрия бизге башында бир каттам боюнча 5 жылга чейин келишим түзгөн да, бирок орто жолдон бул маселе тез-тез өзгөрүп кетип бизди, биз менен иштешип жаткан

Кытай компаниясын да терең ойго салып койду. Эмнеге дегенде, бир каттам боюнча келишимди 3 айга чейин эле түзөбүз деп айтышты. Эмнеге 3 эле айга? Була жагы бизге анчалык түшүнүктүү болбой турат? Башында 5 жылга келишим түзүшкөн болчу. Меморандумга кол коюлган. Баары бекиген. Эми орто жолдо минтип, өзгөртүп, үч ай сайын келишим жаңырта берүүнүн пайдасы канча? Биз сураштырдык, иликтедик, чынында андай эмес экен. 2013-жылы чыккан мэриянын №50 токтомунда 3 жылдан 5 жылга деп бадырайып жазылып турат.

Бул маселеде келишим 3 жылдан 5 жылга чейин түзүлөт экен. Мэр бул биздин долбоорду каалап, толук кандуу ишке ашыргысы келгени менен, анын тегерегиндеги айрым адамдар каалабай жатат окшойт. Балким алардын кызыкчылыгы башкабы, билбейм. Мисалы, мэрге кирип чыксаң, андан чыккан соң башкалары ар нерсени айтып, башты оорутушат экен. Мен ушундан улам мэрияга баруудан көңүлүм калып баратат.

Айтор, элге жакшылык кылалы десек, кээ бир адамдардын ар кайсыны айтып, ар кандай шарттарды айта бергени бизге жакпады. Кытай тараптагы адистерибиз да мындай мамиледен чоочуп турушат. Себеби, мен булардын айтканы менен ишендирип койгон элем да. Билбейм, минте берсе, долбоорубуз деле толук ишке ашпай калат окшойт.

Оштун мэри бизди чакырып, бизге келгиле 2-маршрутту берип, шарттарды түзүп берем деп жатат. Бул долбоорду дагы бир башка долбоордун маселеси менен биринчи вице-премьер министр Мухаммедкалый Абулгазиевге киргенимде баарын түшүндүрүп, айткам. Ал киши да бул жакшы долбоор экен, колдойбуз, көзөмөлгө алабыз деген. Бирок жыйынтык боло элек…Көзөмөлгө алса, мындай болбойт эле да.

РS: Окурмандын эсине:  Элге керектүү бул маселени толук чечилмейинче гезит беттерине, сайттарга байма-бай чагылдырып, бул көйгөйдүн күнгөй-тескейин кенен жазып, тиешелүү адисттерден, мэрия жетекчилигинен, депутаттардан   пикир алып жарыялап турмакчыбыз.

Маектешкен: Айбек Шамшыкеев

https://www.youtube.com/watch?v=cI7Zn__OzYk&feature=youtu.be

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here