Кара сөздүн каймагын калпыган кадырман устат                          

«Аны –муну дегиче, ачып көздү  жумгуча» – дегендей,эч шек алдырбай эле,элибиздин аты алысты аралап, өзү аттын кашкасындай таанымал болгон атактуу жазууучубуз жана драматургубуз Көчкөн Мидин уулу Сактанов, ушинтип, 75 жаштын кыл чокусуна чыгып олтурат. Не дейбиз, убакыт   эч  кимге  баш ийбей, токтолбостон өтүп жатпайбы деген таризде өз ичибизден тымызын муңайсак да, баары бир, Биз Кудай буюруп, тагдыр ар кимге тартуулаган өмүр жашка топук тартышыбыз парз эмеспи. Анын үстүнө, ушунчалык узак аралыкты табигый сыймыктануу сезими менен өз артына калтырган  бул инсанды, анын жеке таржымалы менен  эмгек жолунун  ушул элестүү,нары кубанычтуу    учуру менен чын жүрөктөн ысык куттуктап, колун бекем кысып койгубуз келет.

Айтылуу алыскы Алайдын тоо койнундагы Корул аймагынын топудай болгон Кең –Жылга айылында 1942-жылы  карапайым колхозчунун от башында киндиги кесилген Көчкөн,  кичи мекениндеги орто мектепти бүтүргөн соң,өзүнүн эң алгачкы эмгек «борозунун»  изин 1959-жылы Көк-Жаңгак шахтасында электровоздун машинисти (башкаруучусу) катары иштөөдөн салган. Ал 1962-жылы өлкөдөгү билим берүүнүн  көч башы —  Кыргыз  мамлекеттин университетин ийгиликтүү аяктап,  Кыргыз совет энциклопелдиясында, адегенде, кенже, кийин- улук илимий редактор болуп үзүрлүү эмнектенген.

Каргадай  чагынан  тарта, колунан китеп түшүрбөй, мектеп менен айылдык кеңештин китепканаларындагы адабий чыгармалардын  баарын биринен сала бирин окуп, «Кыргызстан пионери», «Ленинчил жаш», «Кыргызстан маданияты», «Ала-Тоо» гезит- журналдардан  такыр кыя  өтпөгөн, чыгармачыл  «чымыны» бар зээндүү, тирикарак, тырышчаак өспүрүм кийин ошолордун   беттерине  өзүнүн «тырмак кирлерин» жарыялап, адабият майданында  кадимкидей  ат салышып  калаары,  балким, үч уктаса да, анын  түшүнө кирбеген чыгаар…

Муну К. Сактановдун андан аркы бир кылка,шыдыр  жана  ийгиликтүү уланып жүрүп өтурган чыгармачылык ишмердиги  так тастыктап, даана далилдеп турат.  Буга өзүңүздөрдү эле күбө тартайынчы:   1977- 80-жж. — Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадио комитетинин редактору, 1983-жылдан тарта, “Кыргызфильм” киностудиясынын редактору,                  Т. Сатылганов атындагы Кыргыз  улуттук  филармониясынын өтө жооптуу деп саналган адабий бөлүмүнүн жетекчиси, Телерадио комитеттин редактору, ал эми 1980–83 жж. — атактуу “Ала–Тоо” журналынын бөлүм башчысы. Мындагы  орундан  кеткенден кийин ал эл аралык “Азаттык” радиостудиясынын республика боюнча кабарчысы болуп, чыгармачылык  бийик дем менен жемиштүү эмгектенип келген.  Ушул эле учкай далилдер айкын  айгинелеп тургандай, Сактанов чыгармачылыктын көптөгөн ар кыл баскычтарында эч  бир  камчы салдырбай, чыныгы кесипкөйлүк дарамет менен, так, таза, кайтарымдуу жана натыйжалуу иштеп келгендигин биз өйдөдө белгилеп өткөн учурларда  аны менен чогуу  иштешкен  кесиптештери, санаалаштары, өнөктөштөрү  жана   анын  талантынын  күйөрмандары  эмдиге чейин бир ооздон айтып келе жатышат.  Өзүнүн түпкү кесиби менен дасыгы  кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим болгондуктан, баягы “ат айланып, казыгын табат”, –деген кыязда, Көчкөн Мидин уулу өлкөбүздөгү кадыр–барктуу, бедели менен зоболосу  бийик болуп таанылган эл аралык Кыргыз–Түрк (“Манас”) университетинде кыйла жылдар  бою   окутуучу болуп, улан–кыздарды  тарбиялап, аларга  билим-жуурат  берүү, татыктуу адис кылып даярдап чыгарууга өзүнүн жекече салмактуу салымын кошо  алды  деп  ырастамакчыбыз.

К. Сактанов менен ж. Кыдыралиев

 

Жаш курагынын жеткендигине жана ден–соолугунун  абалына байланыштуу, ал   өз каалосу менен бул окуу жайынан ардактуу эс алууга чыгып, бирок тынымы жок иштөөгө баштайынан  жедеп ык алып, көнүп калган жазуучу  сүйүктүү үй–бүлөсүнүн мээримдүү кучагында дагы да болсо, издээнүүчүлүк менен өзүнүн   чыгармачылык иш-аракеттерин  акырындык  менен  улантып келүүдө.

Устатыбыздын биздин  атамекендик адабий, маданий, көркөм өнөр айдыңындагы басып өткөн  баалуу   жана барандуу эмгек жолуна  дагы  бир ирет абай салып көрсөк, таразанын ташы, негизинен, анын жазуучулук  жагына  оогандыгына дароо эле көзүбүз жетет.  Ырасында, Көчкөндүн дээрлик 50 жылгы чамалаш мезгилди өз кучагына камтыган адабий тагдырынын алгачкы ири  кадамы- анын  1968-жылы жарык көргөн “Үчөөнүн жүрөгү” аталыштагы повестинен ташталып, андан ары ырааттуулук менен, улам алдыга шилтелип отурду. Бул чыгарма окурмандар менен адабий коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп, адабиятыбызга ири таланттын келгендигинин  жагымдуу коңгуроосун каккан эле.

Көп кырдуу таланттын  ээси  К. Сактанов кийинчерээк  өз күчүн драматургия багытында да сынап көрүүнү көздөп, “Бүттү, быйыл күйөөгө чыгам”, — аттуу (мен авторго кайсы бир сапар кезиккенде, аны “ Жетишет, быйыл эрге тийем!” — деп койсоң, көрүүчүлөр арбын келмек–деп, тамаша иретинде айтканым бар)комедияны  тартуулады. Чыгарма театр сүйүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып, кыйла мезгилге чейин сахнадан түшпөй келгендиги белгилүү.Бул ийгилигине купулу толуп, шыктанып калган драматург бир аздан соң, улуу романист Төлөгөн Касымбеков менен биргелешип, “Курманжан–датка”  тарыхый драмасын жаратып, ал дагы көрөрмандардын эстетикалык табиттерин толук канаттандыра алгандыгын атайылап айта кетүүгө тийишпиз.

Каарманыбыздын ишмердигинде  орчундуу орун — анын ар  кыл темаларга арналган прозалык чыгармаларына таандык. Аларды эске алып, из кубалап көрсөк, К.Сактановдун 1971-2011жж. ташкындаган ички илхам,накта  берилүү сезими  менен иштегенине тез эле ынанабаз. Ошол тапты анын чыгармачылыгынын дүркүрөп өсүп турган өзүнчө эле,  “ренессанс доору”  катары кабыл алсак, аша чапкандыкка жатпайт. Анткени, мына, дал ошол тушта  автордун  “Апама кат” (1971), “Умтулуу” (1974), “Адат азабы” (1978, 1981, 1988), “Мурас” (1984), “Маркумдар үнү” (1991), “Сталинден кийинки заман” (1999), “Чөөлөрдүн заманы” (2004), “Искендер Зулкарнайн” (2005), “Алымбек датка” (2009), “Курманжан датка” (2010), “Атилла” (2011) ж.б. маанилүү чыгармалары  окурмандардын  колуна  тийди. Өзүңүздөр эле таамай байкагандай, жогоруда аталып өткөн бул ири чыгармалардын дээрлик бардыгы тарыхый проза жанрына  жатат. Алардын айрымдары коомчулук менен адабий сында күтүлгөн кызуу талаш-тартыштарды жаратканы да маалым. Бул көрүнүш–романдардын идеясы, маани-манызы, багыты, мүнөзү, диапазонунун кең экендигин, автордун өтө татаал тарыхый доорлорду, алардын улуу инсандарынын бейнелерин ачып көрсөтүүгө батынгандыгынын айкын–ачык күбөсү  болуп саналат. Буга–ыракмат деп айтуудан бөлөк,башка  эч жол  жок. Өз учурунда К.Сактанов партиябыздын жетекчиси–Т. Усубалиевдин кичи  мекени-Кочкор районундагы кемчиликтерди ашкерелей коём деп, кызматтан четтетилгени да эсибизде. Бирок, бул окуя анын   өрнөктүү чыгармачылык жолуна,  анын   курч  талантына   эч кандай  шек  келтирбей  турган,  кичинекей гана, турмуштук   эпизод  эле…

Жазуучунун   сыналган  күчтүү  куралы- сөзү. Анын   калеминен  жаралган  кайсы  гана  макала, очерк, ангеме, повесть, эссе, драма  же  романдарын   албайлы, алардын   элибиздин  өтө  бай,  маныздуу  жана  жагымдуу  нукура  төл  сөзү  менен  жазылганын   моюнга   алышыбыз  шарт. Биздин  жеке  көз  карашыбызда, К. Сактановдун  чыгармачылык  бактысы-адабиятыбыз  адамдардын  акыл-эсине  өз бийлигин  жүргүзүп турган   совет дооруна  туш  келгендигинде  жатат. Тилкекке  каршы, бүгүн  бул  ролду —     саясатчылар, коомдук   ишмерлер, депутаттар, ар кандай  “коомдук  арстан  айымдар”, эксперттер,баяндамачылар,   көзү  ачыктар  ж.б.- өзүлөрүнө  алышып, адабият, маданият, искусство  болсо, экинчи  планга   чегинип  жаткандай   сезим  туулат…

Эл  жазуучусунун  өзгөлөрдөн  өзгөчөлөнтүп  турган  мыкты   сапаттарынын  бири деп, биз – анын   илбээриңки,токтоо,  кичи пейил, жөнөкөй  мүнөзүн, ички-тышкы  бийик маданиятын,тарткылыктуулугун, адамдарга  түшүнүү  менен  жылуу  мамиле  жасай  билгендигин  бөтөнчө  белгилеп  кеткибиз  келет.

К. Сактановдун адабият, маданият жана көркөм өнөрүбүздүн алдында сиңирген татыктуу эмгеги  мамлекет  тарабынан  акыйкат баага эгедер болуп, ага Кыргыз эл жазуучусу деген жогорку ардак наамы ыйгарылган. Мындан  сырткары, ал бир нече медалдар, ардак грамоталар, дипломдор жана төш белгилер менен  сыйланган.

Биз калкыбыздын каадалуу жазуучусу, бүтүндөй адабият, маданият руханий чөйрөбүздүн мыкты чебери Көчкөн Сактановду ушул 75 жылдык кутман курагы менен дагы  бир  саам  ак дилибизден куттуктап, ага адам пендеси каалаган  бардык   жакшылыктардын ыроолону  тилеп   кетебиз!

 

Т. Ишемкулов, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

 

10.07.2017.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here