Кечээ күнү “Ата-Журт” партиясы да айрым саясый партиялардан калбай, президенттик шайлоого карата өз курултайын улуттук филармонияда өткөрдү.  Келдибеков  адатынча атырылып, айды чапчып сүйлөдү. Укмуш деле өзөктүү нерсени айта албай, баягы эле майда-барат кептерди кошул-ташыл айтып,  ишке ашпас ойлорун ортого салды. Эң кызыгы  “Ата-Журттан” эки талапкер күздө өтө турган шайлоого катышары маалым болду. Ошондо бир жакадан эки баш чыкты десек болот. Алар Келдибеков жана Ташиев. Албетте, бул реалдуу нерсе эмес деңизчи. Бирок ошондой болсо да бул экөө азырынча саясый оюн кылып жаткан сындуу. Себеби, Келдибековдун соттулугу жоюла элек.  Кокус ушул маселеден улам аны БШК каттабай койсо, анда Ташиев чыгат. Ал эми Мадумаров бул экөөнө иш жүзүндө таарынып, өз алдынча ажолукка аттанып жатканы менен, эл көзүнө курултайга келип, катышып, баягы кооз сөздөрүн сүйлөдү. Эгер Адахам таарынбай турганда бир партиядан үчөө тең чыгып алмак  окшойт. Анда  эле үчөө үч башты ажыдаарга айланышмак да.

Булак:Багыт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here