Зарылбек мырза,  алгач ден-соолуңугузду сурайын. Инсульттан кийин мурунку  калыбыңызга келдиңизби?

—Андан бери 6 айдан ашты го. Мурда сүйлөгөндө өзүмдүн оюмду жакшы бере албай чарчап кыйнала берчүмүн. Азыр Кудайга шүгүр жакшымын. Кудайга тобо келтирем, ары барып эле, бери келдим окшойт. Врачтардын айтымында мен сыяктуу инсульт болуп жыгылгандардын 7 эле пайызы аман калат экен. Ошолордун бири мен болдум окшойт.

—Эми инсульт ар кандай кырдаалга жараша болот экен да. А сиздики эмнеден улам болду?

—Өзүмө ыраазы болбой кейиген учурларда пайда болсо керек. Анткени адамды кыжалат кылган оор учурлар анын психикасына катуу таасир тийгизет окшойт. Негизи эле адамдын инсульт болушуна мындан башка себептер көп эле болсо керек деп ойлойм. Кудайга ырахмат. Кайрадан элге аралашып, той-топурга бара баштадым. Бирок элдин  арасына көп отура албайм. Музыка жаңырса кулагыма жагымсыз угулгандыктан чыдай албай чыгып кетем. Андай учурларда той ээлери  “Зарылбек өзгөрүп калган экен. Тойдун аягына чейин отурбай калыптыр” деп жаман көрүшсө керек. Эми ден — соолугуң тууралуу элдин баарына эле айтып бере албайсың да. Учурда мурдагыга караганда жакшы эле сезип калдым. Эртең менен анан кечинде беш чакырымдай жөө басам. Чийки сууну көбүрөөк ичем. Диетаны катуу деле кармабайм. Көнүгүүлөрдү жасайм.

—Чыныгы достор ушундай учурларда билинет эмеспи. Бул тууралуу өзүңүз деле байкасаңыз керек…  

—Эми адамдар ар кандай эмеспи. Ошон үчүн бирөөсүнө да таарынгым келбейт. Башыңа өлүм коркунучу жаралган учурларда адамдарга болгон көз карашың да өзгөрүп кайсы досуң сага кандай мамиле жасагандыгы , ошол эле өзүңдүн бирөөлөргө эмнени айткандыгың, кимдер сени кантип колдонгондугу тууралуу анализ жасай баштайт экенсиң. Ооругандан кийин көп  китептерди окудум.

-Китептин сазайын берип,  саясаттан оолак болуп баарын салыштырып жатам деңизчи?

-Айтайын дегеним, азыркы биздин мамлекеттегидей кырдаал кайталанып турат окшойт.  Мисалы , “Сынган кылыч” тарыхый романын ала турган болсок Фергана өрөөнүндөгү  биздин ата-бабаларыбыз башынан дал ушундай кырдаал өткөн экен да. Ошону ойлогондо ар бирибиздин образыбыз көз алдыма тартылат. Андан тышкары Лениндин, Сталиндин учурундагы иштерди айтсак болот. Троцкийдин жасаган докладына салыштырып бүгүнкү күндөгү биздин айрым лидерлердин образын көрөсүң. Анан ошол мезгилдегидей көрүнүштөр кайталанып жаткан турбайбы деп ойлойсуң.

-Манас да кайра окуп, терең иликтеген чыгарсыз?

-Туура, Манас тууралуу менин өзгөчө ойлорум бар. Балким бул бирөөлөргө жагат, бирөөлөргө жакпайт.  Тарыхты карайлы, Манас бабабыз чачырап кеткен  кыргыз элинин башын бириктирип, ынтымакка чакырган да. А биздин өлкөнүн  башчылары анын мамлекеттик ишмердүүлүгүн кандай баалап жатат? Эгер Манас бабабыз өзбек же казак болуп калганда,  анда алардын мамлекет башчылары ага кандай мамиле жасашмак? Мен өз алдымча ушул тууралуу анализ жасап көрдүм. Ислам Каримов өлгөндө анын сөөгүн  Самаркандга алып барып коюшту.  Анын мүрзөсүнө күнүгө миңдеген кишилер барып сыйынып жатышпайбы. Акыры  арадан бир канча жыл өткөндөн кийин Каримов өзүнчө бир пайгамбар сыяктуу күчкө айланат да. Каримовдун күмбөзү Самаркандды көтөрө турган, ал тургай  бүткүл өзбек эле сый-урмат менен мамиле жасап  зыярат кыла турган тарыхый жай болуп калат. А биздин Манастын күмбөзүчү?

Дегеле учурда Манаска кандай мамиле жасалып жатат? Алдыда президенттик шайлоо келе жатпайбы. Келээрки президенттин инаугурациясы Манастын күмбөзүндө өтсө жакшы болот эле. Эми бул менин жеке оюм да. Ал жактагы көпүрөдөн Манастын күмбөзүнө чейинки аралык бир чакырым болот. Президент көпүрөнүн башынан түшүп Манастын күмбөзүнө чейин жөө басып өтүүсү керек. Жолдун эки тарабынан республиканын ар тарабынан келген делегаттар тизилип, президент өтүп бара жаткан учурда манас айтылып,  төкмө акындар ырдап, добулбастар кагылып, президентте Манастын күмбөзүнө жеткиче жоопкерчиликти алган коркуу сезими пайда болуп, башына башкача бир ойлор келет эле. Президент Манастын күмбөзүнө жеткенден кийин куран окулуп бүткөн соң, кайра Манастын кырк чоросу менен турган эстеликтердин жанына келип өзүнүн бала-бакырасынын, ага-туугандарынын, жети областтан келген аксакалдардын алдында  “Туура эмес иштерди кылсам Манас атамдын арбагы урсун!- деп  ант берүүсү керек. Анан жылына болбосо да, айрым учурда элге ошол жерден кайрылуу жасап туруусу керек. Ислам Каримовдун сөөгү Самаркандга коюлганы  тууралуу жогоруда айтып өтпөдүмбү.  Эми баарыбыз эле акыры жүрүп акка моюн сунабыз да. Дегеле эл үчүн учурунда татыктуу иштеп берген президенттер кийин көзү өткөндө сөөгү  Манас бабабыздын күмбөзүнө жанына жакын жерге коюлушу керек. Эми мындайча айтканда шайланган президент алты жыл Манастын ролун аткарат да. Президент дегенибиз менен биз Манасты шайлап жатпайбызбы. Кыргыздын атын ааламга тааныткан Чыңгыз Айтматовдун сөөгү Манастын күмбөзүнүн жанына коюлса туура болмок эле болмок. Бул менин жеке оюм.  Көрсө, керээзи боюнча сөөгү атасынын жанына коюлган экен. Ал кишинин ашы Дасмия ресторанында өттү. Ал жерге колунда да бар бир сары чал өтсө деле 600-700 киши чакырылып ашы берилип жатпайбы. Чыңгыз агабыздын ашы андай деңгээлде берилбеши керек эле. “Басмайылдын жакшысын ээси билбей, ат билет, Эр жигиттин мыктысын эли билбей, жат билет”-, деген кыргыздын бир жакшы макалы бар. Чыңгыздай инсан дагы качан төрөлөт? Азыркы президент боло турган талапкерлердин арасында Манас боло тургандары барбы? Биздин Атамбаев алты жылдын ичинде Манас боло алдыбы? Эгер Манас боло алса ким анын  Бакайы? Ким анын Кошою? Ким анын Алмамбети? Ким анын Сыргагы? Ошолор Атамбаев президент болгонго чейин бар беле? Эгер болсо бүгүн алар кайда?

Маектешкен: Айбек Шамшыкеев.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here