Ырчы Анжелика кечөө күнү спорт сарайында жардамга муктаж адамдарга арнап концерт өткөрүп, анын жыйынтыгын элге отчёт катары жарыялады. Кайрымдуулук маселесине кайдыгер карабаган эл журт Анжеликанын бул аракетине жылуу пикирлерин билдирип , батасын берүүдө.Төмөндө ырчынын отчётун бирге окуйлу

«Концерт ɵзүнɵ терең маанини камтыган “Жашасын Махабат” деген аталыштын алдында ɵткɵрүлдү. Суротто Махабат жана апасы Нуру эже.
Бактылуу Айым – теледолбоор тарабынан уюштурулуп жаткан биринчи концерт болду,бирок турмуштун оор кырдаалына туш болгон телепрограммага катышкан каармандарга берилип жаткан жардамдардын алгачкысы эмес. Бул теледолбоор кыска мезгилдин ичинде долбоордун каармандарына 1 млн. сомдон ашык акчага жардам кɵрсɵтүлүп, 20дан ашык түрдүү компанияларды элге тааныштырып жана жеке адамдарды тарта алды. Программанын дарегине социалдык аз камсыздалган топтон жардам сурап кайрылган аялдардын саны күн санап ɵсүүдɵ
“Бактылуу Айым”-долбоору 1-жашта аталышы менен концертте 648,000 сом акча чогулуп,толугу менен Махабатка берилди.5 саатка созулган концерт элдин купулуна толуп,коптогон белектер менен аяктады.
#анжеликабекболиева #бактылууайым
ПыСы.Жаманымды жашырып,жакшымды айтчу инсандар чыгаар.Аллах таалам учун бардыгы!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here