— Адыл мырза,  алгач окурмандарга маалымат катары айтсак, сиз бир топ жыл  райондогу Байзак деген чоң айыл өкмөттүн башчысы болдуңуз. Андан кийин акимдин биринчи орун басары болуп иштедиңиз. Акимдик кызматка келгениңизге 1 жылдан ашыптыр. Бул убакыттын ичинде кандай иштерди аткара алдыңыз   Жасалып жаткан иштер боюнча кененирээк айтып берсеңиз?

— Аким болгонума 1 жыл эки айдан ашты. Мен бул убакыттын ичинде бул иштерди бүтүрүп, тоону томкоруп жибердим деп айтпайм. Мен сөздү кичине алыстан баштап,  2013-жылы улуттук стратегияда бекитилген иштерден бир аз айтсам. Ошол стратегиянын алкагында биздин облустун жетекчилиги да 2013-2017-жылдарга стратегия кабыл алынган,  ага байланыштуу максат кылынган бир топ иштерди аткардык жана аткарып жатабыз десек болот.  Мурунку акимибиз  Адылгазы Исагулов да бир топ иштерди жасап кетти, аткарылбай калган иштерди эми биз улап жатабыз. Жакында эле  биз   облус боюнча тиешелүү адамдардын катышуусу менен Жумгалдын Кабак айыл өкмөтүндө кезектеги отчёттук жыйыныбызды өткөрдүк. Акыркы 4 жыл аралыгында район боюнча 532 млн. сомдук иш пландалган болчу, анын 420 млн. сомдук иши аткарылып, көрсөткүч боюнча 78 пайызды түздү. Андан тышкары, жол карта боюнча 2013-2017-жылдардын аралыгында 1 млрд.  50 миң сомдун тегерегинде иш-чаралар аткарылды.  Ал эми мен аким болгондон бери мурун башталган иштерди аягына чейин чыгарганга аракет кылып жатам. Учурда райондо 3 мектеп салынып жатат, атап айтканда  Жаңы –Арык айылында 2, Чаекте 1 мектептин курулушу жүрүп жатат.  Ушул эле Жаңы-Арык айылына да жол куралы деп  жатабыз. Райондун борбору Чаектин ички жолун 18 млн. сомго оңдоп-түзөгөнгө аракет кылуудабыз. Республикалык бюджеттин  Стим грант боюнча 6 айыл өкмөттөн долбоорлор жазылып, жалпысынан 21 млн. сомго абдан зарыл деген ар кыл тармактагы иштерди аткаруу пландалды. 21 млн. сомдун 3 млн. сомун эл салым кылып  чогулат, калганы бюджеттен берилет.  Облус боюнча стрим грантты биз эң көп алыптырбыз, себеби, Ак Талаа району быйыл ала албай калышыптыр. Маалымат катары айта кетсек, Жумгалда акыркы 4 жыл аралыгында   ар кыл тармак боюнча чакан 49 ишкана ачылган. Тейлөө, өнөр-жай, айыл-чарба ж.б. багыттардагы ишканалар экенин айта кетели.  Ошондой эле Чаекте союз жылдары эле салынып баштап, токтоп калган  чоң спорт комплексин бүтүрүү ишине киришип жаткандыктан бул ишке биз да аракет кылып,  акча бөлүп жатабыз. Өздүк салым ж.б. деген бар. Мындан тышкары, районго жаңы театрды Чаек аймагына, тагырагы Түндүк-Түштүк жолунун боюна  салуу чечимин кабыл алганбыз. Ал эми райондун ичиндеги Калык Акиев атындагы эски театрды оңдогонго болбойт, ал бузулат.

АРИС менен кандай иштешип жатасыңар.  Мурун Жумгал  району АРИС менен жакшы иштеше албай, бир топ жакшы долбоорлорду бүтүрө албай калганы айтылды эле. Бул маселе боюнча абал кандай, мындай абалдан чыктыбы? Себеби, алыскы райондорду өнүктүрүүдө АРИСтин орду чоң эмеспи…

-Туура айтасыз. Азыр сиз айткандай АРИС  менен иш бир аз аксаган учурлар болгон. Андай кемчиликтер  акыркы жылдары жоюлду десек болот. Жалпылап айтканда 50 млн. сомдон ашуун акча каражатын өздөштүрүп жатабыз.  Бул акчалар мал чарбасын жакшыртуу үчүн ветерианардык тейлөө мекемелери салынууда. Жакында Түгөл-Сай айыл өкмөтүндө салынып жатат.  Ошол жер борбор болот.  8 оор техника (эксковатор, погрущик ж.б.) алып жатабыз, жайыттарга жол салуу багытында долбоорлор. Жылдын аягына чейин райондогу бардык 13 айыл өкмөттөрдө ветерианардык клиникаларды салып бүтүрүү иши колго алынууда. Бул иштин баары толук, талапка ылайык аткарылса,  жакшы жетишкендик болот десек болот. Мен айтып жаткан жакшы иштердин баарына Жумгал районунан шайланышкан депутаттар Абтандил Кулбараков,  Жыргал Турускулов, Алмамбет Шыкмаматов, Канат Керезбеков, мамлекеттик кызматтарда иштеп жана коомдук ишмерлер болуп жүрүшкөн Канат Муратбеков,  Нурбек Сыдыгалиев, Айдар Осмонов, Илим Карыпбековдор да өз салымдарын кошуп, жардам кылып жатышканын ыраазычылык иретинде айта кетишим керек.

Нарын облусу, анын ичинде Жумгал району да дотацияда олтурат да. Дотациядан чыгууга мүмкүнчүлүк барбы?

-Негизи жакынкы жылдарда Жумгалдын 4-5 айылын дотациядан чыгаруу планыбыз бар. Акыркы жылдары 4 айыл өкмөт өзүн өзү камыз кылып калган. Бирок  сатуудан алынган салык маселеси бошотууга жатып калды, эгерде акчаны которуу жолу менен иштешсе… Ошондон улам сатык боюнча  салыктар айыл өкмөттөргө түшпөй калды. Акыркы 6 айда биз жалпысынан бул маселеде 11 млн. сом жоготттук.  Өзүңүз билесиз биздин көмүр казган ишканалардын бир тобу Бишкектеги Жылуулук борборуна көмүр ташышат да…Быйыл Байзак айыл өкмөтүн дотациядан чыгардык, былтыр Кабак , Чаек айыл өкмөттөрүн чыгарганбыз. Эмки жылы Кабак айыл өкмөтү менен Миң-Куш айыл өкмөтүн чыгарууну максат кылып жатканбыз. Тилекке каршы жогоруда айтылган сатуудагы салык алынып салгандыктан, кайра дотация көбөйүп жатат. Азыр Жумгалда дотациянын өлчөмү 48 пайызды түзөт.

Жумгал  “кара алтын” деп аталган көмүрдүн мекени эмеспи.  Көмүр өндүрүү  маселеси боюнча канда иштер жүргүзүлүп жатат?

-Өзүңүз жакшы билесиз, биздин район респулика боюнча көмүр өндүрүүнүн жергеси болуп эсептелет.  Буга чейин райондо, тагырагы Кара-Кече менен Миң-Кушта 14 ишкана иштеп келсе, эми дагы 3 ишкан кошулуп жатат. Көмүр өндүрүү да жыл сайын көбөйүүдө. Маселен, былтыр кышкы сезонго 774  миң тонна көмүр өндүрүлдү. Мурунку жылы  600 миң  тоннадан ашык көмүр казылган болчу. Буюрса, быйылкы жылга  900 миң тонна көмүр өндүрүүнү максат кылып жатабыз.  Былтыр май айында Жумгал районунун Өнүктүрүү  фондун түзгөнбүз. Бирок мыйзамдарда ишканалар ал фондго төкчү акчаны өз ыктыярлары менен төксүн деп жазылып калган. Демөөрчүлөр жыл сайын 100- 150 миң сомдон ал фондго төгүп турушат, бул жагын сүйлөшүп алганбыз.  Азыр чогулта баштадык. Андан тышкары,  соцпакет катары да 1300 тонна бекер көмүр беришет, аларды соцмекемелерге, мисалы ар бир айыл өкмөткө 70-80 тоннадан таратабыз. Чоң айылдарга  Кызарт, Чаек, Байзак айылдарына 150 тоннага чейин берилет.

-Миң-Куштагы уран калдыгы, радиация боюнча бир көйгөй миң көйгөйгө тете экени белгилүү. Элди көчүрүү, көчүрбө сыяктуу ар кандай маселелер  айтылып келет.  Бул маселе боюнча толугураак маалымат  айтасаңыз?

— Чынында Жумгалдагы башка көйгөйлөр бир тең, Миң-Куштагы көйгөй бир тең да. Дайыма биз  ал көйгөйдү чечүүгө аракет кылып келебиз. Бирок биздин күч жетпейт экен. Миң-Куш көйгөйү бул мамлекеттик көйгөй да, мамлекеттик чоң маселе болуп калды. Союз жылдары Миң-Куштун атагы укмуш чыгып турганда 13- 15 миңдин тегерегиндеги эл жашачу. Азыр кетип, көчүп олтурушуп, 3000-3500дөй адам жашап келет. Мамлекет тарабынан ал жактагы көйгөйлөрдү  чечүү үчүн жакшы эле иш-чаралар пландалган. Өз кезегинде Россиянын да “Росатому” бизге кол сунуп, Миң-Куштагы уран калдыктарын жоюга каржылык жактан жардам беришерин билдирген болчу. Алыр бул боюнча ал өлкөдө тендер өтүп жатканы боюнча бизге кат келди. Күз айында иштерди башташат экен. Бизден алар жүргүзө турган иштерге (техникалык жолдорду салуу ж.б. иштерге) тоскоолдук болбой турган шарттарды түзүп беришибизди суранды. Жалпысынан 3 млрд. рублдин терегиндеги иштерди аткарышат, буюрса. Туюк-Суу деген жердеги уран калдыгы толугу менен көчүрүлүп, башка жакка көмүлөт. Бизге эң коркунуч туудуруп жаткан жер ушул Туюк-Сууда. Анын жанында эле 20дан ашуун эл жашайт. Тоонун түбүнөн суу агат, тоо болсо улам жарака кетип, бери жылып жатат. Эгер тоо көчүп кете турган болсо, ал аз эмес, сууну бөгөп калат да, суунун жанында эле бир нече гектар жерде турган уран калдыгын каптайт. Андан ары эл жашаган үйдү каптап, Көкө-Меренге, андан ары Нарын дарыясына уранду суу куюлуп калышы мүмкүн да. Ошондуктан бул ишке терең көңүл бурбасак болбойт. “Росатамдон” тышкары, Еврокомиссияда 3 млн. евро каралып жатат. Буюрса, жыйынтыгы чыгып калды. Ал акчага бир кезде уран казылып алынган  шахталардын оозу жабылат, мурун калып калган рудалар тазаланат, түздөлөт. Айтор, бул иштер аткарылса, жашоого  толугу менен коркунуч туулбай калат. Азыр Миң-Кушта 8 ишкана көмүр казат. Кудай буюрса, Миң-Кушка  (кире беришиндеги Сары-Булуң деген жерге)ТЕЦ куруу боюнча чоң долбоор ишке ашып калат деп да үмүт кылып турабыз.  ТЕЦ курулуп калса, буйруса, миңдеген жумушчу орундары  түзүлөт. Андай болуп кала турган болсо Миң-Куш элине жумушка орноштуруу маселесинде өзүнчө, атайын квота каралат.

Маектешкен: Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here